Зомбулукка каршы күрөшкөн эже-сиңди
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкекте бир тууган эже-сиңдилер зордук-зомбулукка каршы инсталляция даярдашты. “Колдор” деп аталган инсталляцияга ар бир көрүүчү кирип, коомдогу кыздар кабылган басымды сезсе болот. Авторлордун айтымында, мындай эмгекти жаратууга быйыл 8-мартта Бишкекте болгон тилектештик жүрүшү себеп болгон. Анда милиция аялдардын укугун коргоп чыккан активист кыздарды кармап кеткен.