Жаш балбандардын жылдызы жанган чемпионат

"Бишкек-Арена" муз майданында күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинки курактагы балбандар арасында Азия чемпионаты өтүүдө. Ага 21 өлкөнүн жаш балбандары катышууда. Үч күндөгү таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын 17 жашка чейинки балбандары беш алтын, бир күмүш жана беш коло байге алышты. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) төрт алтын, бир күмүш жана эки коло байге алып, командалык эсепте 11 өлкөнүн ичинен 1-орунду ээледи. Кыздардын эркин күрөшүнөн Кыргызстандын кыздар командасы (U-17) бир алтын жана үч коло байге алып, сегиз өлкөнүн арасынан 4-катарга чыкты. Эркин күрөш боюнча таймаштар эртең уланат. 

Грек-рим күрөшү боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону Асан Жанышов. Ал финалда (80 кг ) ирандык Сейед Реза Хамид Азаршабды 6:5 эсебинде утту. Жанышов финалга чейин түштүк кореялык Джёнхан Джин (9:0) жана индиялык Мохит Хохарды (10:7) жеңип алган.

Грек-рим күрөшү боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону Кутман Темирбеков. Темирбеков финалда (20-июнда) тажикстандык Сунат Абдуллоевди жеңди 7:1). Ал финалга чейин индиялык Нишант Нишантты (8:0), чейрек финалда казакстандык Сергазы Абдыкадырды (6:3), жарым финалда өзбекстандык Акобир Унгоровду (7:5) жеңген. 
 

Темирбеков менен Жанышовдон сырткары күрөштүн бул түрүнөн Жантөрө Мирзалиев (60 кг) жана Нурболот Сыргабай уулу (92 кг) чемпионаттын алгачкы күнүндө алтын медал тагынган. Күмүш медалды Кубаныч Аринов (51 кг), коло байгелерди Абдулходжа Абдулходжаев (55 кг) менен Жоомарт Аралов (71 кг) алды. 
Грек-рим күрөшү боюнча таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын командасы 182 упай топтоп командалык эсепте 1-орунду ээледи. Кыргызстандык уландар төрт алтын бир күмүш, эки коло алуудан сырткары 4-орунду бир балбан, 5-орунду эки балбан алып, командалык эсепте сап башына чыккан.  2-орунда эки алтын, төрт күмүш, эки коло байге алган Иран (174 упай), 3-орунда эки алтын, бир күмүш жана алты коло байге менен Казакстан (170 упай) жайгашты.
 

17 жашка чейинкилер арасында кыздардын эркин күрөшүнөн 43 килограмм салмакта күрөшкөн кыргызстандык Диана Амантурова Азия чемпионатынын коло байгесин утту.  

Диана Амантурова беш айлампага созулган таймашта эки атаандашын жеңип, эки атаандашына утулду. Алгач монголиялык Мунгунсолон Байсанды 4:0, экинчи айлампада казакстандык Жазира Налюбаеваны 7:6 эсебинде жеңип, кийинки айлампаларда индиялык жана өзбекстандык атаандаштарына утулуп, коло байгенин ээси болду. Диана Амантурованын байгесин кошкондо Кыргызстандын улуттук курама командасынын эсебинде бир алтын, үч коло байге чогулду.

Алтын байгени 65 килограмм салмакта Гүлнура Таштанбекова алды. Ал финалда индиялык Пулкит Пулкитти жеңди. Бул салмакта кыздар айлампа тартибинде күч сынашты. Таштанбекова алгач индиялык Пулкит Пулкитти (2:2), кийин түштүк кореялык Еунсо Чону (4:0), жапониялык Сава Хигашини (3:0) жеңип финалга чыккан. Алтын байге үчүн кайрадан индиялык Пулкит Пулкит менен күрөшүп, мөөнөтүнөн мурда атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишти камсыздады (5:0). 


 

Диана Амантуровадан сырткары коло байгени 61 килограмм салмакта Жаркынай Нурлан кызы жана 57 килограмм салмакта Айтолкун Медет кызы коло байге утту. Ал эми Дилназ Абдыкадырова (46 кг), Айдай Нурдинова (53 кг) жана Кайыркүл Шаршебева (69 кг) 4-орунду ээледи. Айназ Абдыкадырова (40 кг), Күмүшай Жооданбекова (49 кг) жана Линара Молдогазиева (73 кг) 5-орунду алды. Бул көрсөткүч менен Кыргызстан жалпы командалык эсепте 136 упай топтоп 4-орунду ээледи (бир алтын (25 упай), үч коло (60 упай), үч 4-орун (36 упай), үч 5-орун (30 упай). 

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова күйөрмандардын катарында. 

17 жашка чейинкилер арасында 49 килограмм салмактагы балбан кыздардын таймашы. Кыргызстандык Күмүшай Жоданбекова кызгылт сары кийимчен.

Кыздардын эркин күрөшү боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси Айтурган Медет кызы таймаш алдында машыктыруучулар Билимбек Капар уулу жана Розалия Тилегенова менен. 

Айтолкун Медет кызы 57 килограмм салмакта алгач чейрек финалда жапониялык Саяка Отага жеңилген. Жапон кызы финалга чыккандыктан Медет кызыга 3-орун үчүн күч сынашууга жол ачылды.  Бул таймашта Айтолкун түштүк кореялык Йожин Минди 6:4 эсебинде утуп, Азия чемпионатынын коло байгесин тагынды. 

17 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында кыздардын эркин күрөшүнөн таймаштар жыйынтыкталды. Жалпы командалык эсепте Индия курама командасы 1-орунду ээледи. Индиялык кыздар 10 салмактын ичинен сегиз алтын, бир күмүш жана бир коло медал алып, 235 упай топтоп 1-орунга чыкты. Төрт күмүш, эки коло алган Жапония 2-катарда (143 упай). Бир алтын, эки күмүш жана бир коло алган Монголия 3-орунга жайгашты (138 упай). 136 упай эсебинде бар Кыргызстан 4-орунга жайгашты. 

17 жашка чейинки курактагы эркин күрөш балбандарынын таймашы. 21-июнда эркин күрөштөн 65 кг, 71 кг жана 80 кг салмакта балбандар күч сынашты. Кыргызстандык балбандар азырынча күрөштүн бул түрүнөн байге ала элек. 65 килограмм салмакта  Темирлан Норузбеков коло байге үчүн беттеште казакстандык Айкын Болатулыга жеңилип байгесиз калды. Күрөштүн бул түрүнөн таймаштар 22-июнда уланат.

17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюна Азия чемпионаты 26-июнда аяктайт. Чемпионат "Бишкек-Арена" музмайданында өтүп жатат. 23 жашка чейинкилер арасында эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар 23-июнда башталат.

Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 жашка чейинкилер арасында үч күндөгү таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары беш алтын, бир күмүш жана беш коло байге алышты. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) командалык эсепте 1-орунду алса, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук команда (U-17) 4-орунду ээледи. 22-июнда эркин күрөштөн таймаштар уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат.