Азап тарткан аялдарга иш берген борбор

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад шаарында социалдык колдоого муктаж жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жапа чеккендерге жардам берүү максатында “Каниет” реабилитациялык борборунун алдында кийим тигүүчү цех ачылган. Учурда ишканада 30га чукул айымдар эмгектенип, күнүмдүк кем-карчына жете турган акча табууда.