Филология илимдеринин доктору, профессор, жазуучу Бейшенбай Усубалиевдин "Зоока" аттуу чыгармалар жыйнагы жарык көрдү. Ага жазуучунун ар кыл убакта жазылган аңгеме, повесттери кирген.
Китептин бет ачары 26-апрелде, Улуттук тарых музейинде өттү. Ага кыргыз интеллигенциясынын бир катар өкүлдөрү, акын-жазуучулар жана окурмандар катышты.
Китеп миң нуска менен "Улуу тоолор" басмаканасынан чыккан.
Бейшенбай Усубалиев адабиятчылар арасында психологиялык прозанын чебери катары таанымал. "Түркүк", "Көз", "Түтүн", "Түн", “Зоока” ж.б. 50дөн ашуун аңгеме, повесттин, очерк, эссе, публицистиканын, алты прозалык жыйнактын, 300гө чукул илимий эмгектин автору.
Дагы караңыз
“Азаттыктын” иши: Соттун лингвистикалык экспертизасы жыйынтыкталды Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жолугушуу өттүБУУ Судандагы чатактын кесепети оор болорун эскертти