Жапониядагы жер титирөө

Биринчи күчтүү жер титирөө бейшемби күнү кечинде болгон.
Сүрөттө: Көзүнө жаш алган аял Кумамотодогу Машки шаарында талкаланган үйү тууралуу айтып жатат.
 

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ коргоо күчтөрүнүн адамдарын, полиция, өрт өчүрүү кызматкерлери баштаган үч миң кишини куткаруу ишине тартканын кабарлады. 
 

Кырсык болгондон кийин дарыгерлерге миңден ашуун адам кайрылган. Анын 800дөн ашууну жабыр тарткан. 50 адамдын абалы оор. 
 

Экинчи жер титирөөдөн кийин 19 киши каза таап, 470и жабыр тартканы кабарланууда. 

 

Жапониянын метеорологиялык агенттигинин директору Ген Аоки кийинки жумада жер титирөө кайталанарын эскертти. 

 

Жапониянын метеорологиялык агенттиги түтүнү учурда 100 метрге көтөрүлүп жаткан Асо жанар тоосу атыларын кабарлады. 

 

Болжол менен 750 миңдей адам катуу силкинүүнү сезген. 

Жер титирөөнүн айынан айрым темир жолдордогу поезд каттамдары токтотулду. 

 

Бийликтер мындан тышкары жабдыктарын текшерүү үчүн эки АЭСтин ишин токтотту. 

 

Бирок жакшы да жаңылыктар жок эмес. Силкинүү очогу океанда эмес, жерде болууда. Мындан улам цунами коркунучу басаңдады.