Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети соңку айларда "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) бир топ активдүү мүчөсүн кармаганын билдирди.
Мунун өзү уюмдун ишмердүүлүгү жанданганынан кабар береби? Өлкөдөгү диний абал кандай? Ушул жана башка суроолорду Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Жолборс Жоробеков менен талкууладык.
- Мен 2000-жылы өкмөткө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектегем. Ошол учурда абройлуу диниятчылар бар болчу. Мисалы, Саипжан каары Куранды которгон. Мен андан бир жолу "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) мүчөлөрү менен жолуктурууну өтүнгөм. Буга ошол учурларда Орусиянын “Комсомольская Правда” гезитине чыккан макалалар себеп болгон.
Анда "хизбутчулар" менен сүйлөшсөң кантип азгырылганыңды билбей каласың" деп жазышкан.
Саипжан каары менен сүйлөшкөндөн кийин мени менен эки жигит жолугууга макул болуптур. Албетте, жолугушууга чейин атайын кызматтарга маалымат берип, кайсыл жерде, кандай шартта жолугушуу болорун кабарладым. Алар зарыл делген чараларын көрдү болушу керек.
"Хизбутчулар" менен көпкө сүйлөшүп отурдук. Билимдүү эле жигиттер экен, бирок "максатыбыз - халифат куруу" дешет. Айланайындар, андай маселе жок. Халифат болбойт десем ынанышпайт. Тескерисинче, мени ынандырууга аракет кылат.
Мен буларды эмнеге айтып жатам? Булар деген андан мурда деле, кийин деле жашыруун түрдө бир топ иш алып барышты да, иштеп жатышат. Качан гана мамлекетте будуң-чаң болгондо, бийлик алсырай түшкөндө баш көтөрүшөт. Карап көргүлө, мамлекеттик бийлик күчтүү өлкөлөрдө дымы чыкпайт. Бизде мамлекеттик бийлик алсыздыгы, элибиздин ислам тууралуу түпкү сабатынын жоктугу булардын идеясына азгырылууга шарт түзөт да.
Дагы караңыз Өспүрүмдөр менен аялдарды азгырган "хизбутчулар"- Мындай эстремисттик уюмдарга азгырыкты көп учурда диний сабатсыздыкка байлап келебиз. Башка дагы кандай себептер бар?
- Албетте, башка дагы себептери бар. Бизде "дин мамлекеттен ажыратылган" деп айтылат. Бирок өз аймагында болуп жаткан нерселердин баарын мамлекет ирээтке салып, көзөмөлдөп турушу керек.
Динди мамлекеттен ажыратуу деген эмне? Мамлекет канча маал намаз окуу керек, кайсыл аятта эмне айтылган, Меккеге канча жолу барат деген диндин жөрөлгөлөрүнө аралашпайт. Бирок мамлекет дин ишмерлери кандай ишмердик жүргүзүп жатканына көз салып турушу керек.
Тилекке каршы отуз жыл ичинде биз диний интеллигенцияны өстүрүп, калыптандыра албадык. Дин таануучулар бар, бирок өтө аз. Билимдүү кыз-жигиттер көп болушу керек эле. Дин боюнча сабаттуулар көбүрөөк болгондо, мындай нерселер болмок эмес.
- Бир учурда укук коргоо органдары ушул экстремисттик уюмга мүчө болгондорду эл алдына алып чыгып, мүчөлүктөн баш тарттык деп, жалпы коомчулуктун алдына ачык чыгарган учурлар болду эле. Дегеле ушундай азгырыктардын алдын алуу үчүн аткарылган иштер натыйжалуу болуп жатабы?
- Менин пикиримде, натыйжа азыраак болуп жаткандай. Эл алдына чыгып айтканы эми чын ниетиненби же сырткы таасирлерден улам. Балким, коркуп айтышкандыр. Буларда "жүрөктө, ниетте болуш керек" деген пикир бар. Бул жаатта натыйжалуу иш болушу үчүн мамлекет же болбосо күч кызматтары эле жооптуу деген туура эмес. Бул жерде муфтият да өтө сабаттуу кадрлар менен камсыздалышы керек. Ошондо анан натыйжа болот деп ишенем.
Дагы караңыз Дин концепциясы: мамлекет светтик негиздерди күчөтөт- Жакында эле президент президент Садыр Жапаров жылдык маалымат жыйынында сүйлөп жатып, “Мектепке диндерди таануу, бир эле исламга басым жасап окутуу эмес, дин таануу, шариятты билүү боюнча сабактарды киргизсек жакшы болот эле” деп айтып, бул боюнча тапшырма берилгенин билдирди. Мындай демилге диний радикалдашуунун канчалык алдын алат деп ойлойсуз?
- Биздин жаш жеткинчектерге дин табияты жөнүндө, бардык диндердин тарыхы жөнүндө окутуу көздөрүн ачат эле. Тарых деген, дин деген миллион жылдар арыдан башталган да. Азыр дүйнөдө 30-40 миллион жыл мурдагы табылгалар изилденип жатат. Менин пикиримде бардык диндердин тарыхын окутса бул дин мындай, тиги дин тигиндей деп ажыратканга жакшы болмок.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.