Жашыл экономика: электромобилдер көбөйө баштады

Иллюстрация сүрөт.

Бишкекте 10-декабрда жашыл технологиялардын Green EXPO 2021 көргөзмөсү жана “Жашыл экономика форуму – 2021" өттү. Алтынчы жолу өтүп жаткан Green EXPO көргөзмөсүнө учурда Кыргызстандын базарындагы жашыл технологиялар чыгарылды. Иш-чаранын уюштуруучулары "жашыл экономика" түшүнүгү мурда Кыргызстан үчүн чоочун болсо, эң маанилүү тармакка айланып жатканын белгилешти.

Кыргызстанда алты жылдан бери салтка айланган “Жашыл экономика" жумалыгы өтүүдө. Форумга жашыл технологиялар тармагында иштеген 40ка жакын компания катышты.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров Кыргызстанда жашыл экономика тармагында иш алып барган ишкерлерлердин саны өскөнү байкалганын айтууда.

“Бул жылдагы өзгөчөлүк - жеке сектор активдүү катышып жатат. Тармакта ийгиликтүү иш алып барган ишкерлер пайда болуптур. Биздин көргөзмө табиятка зыянын тийгизген өндүрүштү, жылуулукту жоготууну азайтууга жаңы чечимдерди берет деп ишенем. Жашыл экономика – табият, адам анан экономика деген компонент. Бишкекте аба өтө кир, бул адамдардын ден соолугуна зыянын тийгизип жатат. Ошондуктан жашыл экономиканын ролу экономикада гана эмес социалдык жакта дагы чоң”.

Green EXPO көргөзмөсүнө сырттан ташылып келинген электромобилдер дагы чыгарылды.

Дагы караңыз Кагазда калган жашыл экономика

Экологияны сактаган электромобил

Кыргызстан акыркы жылдары экологияны жакшыртуунун бир жолу катары өлкөдө электромобилдерди көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү аракетин көрүп келет. Электромобилдер Кыргызстанда бажы салыгынан бошотулган. Буга чейин электромобил өндүрүүнү каалаган инвесторлорду салыктан толук бошотуу боюнча мыйзам долбоору дагы сунушталган.

Кыргызстанда ачылганына бир жыл болгон “Электромобил” компаниясынын менежери Пахридин Дуйсенов электромобил сатып алууну каалаган жарандардын саны көбөйүп жатканын билдирди.

“Биздин компания Кыргызстанда бир жылдан бери иштейт. Биз унааларды Кытайдан алып келебиз. Бир жыл ичинде 70 электромобил сатылды. 20 электромобил учурда Кыргызстанда жүрөт. 50 унаа келе жатат. Баасы 10 миң доллардан башталат. Учурда такси кызматында иштегендер электромобилдерди көп сатып алууда”.

4-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров электромобил ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушкан. Жапаров электромобилдерди лизингге берүү механизмдери караштырыларын жана президенттин иш башкармалыгынын автопаркын электромобилге өткөрүүгө ниеттенип жатканын айткан.

“Биз электробустарды борборго кое берели деп пландап жатабыз. Биз үчүн өлкөдө электр транспортун көбөйтүү жана ага тийиштүү инфраструктураны түзүү артыкчылыктуу. Салык кодексинин долбоорунда жакынкы 3-5 жылга электромобилдерди ташып кирүүдө КНС (кошумча нарк салыгы) төлөөдөн бошотуу каралышы керек. Биз жашыл экономикага багыт алып жатабыз”, - деген Жапаров.

Дагы караңыз Президенттик автопаркты электромобил менен жабдуу мүмкүнчүлүгү каралат


Анткен менен Кыргызстанда электромобилдерге тез кубат берүүчү бир дагы станция курула элек. Ишкерлер мындай станцияларга жана алардын тетиктерине салык жактан жеңилдиктер берилиши керектигин айтып жатат.

Кыргызстандагы “Асман электроникс” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Аалы Кадыр электромобилдер экологиялык жактан гана эмес, чөнтөккө дагы пайдалуу экенин белгилейт.

“Электромобилдин чөнтөккө болгон үнөмү абдан эле чоң. Мисалы, моторунун кубаты 2 куб автоунаа менен салыштырганда, ал жылына 160 миң сомдой чыгым кылат. Ал эми электромобилдин чыгымы 11 миң сом болот. Жаңы электромобилди сегиз жыл айдайт, негизи өмүрү 15 жыл. Сегиз жылда 1,5 млн. сом үнөмдөлүп жатат. Экологияга дагы зыяны жок”.

Дагы караңыз Жээнбеков электромобил идеясын айтты

Энергетикадагы жашыл экономика

Форумдун жүрүшүндө Бишкектеги абанын булганышы жана өлкөдөгү энергетикалык кризис сыяктуу маселени альтернативалык технологиялар менен чечүү жолдору сунушталды.

Мисалы, форумга катышып жаткан “Элисист” компаниясы электр-энергиясын үнөмдүү колдонуу үчүн ири соода борборлоруна жаңы технолгияны сунуштап жатат.

Компаниянын техникалык директору Советбек Назаралиев Бишкектеги соода-борборлору жылытуунун жаңы ыкмаларына өтүп жатканын билдирди.

“Биз имараттын ичинде ысытуу жана муздатуу системасына жылуулук насосун колдонобуз. Бул насостун өзгөчөлүгү 1 кВт электр-энергиясынан 4-5 кВт ысык же муздак берет. Ошондо жөнөкөй тенге караганда беш эсе эффективдүү. Учурда көптөгөн соода борборлору ушундай системага өтүүдө. Андан тышкары имараттын ичиндеги жылуу абаны жөн гана тышка чыгарып койбой, ал абанын ысыгына кирип келаткан абаны ысытабыз. Бүгүнкү күндө биз ишке ашырган дагы бир уникалдуу долбоор Борбор Азиядагы Америка университети. Ал жердеги жылуулук жана муздактык жердин алдындагы ысыктан алынган энергиядан”.

Форумга катышкан эксперт Руслан Акматбек жашыл технологияны ишке ашырууга өкмөттөгү башаламан кадр саясаты тоскоолдук жаратып жатканын белгиледи.

"Эң чоң көйгөй өкмөттөгү башаламан кадрдык саясат. Мисалы, бир ишкер "Мен иштеп баштагандан бери үч премьер-министр, төрт энергетика министри алмашты, кантип иш алып барабыз?" дейт. Экинчиден, жашыл технологияларды жайылтуу боюнча бирдиктүү саясаттын, кадрлардын жоктугу чоң көйгөй экенин, мамлекет байкоочунун ролуна кирип алганын айтышты. Жаш ишкерлерди шыктандырган жеңилдиктер жок. Жергиликтүү эл менен иштөөдө дагы мамлекеттик органдар жардамдашпайт. Дагы бир нерсе дүйнөдөгү жашыл экономикага акча бере турган фонддор менен иштеше албай келебиз. Кыргызстан долбоорлорду сунуштап, акча тартып келүүдө чабалдык кылууда. Дагы бир көйгөй форумга өкмөттүн жетекчилери сөз сүйлөп гана кетти, ишкерлерди уккан жок".

Бишкек шаарында абанын булганышы өлкөдөгү башкы экологиялык маселе бойдон калууда. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, түтүн каптайт. Экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтып, коңгуроо кагып келет.

Президент Садыр Жапаров ноябрда Глазгодо өткөн дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүүсү боюнча саммитте Кыргызстан 2030-жылга чейинки улуттук аныкталган саясатынын алкагында климаттын өзгөрүүсүн басаңдатуу боюнча глобалдык өнөктүккө жоопкерчиликтүү жана ар тараптуу катышарын билдирген.

Ал 2050-жылга карай Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасын тандай турганын, бул үчүн өнөр жай менен турак-жай сектору көмүрдөн толук баш тартып, электр энергиясы менен камсыздаларын, бул максатта 10го чукул кичи жана орто гидроэлектр станциялар курулуп жатканын кошумчалаган.

Өлкө башчысы 2030-жылга чейин Кыргызстан көмүр кычкыл газын 44% кыскартууну көздөйт деген жана бул иштерди аткарууга 7 млрд. доллар каражат керек экенин билдирген.

Дагы караңыз 2050: Кыргызстан көмүрдөн баш тартып, гидроэнергетикага өтөт