Ал арада айрым басылмалар өз булактарына таянып, атайын кызмат ЖЭБге көмүрдү тендерсиз сатып алууга байланыштуу кылмыш ишин козгогонун жазып чыгышты. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) менен "Электр станциялары" ишканасы төгүндөп же жокко чыгара элек.
Расмий маалыматка ылайык, ЖЭБге күз-кыш мезгилинде 1 миллион 200 миң тонна көмүр алуу жөнүндө келишим түзүлгөн. Аталган борбордун Отун-транспорт цехинин башчысы Эрмек Аманалиев 9-февралда анын теңинен көбү ташылып келгенин, бул кыштан чыгууга жетерин, сапаты талаптарга жооп берерин билдирди.
"Мунун 550 миң тоннасы - импорттук көмүр ("Шабыркүл"), Казакстандан келет, ал эми 650 миң тоннасы - жергиликтүү көмүр, Кара-Кечеден жана Таш-Көмүрдөн келет. Бүгүнкү күндо 391 миң тонна чет элдик көмүр, 350 миң тонна жергиликтүү көмүр – жалпы 741 миң тонна көмүр ташылып келди. Суткасына төрт миң тонна көмүр жагылып жатат. Көмүр кампаларыбызда 293 миң тонна бар. Бул көлөм кыштан чыгууга жетет. Ошондой эле күнүнө жадыбал боюнча вагондор менен көмүр келип жатат".
Мунун алдында Бишкек ЖЭБине көмүр тендерсиз сатып алынганына байланыштуу УКМК кылмыш ишин козгогону тууралуу маалыматтар чыккан. "Кактус медиа" басылмасы күч түзүмдөрүндөгү өз булактарына таянып, Казакстандан көмүр 3 миллиарддан ашык сомго түз сатып алынган жагдай териштирилип жатканын билдирген. Ошондой эле ЖЭБдеги ири кырсыктан бир күн мурда УКМКнын кызматкерлери тинтүү жүргүзгөнүн жазган.
Буга байланыштуу атайын кызмат азырынча комментарий бере элек. "Электр станциялары" ишканасы дагы ал маалыматты төгүндөп же ырастаган эмес. "Азаттык" бир канча жолу аракет жасап, комментарий ала алган жок.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Былтыр жайында "Электр станциялары" ишканасы ЖЭБге кыштан чыгууга керектүү көмүрдү тендерсиз "Гефест инновациялык компаниясы" аркылуу түз сатып алуу үчүн келишим түзгөн. Анын алдында тендер жарыялап, ага аталган компаниядан сырткары казакстандык "Джетта Строй ЛТД" компаниясы да катышкан. Энергетика министрлиги түз сатып алынган жагдай тууралуу түшүндүрмө берген эмес.
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, "Гефест инновациялык компаниясынын" башчысы Болотбек Абиров - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абировдун атасы. "Азаттык" соңку жагдайга байланыштуу алар менен байланышканга аракет кылды, бирок Жаныбек Абиров түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.
Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев Болотбек Абировдун компаниялары буга чейин дагы ЖЭБге көмүр ташып келгенине, бир катар чуулуу окуяларда, коррупциялык иштерде аты аталып жүргөнүнө токтолду. Ал Абировдун компаниясы ЖЭБге баасы кымбат көмүр алып келгенин билдирди:
"Бул жерде "Прогресс компани", "Рассвет компани", азыркы азыркы "Гефест инновациялык компаниянын" дагы негиздөөчүсү менен директору Болотбек Абиров болуп жатпайбы. Ал ЖЭБге 550 миң тонна көмүрдү 5 миң 900 сомдон алып келебиз деп кол койгон. Көмүр ташып келүүдөгү коррупция тууралуу биз он жылдан бери эле "Азаттык" жана башкалар аркылуу маселе көтөрүп келебиз. Тилекке каршы, бул көрүнүш кайта эле уланып жатат. Былтыр май айында "Электр станцияларында" тендер болуп, ага эки компания катышкан. "Джетта Строй ЛТД" 550 миң тонна көмүрдү 2 миллиард 885 миллион сомго деген. "Гефест" болсо аны 2 миллиард 900 миллион сом болот деген. "Джетта Строй" сунушун 35 миллион сомго арзан берген. Ошондо президенттин администрациясынын өкүлдөрү баш болуп кирген комиссия түзүлгөн. Комиссиянын төрт мүчөсү "Джетта Стройго", калган үчөө "Гефестке" добуш берген. Бирок буга карабай "Гефесттен" түз сатып алуу тууралуу келишим түзүшкөн. Бул жерде түздөн түз коррупция бар. Азыр ошонун баарын карап чыгуу керек".
Умбеталиевдин божомолунда ЖЭБдеги кырсыкка көмүр дагы себепкер болушу мүмкүн:
"Стратиялык объекттеги авария энергетика тармагында чоң-чоң коррупциялык жолдор дагы деле уланып жатканын дагы бир жолу тастыктап койду. Энергетика министри кырсык буу казан цехинде болгон, ошол жерде 14-буу казан ишке киргизилип жаткан деген божомолду көтөрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо жарылуу көмүрдү майдалаган тегирменде болгон деп жатат. Мен көмүр тармагындагы ишканаларда жетекчилик кызматтарда көп жыл иштегем. Ошондуктан Кыргызстанда, Казакстанда жана Орусияда көмүрлөр кандай экенин жакшы билем. ЖЭБде көмүр, жаратылыш газы жана мазут колдонулат. Мазут күйөт, бирок жарылбайт. Ал эми ЖЭБдин тегирменинде газ колдонулбайт, ал жакта көмүр гана болот. Майда көмүрдүн чаңынан улам жарылуу болушу мүмкүн. "Шабыркүл" көмүрүндө 47-48% учуучу зат болот. Учуучу зат, биринчиден, өтө зыяндуу. Экинчиден, кооптуу. Эгер көмүр чоң көлөмдө, чоң басым менен жагылса, анда тарсылдап, анан жарылуу болушу мүмкүн. Ошондуктан мен Казакстандан келген "Шабыркүл" көмүрү себеп болушу мүмкүн деп болжолдоп жатам. Эгер майда көмүрдүн айынан жарылып кеткен болсо, алдын алуу чаралары көрүлгөн эмес. Аны улам тазалап туруу керек болчу. Садыр Жапаров кырсыкка байланыштуу мамлекеттик комиссия түзүлөт деди эле. Бирок мекемелер аралык гана комиссия түзүлүп, териштире баштады. Ал комиссиянын курамына кимдер киргенин дагы жарыялашкан жок. Ал жакта кышка даярдыкка жооптуулар кирген, ошондуктан алар толук кандуу жыйынтык чыгарышы да күмөн".
Апта башында Жогорку Кеңештин тармактык комитети ЖЭБдеги кырдаал тууралуу маалыматты уккан. Аталган комитеттин төрагасы, депутат Кундузбек Сулайманов анда көмүргө байланыштуу суроолор болбогонун белгилеп, мекемелер аралык комиссиянын корутундусун күтүп жатышканын билдирди:
"Мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыгын жарыяламайынча мен эксперт боло албайм. Биз азырынча көмүр тууралуу талкуулаган жокпуз. Комиссиянын жыйынтыгын угабыз. Ошондон кийин гана талкуу болот. Мекемелер аралык комиссиянын курамына депутаттар дагы кирсин деген сунуш болду. Азырынча кимдер кирери чечиле элек".
Парламенттин тармактык комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Мирлан Самыйкожо болсо буга чейин айтылып келген "көмүр мафиясы" деген ат менен белгилүү жагдайга токтолду.
"Бул башынан бери эле келаткан мафия экенин жалпыга маалым, жергиликтүү эл да билет. Бирок бүгүнкү күндө көмүр маселесине келгенде аны чечүү жолдорун карашыбыз керек. "Кыргызкөмүр" азыр кантип жетишип жатат, лицензияларды кантип алып жатат, техникалары толук иштеп жатабы, алар казган көмүрдүн көлөмү жеттиби деген толгон-токой суроолор бар. Биз суроолордун баарын Жогорку Кеңештен, комитеттен берип, бирок анык жооп ала албай жатабыз", - деди Самыйкожо.
Кыргызстанда кыштан чыгуу үчүн жалпысынан 3,2 миллион тоннадай көмүр керек. Анын теңин борборду электр энергиясы менен камсыз кылган Бишкек ЖЭБине сарпталат.