Кытайга алгач ирет президент макамында барган Садыр Жапаровдун сапары Бээжиндеги кышкы Олимп оюндарынын ачылышына катышуу менен башталды. Ал Кытайдын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Кышкы Олимп оюндарына Кыргызстандан бир гана спортчу, лыжачы Максим Гордеев катышып жатат. Президент Жапаровдун сапарынын негизги бөлүгү дал ушул иш-чарадан соң башталып, Кытайдын төрагасы Си Цзинпинь баштаган бир нече жетекчи менен жолугат.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев "Азаттыкка" билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу алака боюнча көп маселе сүйлөшүлөт.
"Негизинен экономикалык жана социалдык-гуманитардык маселелер. Эки жана көп тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилебизди, кызматташууну бекемдөө, күчөтүү жана андан жогорку жаңы деңгээлге чыгаруу маселелери талкуулат",-деди министр.
Кыргыз президенти Бээжинге барар алдында Кытайдын СGTN медиакорпорациясына маек курду. Анда Садыр Жапаров кыргыз-кытай алакасынын учурдагы абалын өтө жогору деп баалап, бул өлкө менен "Бир алкак - бир жол" демилгеси менен ишке ашырчу долбоорлорду санаган.
Темир жол курулабы?
Президент Жапаров бир нече жылдан бери сөз болуп, бирок ишке ашпай келген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жакын арада башталат деген ишенимин билдирген. Анын айтымында, Борбор Азия чөлкөмү үчүн өзгөчө маанине ээ долбоор учурда макулдашуу баскычында.
"Бул долбоор ар дайым эки тараптуу алаканын күн тартибинде болуп келген. Анын маңызы жана максатка ылайыктуулугу боюнча эч кандай саясий пикир келишпестик жок. Тек гана, долбоордун техникалык аспекти жана финансылык жагы боюнча айрым суроолор бар. Анын үстүнөн үч өлкөнүн адистери иштеп жатышат. Жакынкы арада биргелешкен аракеттер менен достуктун, ынак коңшулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн жолуна айланчу бул темир жолдун курулушун баштайбыз деп ишенем",-деп билдирди.
Негизи Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлсө да ишке аша элек.
Дагы караңыз Бээжин сапары: Бишкек кубаттуу кошунадан колдоо күтөтАл жол регионалдык жана дүйнөлүк мааниге ээ болуп, Перс булуңуна чыкчу жаңы соода маршрутун ачмак.
2002-жылы Бээжин курула турган жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Андан бери кезек-кезеги менен сөз болгону менен курулушу баштала элек.
Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкан 2016-жылдан бери күчөдү. Эми Садыр Жапаровдун дал ушул сапарында бул ири долбоордун башы ачылабы деген үмүт жаралууда.
Буга чейин "Кыргыз Темир жолу" мамлекеттик ишканасынын алдындагы темир жолду долбоорлоо дирекциясынын башчылыгын аркалаган, экс-министр Жамшитбек Калиловдун айтымында, соңку жылдары долбоорду ишке ашыруу боюнча аракеттерде жылыш байкалууда.
"Жалпысынан акыркы жылдары бир аз жылыш байкалгандай. Кытай жана Өзбекстан менен эки тараптуу жана үч тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Былтыр "талаа жумуштары" деп аталган топографиялык, геологиялык иштер аткарылган. Бул долбоорду каржылоого байланыштуу маселелер бар. Азыр Садыр Нуркожоевичтин сапарынын соң долбоор алга жылабы деген үмүт жаралууда",-деди Калилов.
Экс-министр кошумчалагандай, темир жолдун Кыргызстандагы бөлүгүнүн маршруту боюнча алдын ала макулдашуу болгон. Ага ылайык, Торугарттан Арпа аркылуу Макмалга чыгарып, андан ары өлкө түштүгүн аралап салуу каралууда. Долбоордун алдын ала баасы 5 миллиард доллар деп бааланган.
Дагы караңыз Бишкек темир жол курулушун Бээжин менен талкуулайтКытай инвестиция береби?
Садыр Жапаровдун бул сапардан кыргыз тарап кубаттуу коңшудан тоо кен, энергетика, транспорт тармагында ири инвестицияларды күтүп жатат. Тагыраагы, коронавирус пандемиясынын кесепетинен солгундап кеткен соода жүгүртүүнү көбөйтүп, экономиканы өстүрүү планы коюлууда. Мында Кытай менен чектеш “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү зарылдыгы турат.
Мындан сырткары соңку жылдары нааразылыктан улам токтоп калган Ат-Башыдагы логистикалык борбор сыяктуу талаштуу долбоордун тагдыры да турат.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Иманалиев президенттин сапарында бул жаатта да жылыш болот деген үмүттө турат. Анын айтымында, кыргыз-кытай алакасындагы пикир келишпестиктердин жаралышына буга чейинки кыргыз бийлигини айрым аракеттери себеп болуп келген.
"Кытай менен эң узун чектеш өлкөлөрдүн катарына киребиз. Бирок, бул өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн колдоно албай келебиз. Мында кеп Кытайда эмес, кеп бизде. Бизде буга чейин алынган каражаттарды коррупция аралашып, кайра ызы-чуу чыгарып, коңшу өлкөнү жаманатты кылдык. Кытай бизнесине каршы айрым аракеттер болду. Анда өкмөттүн ички себептери бар, бөлөк себептер бар, башка өлкө аралашкан себептери бар. Ат-Башыда, Казармандагы окуяларда канча инвесторду кууп чыктык. Ушундай кырдаалда биз Кытай менен мамилени жакшыртып, мамилени жаңы деңгээлге чыгарышыбыз керек".
Кытайды океанга салыштырган Иманалиев учурда бул мүмкүнчүлүктү колдонууга чакырууда.
Ошентсе да, кыргыз коомчулугунда Кытай менен ишке ашчу долбоорлорго карата чочулоо да бар. Буга бир жагынан ири коңшунун активдүүлүгү себеп болсо, экинчи жагынан өлкөнүн Кытайга карызынын өсүп бара жатканы убайым жаратууда. Кыргызстандын тышкы карызы быйыл жыл ортосунда 4, 5 миллиард долларды түзсө, анын 45 пайызыга жакыны Кытайга туура келет.
Дагы караңыз Анкара жана Бээжин уйгурлардын маселесин талкууладыБуга кошумча Бээжиндин соңку жылдардагы Шиңжандагы улуттук азчылыктарга карата катаал саясаты да өлкөдө ар кыл пикирлерди пайда кылган.
Мындай маанай бир эле Кыргызстанда эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү жергиликтүү элдин арасында Кытайдын долбоорлоруна жана саясатына байланыштуу тынчсыздануулар жок эмес. Маселен, соңку бир канча жылда Казакстан менен Кыргызстанда кытайлык ишканаларга байланыштуу митингдер өткөнү белгилүү. Тажикстандын Согд облусундагы "Тажик-кытай тоо-кен компаниясындагы" тополоңдо кытай жаранын өмүрү кыйылганы кабарланган.
Мындан тышкары Шинжаңдагы этникалык казактардын укугу бузулуп жатканы тууралуу кабарлардан улам Казакстанда Кытайга каршы акциялар утур-утур уюштурулуп келет.