Зилзалада ок атпай турсак болот беле?

Газиантеп, Түркия. 7-февраль, 2023-жыл.

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Түркия менен Сириядагы катуу зилзаланын кесепети оор болду. Үйлөр кыйрап, жер жарылып, миңдеген кишилер курман болду, маркумдардын саны 40 миңден ашты. Урандылардын астынан аман калгандарды табуу иштери күн-түндөп жүрүп жатат. Дүйнө калкы, анын ичинде Кыргызстан боордош өлкөгө жардамын берүүгө шашылды.

Жер катуу титиреген аймактарда, өзгөчө Кахраманмараш Газиантеп, Адана сыяктуу шаарларда абал өтө оор. Түркия менен Сириянын миңдеген жарандары азыр көчөдө калды, аларга кийим-кече, тамак-аш, чатырлар жетишпей жатат. Электр энергиясы жетишсиз, уюлдук байланыштар иштебей, жолдор бузулуп, азык жетпей, эл кыйын кезеңди баштан кечирүүдө. Сирияда абал ого бетер начар, бул мамлекетте жарандык согуш, куралдуу жаңжал он чакты жылдан бери токтобой, эли азап тартууда, эпкини дүйнөгө тийүүдө.

Зилзаладан жабыр тарткан өлкөлөрдүн калкына азыр жардам өтө керек. Албетте, эки өлкөнүн эли трагедия менен жалгыз калбайт, дүйнө эли колдоосун көрсөтөт. Бирок маселенин башка, моралдык жана саясий жагын айткым келип туру.

Дагы караңыз Кайдыгер коом "ажыдаарды" ойготот

Дүйнө өз башынан 14 миң согушту кечириптир. Окумуштуулардын “адамзаттын тарыхы – согуштардын тарыхы” деген аныктамасын четке кагуу кыйын. Швейцариялык окумуштуулар беш жарым миң жыл ичинде (б.з. ч. 3500-ж. – б.з. 2000-ж.) адамзат жалпы суммардык мааниде болгону 292 жыл гана тынчтыкта жашаганын эринбей эсептеп чыгышкан.

Адамзат ХХ кылымда эле эки дүйнөлүк согуштун азабын тартты, запкысынан али арыла элек. Саясатчылар менен аскер башчылар киши убалынан корко турган эмес. Ошол согуштардын басымдуусунун түпкүрүндө материалдык, саясий, экономикалык, а тургай инсандардын жеке кызыкчылыктары, инсандык кумары, падышалардын, саясатчылардын, соодагерлердин, дин ишмерлеринин жеке кусаматы жатты.

Насили согуш жаңы доордо конфликт, жаңжал, кагылышуу, контр “баланча” өңдүү түркүн, ал тургай экзотикалык аталыштарга ээ болду. Согуш деп окумуштуулар, тарыхчылар, журналисттер, адистер, карапайым эл атайт. Мамлекет башчылары, расмий төбөлдөр соңку кезде согушту согуш дебей калганын байкоого болот.

Украинада Москва "атайын операция" атаган, Батышы куралдуу агрессия, аннексия эсептеген согуш жүрүүдө. Бир жыл болду, сээлдеп барып басылат го десек, эми күчөп, бирин бири кыйноонун жана кыруунун улам жаңы айласын таап отурушат.

Зилзала - жаратылыш кырсыгы, улуу табияттын кылганына айла жок, биздин эркибизден тыш нерсе. Не максат, кандай зарылчылыктан улам, кай мүдөө көздөбөсүн, согуш адамдын колундагы иш. Албетте, ар кандай согуш - бул азап-тозок, чыгым, өлүм-житим, курмандыктар, жоготуулар, зордук-зомбулук, трагедия. Катышканы, каза тапканы, кубалаганы, качканы, атканы, атылганы, жакындарынан, оокатынан, ырыскысынан, бактысынан айрылган, айтор азап чеккени эл. Бирок ар кандай согушту эл баштабайт, эл мындай учурда алааматтын курмандыгы. Согушту баштагандар элдин атынан сүйлөгөндөр.

Суроо-сопкуту жок эле пенделерди жараткан берген жашоодон айырып, адамдардын кудай буюрган өмүрүн алган буйрукту башчылар берет. Башчылар баштайт согушту. Жаратылыш кырсыгы алеки заматта аяктайт, киши баласын узак убакыт бою киши гана кырат.

Түркия менен Сирияда жер титиреп, журттун башына эбегейсиз мүшкүл иш түшүп, зилзала миңдеген кишинин өмүрүн алып турган чакта кишилер бирин бири кырганды токтото турса болбойбу?!

"Ээн талаа, эрме чөлдө энөө пацифист нени дөөрүп отурат" дечү рационалисттер эсепсиз көп чыгар. Кандай ойлосо, өздөрү билсин, алардын иши. Кокус ушул макаланы чыдамы жетип аягына чейин окуган бирди-жарым аркылуу башкаларга жетер изги ниет.

Дагы караңыз Адегенде аң-сезимдеги ыштан арылалы

Биринчи дүйнөлүк согушта Иса пайгамбардын туулгандыгынын урматына майрам күндөрү (Рождество) бирин бири аткылаган жоокерлер ок атууну токтотушкан. 1914-жылы кыш чилдеде кол башчылар каршы болгонуна карабай, калың жоокер өз бетинче кыска убакытка тынчтык орнотуп алышкан. Келишим деле жок, согушту баштаган императорлор менен падышалар, аскер башчылары каршы, бирок карапайым жоокерлер баарына кайыл болуп, өзүнүн да, өңгөлөрдүн да адам экенин, өзүнүн жашоосу кымбат, өңгөлөрдүн да өмүрүн алууга акысы жок экенин эстеп, тынчтык эңсеп, кишини киши өлтүрүү ишинен, эркинен тыш таңууланган милдеттен саамга тыным алышкан.

Олимпиада оюндары убагында согуш токтотулчу, адатта. Ушул салт дайыма жана мүлдө башчылар тарабынан кынтыксыз сакталбаса да эмдиги доорго чейин жеткен баалуу мурас. Спорт оюндары акыры трагедиядан артык эмес го.

Түркия менен Сирияда жер титиреп, эл шорлоп, муңга батып турган чакта не орус бийлиги, не украин башчылары кур дегенде убактылуу тынчтык жарыялаганы жок. Ааламдын тагдырын чечем деген лидерлердин боордошторубуз жапа чегип жатканда бир азга болсо да согушканды кое тургулачы, зилзаладан каза тапкандардын сөөгү жерге берилгенче шүк туралы деген кепти уга албадым. Маркумдардын сөөгү муздаганча, арбагы саамга тынч жатсын, жакындарынан айрылгандардын ыйы басылганча бириңди бириң кырганды токтото тургула маанисинде сунуш угулбады.

Украин президенти Зеленский мырза Европага барганда бирди-жарымы балким айткан чыгар, асты медиа мейкиндикте андай маалымат кездешкени жок. Орус президенти Путин мырза деле ичте-тышта тынбай жолугушууларды өткөрүп жатат. Арийне, согуш эмес, атайы операция болсо, операцияны токтото турууга болот эле го. Түркия түрк тектүү элдердин боордошу. Орусияда түрк тектүү элдер аз эмес. Боордоштук сезими кыйын. Гумандуулук менен саясат эзелки душман болгон күндө да саясий, электоралдык кызыкчылыктан улам деле кантип ишарат кылынбасын. Кашайып, айтпаса керек эч кимиси, болбосо чүчкүрүп койгонун орошон иш катары даңазалаган саясатчылар эбак жар салат эле. Айтыла элек окшойт мындай кеп. Тескерисинче, лидер атанган, элита эсептелген, азыркы кызматтагы башчылар согуш, куралдануу, жайлайм, кырам, талкалаш керек деген агрессивдүү риторикасын азайтканы жок.

Дагы караңыз Зомбулукту актоо артындагы коркунуч

Эми да кеч эмес. Кур дегенде ушул азыр муң-зарга батып турган Түркия кечээ эле орус-украин согушунда ортомчу болом деп убара тартып, дан келишимине колун сунду эле, Сирия калкы ансыз деле канга боелуп, кыйналып келди далай жыл, эми минтип муңдап турат деген сөз чыкканы оң болмокчу. Ушундай шартта эки тарап убактылуу тынчтык жарыялап, ок атканды токтото туралы дегенге неге болбосун. Албетте, эң сонун болот. Гуманитардык, саясий, айтор кай жагынан болбосун изги иш, жоопкерчиликтүү кадам, моралдык милдет экени талашсыз.