Жеңиштин эстен кеткис ирмемдери

Оор атлет Бекдөөлөт Расулбеков мелдеш учурунда. Бекдөөлөт 15-августта оор атлетикадан 102 килограмм салмакта күч сынашты. Алгач жулкуп көтөрүүдө 169 килограмм, түртүп көтөрүүдө 216 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы 385 килограмм салмак менен Ислам шериктештиги оюндарында 3-орунду ээледи.
 

Кикбоксчу Адилет Улан уулу V Ислам шериктештиги оюндарында кикбокстун "лоу-кик" түрүнөн 60 килограмм салмакта күч сынашып, күмүш байге тагынды.

Спортчу Роман Петров фехтование боюнча Ислам шериктештиги оюндарынын алтын байгесин утту. 

Роман Петров жеңишине кубанып жаткан учуру. Спортчу 30 жашта. Ал фехтование боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү. Фехтование боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону жана Токио олимп оюндарынын катышуучусу. 

Оор атлет Канымжан Алмазбек кызы жулкуп көтөрүүдө 76 килограмм, түртүп көтөрүүдө 95 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы 171 килограмм салмак менен Ислам шериктештиги оюндарында 3-орунду ээледи.

Канымжан Алмазбек кызы коло байгеси менен. 

 

Денис Петрашов Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында алтын байгенин ээси болду. Андан тышкары суучул 200 метр жана 50 метр аралыкка брасс стилинде жарышып, эки коло байге алды. 

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашовдун Ислам шериктештиги оюндарында жылдызы жанды. 

Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн таймашты. Кыргызстандан ага жүздөн ашык спортчу барды. 

Эркин күрөшчү Эрназар Акматалиев финалдык беттеш учурунда. 

Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык балбандар эң көп байге алышты. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы жети байге: эки алтын, төрт күмүш жана бир коло, эркин күрөшчүлөр бир алтын, бир күмүш жана бир коло, кыз-келиндер күрөшүнөн балбан кыздар үч алтын, бир коло байгеге ээ болду.

Балбан Үзүр Жусупбеков финалда жеңилип, оюндардын күмүш байгесин тагынды. 

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда гвинеялык Фатумата Камара Йариени 11:0 эсебинде утуп, алтын медал тагынды. Ушуну менен Тыныбекова Ислам шериктештиги оюндарынын эки жолку чемпиону болуп калды. Ал 2017-жылы Бакуда өткөн мелдеште дагы алтын байге уткан.

Айсулуу Тыныбекова сыйлоо аземи учурунда.

Оюндардын расмий жабылуу аземинде Кыргызстандын желегин кикбокс боюнча Ислам оюндарынын күмүш медалынын ээси Адилет Улан уулу көтөрүп баратат.

Камила Абдыл-Хамитова коло байге үчүн беттешип жаткан учуру. Ал бул беттеште жеңишке жетип, коло медалга ээ болду. 

Кыргызстандык күйөрмандар.

Балбан Тынар Шаршенбеков атаандашын көтөрүп чаап жаткан учуру. 

Балбан кыздар Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы, грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов да алтын байгелери менен күйөрмандарын кубантышты. 

Кыргызстандык спортчулар Ислам шериктештиги оюндарына 2005-жылы алгачкы жолу катышып, ал кезде 8 байге уткан. Иран жана Индонезияда болгон экинчи жана үчүнчү оюндарга катышкан эмес. Азербайжанда өткөн IV Ислам шериктештиги оюндарынан Кыргызстандын курама командасы жалпы 17 медал утуп, 54 мамлекеттин арасынан алдыңкы ондуктун катарына кирген. Быйылкы оюндарда жалпы 31 медал утушту.

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндары 19-августта жыйынтыкталды. Бул оюндарда кыргызстандык спортчулар сегиз алтын, сегиз күмүш жана 10 коло байге утту. Медал алган 56 мамлекеттин арасынан Кыргызстан 9-орунду ээледи.