Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:37

БУУ Судандагы чатактын кесепети оор болорун эскертти


Судандан эвакуацияланып жаткан чет элдиктер.
Судандан эвакуацияланып жаткан чет элдиктер.

Суданда кырдаал курчугандыктан Батыш, Араб жана Азия өлкөлөрү миңдеген жаранын эвакуациялоону тездетүүдө. Хартумдан эвакуация болгондордун арасында ондогон балдар, элчиликтердин жана гуманитардык уюмдардын жүздөгөн кызматкери бар.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш дүйнөлүк державаларды кырдаалды жайгаруу үчүн Африкадагы бул өлкөдө согушуп жаткан күчтөргө "басым көрсөтүүгө" чакырууда. БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны 25-апрелде чукул жыйынга чогулду.

Эл аралык басылмалар Хартумдан БУУнун баш катчысына таянып кабарлашкандай, чыр-чатактын кесепети оор болушу мүмкүн.

Өлкөнүн Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген “Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу болуп жатат.

Эки аптадан бери уланып жаткан кармаштарга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү себеп болду. Reuters агенттиги Судандагы башаламандыктарда 450дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылып, жүздөгөн киши жараат алганын жазды.

XS
SM
MD
LG