Бишкек: "унутта калган" жаңы конуштар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын май айына чейин Кыргызстанда документи жок үй болбошу керектигин билдирген. Азыр жер-жерлерде атайын комиссиялар иштеп жатат. Бирок убагында ишеним каттын негизинде жер алгандар “кызыл китеп” кимге чыгарын билбей жатышат. Ошол эле учурда жаңы конуштун көйгөйлөрү документ алуу менен эле чечилип калбайт. “Кызыл китеби” бар кээ бир жаңы конуштарга милиция, тез жардам келбейт.