Аялды кордоп жатса билмексен болбоңуз

Кыргызстанда 2020-жылдын жарымында эле 2019 зомбулук фактысы катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 65% көп экенин ИИМ билдирди.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу карантин маалында үй-бүлөлөрдө аялдар кабылган зомбулуктун көрсөткүчү да дээрлик 70% өскөнү расмий маалымдалган.

Гендердик зомбулукка каршы өнөктүк Кыргызстанда 25-ноябрда башталды. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк агартуу өнөктүгү Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен дүйнөдө жыл сайын өткөрүлүп келет.

Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу өнөктүгү 25-ноябрдан 10-декабрга – Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө чейин созулат.

Адистер 112 же 102 номуруна зомбулукка кабылган аялдар гана эмес, кыз-келиндер кордолгон окуядан кабардар бардык адамдар кайрылышы керектигин белгилешет.

Эскертмени «Айкын багыт» коомдук фонду «Коопсуз үй» маалымат өнөктүгүнүн алкагында USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу аркылуу иштеп чыккан. 

"Айкын багыт" коомдук фонду "Коопсуз үй" маалыматтык өнөктүгүнүн алкагында зомбулукка кабылган кыз-келиндерге кеп-кеңеш даярдады.