Жасалма диплом чуусу: тизмеде төрт депутат, эки судья бар

УКМК Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинде жасалма диплом берүүгө байланыштуу 28 факт иликтенип жатканын билдирди.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "жасалма диплому бар" деп шек саналган Жогорку Кеңештеги төрт депутаттын атын азырынча ачык жарыялай элек. Атайын кызмат алардан сырткары тизмеде кеминде эки судья, министрлик-мекемелерде, күч түзүмдөрүндө жана жергиликтүү администрацияларда иштеген ондогон адам бар экенин билдирген.

Мындай текшерүү январь айында башталган жана Кочкордо дипломуна байланыштуу суракка чакырылган мугалим асынып алгандан кийин коомчулукта талаш-талкуу көбөйгөн.

Дагы караңыз Суракта жүргөн мугалим өз жанын кыйды


УКМК мамлекеттик мекеме-органдарда иштеген кызматкерлердин дипломдорун жапырт текшерүүнү январдын аягында баштаган жана бул өнөктүк үч айга созулат деп билдирген. Атайын кызмат жасалма диплому бар деген тизмеге киргендерди ачык жарыялай элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков бул өнөктүк сабак болушу керектигин белгиледи.

Нуржигит Кадырбеков.

"Бизде билимге караганда диплом маанилүү болуп калбадыбы. Негизи билимге чоң маани бериш керек. Эми жогорку билим болушу керек деген талап кирип калгандан кийин балким, мында деле логика бардыр. Көч бара-бара түзөлөт, кийинкилерге сабак болот деп ишенем".

Атайын кызмат жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз даярдагандар жана аны пайдалангандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын билдирген. Ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтуруларын эскерткен.

Анын алдында Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышында депутат болгон Орозайым Нарматова "диплому жасалма" деген негизде мандатынан ажыратылган.

Парламент депутаты Айбек Осмонов мындай жагдайда тиешелүү органдардын жоопкерчилигине токтолду.

Айбек Осмонов.

"Биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз. Мыйзам баарыбызга бирдей болушу керек. Чындыгында дипломду сатып алган болсо, окубаса, анда өз ыктыяры менен кетип калышы керек. Албетте, ал адамдын өзүнүн деле намысы бар да. Негизи биз окуу жайларды жакшырак карасак болмок. Ошол кызматкерди жумушка алып жатканда, кадрлар бөлүмүбү, ошолорду караш керек. Мисалы, Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттарды каттайт да. Ошол мезгилде БШК карашы керек эле. Ар бир талапкерге байланыштуу тиешелүү жактарга кайрылып, жообун алып, ошого жараша каттап, болбосо четтетсе болмок. Ушул жерде алардын дагы бир аз күнөөсү бар".

Дагы караңыз Мандаттан ажыраткан диплом чыры


УКМК бул өнөктүктүн алкагында бир катар жогорку окуу жайлар текшерилип жатканын кабарлады. Анда Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин атынан 28 жасалма диплом берүү фактысы катталып, сап башына чыкканы белгилүү болду.

Бирок аталган окуу жайдын проректору Бекжан Тагаев дооматтарды четке кагып жатат.

"Бул жерде 28 диплом дегенде анын баары бизде жасалган эмес. Бизде катталган эмес, алар биздин студент эмес. Алар каяктан окуп, каяктан алганын биз билбейбиз. Эгерде биздин диплом болуп, бизде каттоодо болсо, анда биз жооп бермекпиз. Алар 90-жылдары жасалган дипломдорду сатып алышкан, аларды кантип алганын эми укук коргоо органдары текшериши керек. Ким жасаган, кандай кылып жасалган, анын баары иликтениши керек".

Өткөн аптада Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда дипломуна байланыштуу суракка чакырылып жүргөн мугалим асынып алганы белгилүү болгон жана бул окуядан улам коомчулукта талаш-талкуу күчөгөн.

Билим берүү жаатындагы эксперт Асылбек Жооданбековдун пикиринде, бул өнөктүктүктө тандалма саясат болбошу керек.

Асылбек Жооданбеков.

"Дипломдору текшерүү өнөктүгү айылда иштеген бир мугалимдин өмүрүн алды. Бул окуя дагы мугалимдердин канчалык сезимтал, жоопкерчиликтүү экенинин бир далили. 1995-жылдан баштап 15-20 жылдай дипломдорду сатып алуу, керек болсо илимий иштерди дагы соодалоо көрүнүштөрү болгон. Мына, жасалма дипломдуулар депутаттардын арасында дагы бар деп жатабыз. Мамлекеттик деңгээлдеги ири кызматта отургандардын бети кызарбай эле жүрөт. Мугалим дипломду сатып алган күндө дагы, эгер анын жөндөмү болбосо, эмгек кылбаса мектепте иштей алмак эмес. Иштеп кеткенине караганда зирек мугалим болсо керек. Бирок албетте, ошол окуя ага ушунчалык оор тийгени үчүн кете берди. Бул өнөктүктүн кесепети карапайым адамдарга тийип жатканы өкүндүрөт. Кыргызстанда дагы деле болсо ак менен каранын күрөшү жүрүп жатат. Анда акыйкаттык жеңбестен дагы деле күч, коркутуу, опуза сыяктуу нерселер жеңип атканы өкүндүрөт. Көпчүлүк учурда ушундай өнөктүктөр, акциялар тандалма болуп жатпайбы. Дагы эле колунда бар, сөзү өтө турган, акчалуу адамдар көмүскөдө калып, аларга көз жумду мамиле болуп, залакасы катардагы адамдарга тийип калганы абдан өкүнүчтүү".

Деген менен мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова дипломдорду жапырт текшерүү өнөктүгүн колдойт.

"Бир нерсе болсо эле жабышып, жамандап калабыз. Качантан бери эле билимдин сапаты өтө начарлап кетти, жаман болуп калды деп кыйкырып калабыз. Анан тазалай баштаганда "эмнеге мындай кылып жатасыңар" деп кайра баштайбыз. Дипломду сатып алып, балдарды окутуп жатышат. Алар эмнени үйрөтөт? Дипломдордун баарын карап чыгыш керек. Билимсиз, акмакчылык, калп менен алган диплому барлар эмнени кыйратат? Ошондуктан мен жасалып жаткан иштерди туура деп эсептейм. Бардык жогорку окуу жайларды карап чыгыш керек".

Дагы караңыз Диплом чуусу: Момбеков сотко даттанат


Атайын кызматтын маалыматына караганда, өнөктүк маалында тогуз адам өз эрки менен жасалма дипломун тапшырган, дагы 16 кызматкер өз каалоосу менен жумуштан кеткен. УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жогорку билими жана жарандыгына байланыштуу он миңдеген материалдарды текшере турганын айткан.

Кыргызстанда буга чейин дагы айрым жогорку бийлик өкүлдөрүнүн, депутаттардын дипломдору жасалма, кээ бирлери башка мамлекеттин жараны экени тууралуу маалыматтар чыккан, териштирүү болуп, кылмыш иштери козголгон.