Жапырт камалгандардын жакындары бийликке кайрылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камалган 20дан ашык саясатчы, активисттин айрымдарынын жакындары маалымат жыйын өткөрүп, бийликти жакындарын бошотууга үндөдү. Алар бийликтин айрым чечимдерин сындаган үчүн камалды деп эсептешет. Күч органдары кармоо негиздүү болгонун билдирген.