"Абактагы адамдын коопсуздугуна мамлекет жоопкер"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев УКМК абагында каза болду. Аны 18-июнда түнкү саат бирге жакын абактын кызматкерлери асынып турган абалда тапкан. Маркумдун жакындары банк кызматкеринин өз жанын кыйганына ишенбейт.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков Асанбаевдин өлүмүнө байланыштуу "Азаттыкка" маек курду.