Өкмөт соттук териштирүүлөр жана аймактык реформадан улам өнөктүк кечигип жатканын билдирип келет.
Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунун тургуну Сүйүнбек Көчөрбаев 15 жыл мурда жер тилкесин сатып алып, салган үйүнө кызыл китеп ала албай убара тартып жүргөнүн айтууда.
“Мына документтер колумда турат, ооруканага, эч жакка бара албайбыз. Барсаң эле каттооң жок, айылда экенсиң дешет. Кызыл китебиң алып кел дейт. Ага 2022-жылы барсам мына бүттү дегенде "камакка алынды" деп койду. Чолпон менен Жанна (мурдагы жер ээлери-ред.) карыз экен, ошонун айынан кармап жатат. Төрт сотых жер, 15 жыл болду. Могу жакка Садыр Жапаров келип чечип берип кетти. Ошондой эле бул жакка кайрылып койсо жакшы болмок. Үстүртөн эле жазып кетип жатат, кыйратабыз дейт, эч нерсе жок”.
Көчөрбаевдин айтымында, дал ушундай эле маселе менен документ ала албай жүргөндөр көп. Ак-Ордо конушунда эле айрым тургундардын жер тилкеси сот чечими менен камакта болуп, документ алуу мүмкүн болбой жатат.
Буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, жер мунапысы боюнча Бишкекте он миңге жакын турак жайдын документи карала турганын билдирген.
“Учурда Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгы жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин Шаар куруу департаменти бирге иш алып барууда. Бишкек боюнча жалпы 13 жаңы конушта, анын ичинде Төкөлдөштө да көйгөйлөр бар эле. Ал жакта курулуштун долбоору боюнча эмес, кырдаалга жараша эле кетип атабыз. Учурда топографиялык изилдөө иштери бүтүп, жакында кызыл китептерин бере баштайбыз”
2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынган.
Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган.
Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.
Бирок андан бери өлкө ичинде бир топ нааразылык акциялары өтүп, "жер мунапысы тууралуу мыйзам тандалма жүрүп жатат" деп сыпатташкан.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, учурда шаар боюнча кызыл китепке арыз тапшыргандан саны 10 миңден ашып, анын дээрлик көпчүлүгү аяктоо алдында турат.
“10 миңден ашык арыз кабыл алдык, ошонун 9,5 миңин комиссиядан карап чыктык. 9 миңдейин Бишкек башкы архитектурага корутунду жасоого жибердик. Схемалардын негизинде корутундулар жасалса, кызыл, сары, көк сызык маселелерин баары чечилди деп айтсак болот. Эми баары чечилсе көп жарандар кызыл китеп алганга мүмкүн болот”, - деди Бишкек мэриясынын Жеке турак жай курулуш департаментинин директору Койчугул Ибраимов.
Ибраимовдун айтымында аймактык реформанын алкагында кошулган жаңы конуштардан дагы 18 миңдей ашык арыз келип түшкөн. Анын 5 миңден ашыгын комиссия карап коомдук талкууга жана архитектура башкармалыгына жөнөтүлөт.
Деген менен дал ушул аймактык реформанын жүрүшү менен турак жайларга кызыл китеп берүү маселеси дагы созулуп жатканы айтандар бар.
Жер мунапысы боюнча республикалык комиссиянын мүчөсү Мирбек Осмонов мурда Сокулук жана Аламүдүн районундагы комиссия караган чечимдерди Бишкек мэриясы кайра карай баштаганын айтууда.
“Мындайча айтканда алар Сокулук районунун документтеринин көбүн жактырган жок. Көбү чала, начар болуп калыптыр деп нааразылык билдирип, кайра кыдыра башташты. Бул бир топ жумушту артка тартты жана кечеңдетти, кызыл китеп берүү иши токтоп калды десек болот. Андан башка дагы жолу жок. Себеби, келген документтердин бирөө бар, бирөө жок. Же аты бар, жер тилкесинин номери жок. Ошонун негизинде кармалып жатат”
Осмонов кошумчалагандай, жер мунапысынын кечеңдешине сот иштери, камакка коюлган жерлер жана атайын адистердин тартыштыгы себеп болууда.
Адис демекчи, дал ушул жер мунапысынын алкагында Чүйдүн Сокулук районунда жер тилкелерин бөлүштүрүүдө, кайра каттоодо коррупциялык иштерге барган деген шек менен жергиликтүү кеңештин төрт депутаты, айыл аймагынын кызматкерлери - жалпы тогуз киши кармалганы жыл башында белгилүү болгон.
Мындан сырткары Сокулук районунда эле “Кадастр” мекемесинин аймактык бөлүмүнүн, архитектура мекемесинин жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери кармалып, жалпысынан 26 адамга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголгон. Ушундай эле коррупциялык аракеттери үчүн Аламүдүн районунда да аткаминерлер кармалып, камалышкан.
Айрым активисттер мунапыс жарыялангандан кийин мурда берилген жерлерди кайрадан башка документ "жасап", сатуу мафиясы күч алганын айтып чыгышкан.
Дагы караңыз "338 жер тилкесин эки ирет саткан тогуз киши кармалды"Быйылкы март айындагы маалыматка ылайык, Жер мунапысына байланыштуу атайын комиссияга жалпысынан өлкө боюнча 142 миң 752 арыз келип түшкөн.
Учурда 34 миң 112 үйгө паспорт, 46 миң 673 жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилди. Жалпы 8 миң 930 гектар жер трансформацияланган.
Кыргызстанда миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө там салынып, ондогон жаңы конуштар пайда болгон. Алардын көбүн жарандар 2005-2010-жылдары бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберген.