Жаңжалдан бүлүнгөн Ак-Сай
Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Б. Хожаев мектеби кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда толугу менен өрттөнгөн.
Өрттөнгөн мектептин сырткы көрүнүшү.
Баткен облусунда 195 билим берүү мекемесинде окуу жараяны убактылуу токтоп турганын 20-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, 195 мекеменин 53ү азыр үй-жайын таштап качууга мажбур болгондорду эвакуациялоо пункту катары иштеп жатат.
Ак-Сай айылындагы өрттөнүп, короосунун дубалы кулаган үй.
Жол боюнда өрттөлгөн унаа.
Б. Хожаев атындагы орто мектептин короосуна түшкөн жардыргыч зат. Баткен районунун Ак-Сай айылы
Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлиги 16-сентябрда Баткен районундагы Дача – Чайхана тилкесинде Ак-Суу дарыясына курулган 36 метрлик көпүрөнү тажик аскерлери жардырганын билдирген. Тажик тарап бул боюнча комментарий бере элек. 20-сентябрда көпүрө убактылуу калыбына келтирилип, каттам жанданганы кабарланды.
Ак-Сай айылындагы жарылбай калган снаряд.
УКМК 20-сентябрдан тартып Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында саперлор иштей баштаганын, алар арылбай калган снаряд, мина жана башка жардыргыч заттарды таап, зыянсыздандырарын билдирди.
Ак-Сай айылындагы атылган октордун гильзалары.
Колдо жасалган жардыргыч каражаттын сүрөтү Ак-Сайдагы өрттөнгөн имараттарынын биринен тартылган.
Ак-Сайда күйүп кеткен унаа. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаевдин билдиришинче, түзүлгөн тогуз жумушчу топ кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам келтирилген чыгымдарды эсептеп жатат.
14-17-сентябрда куралдуу кагылышууда алдын ала эсеп боюнча Баткен облусунда 364 турак жай, 168 чарбалык имараттар, беш мектеп, үч бала бакча, бир ФАП, беш администрациялык мекеме жабыркаганы кабарланды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам эвакуацияланган эл үйүнө толук кайта элек. Буга байланыштуу мектеп, бала бакчалардын баары азырынча иштебейт. Ал эми дүкөн, коомдук тамактануучу жайлар, банктарга 20-сентябрдан тарта иш баштоо эскертилгенин президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.
Баткен облусуна республикалык бюджеттен 497,6 миллион сом бөлүнгөнүн 20-сентябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Бул акча куралдуу кагылыштын кесепеттерин жоюуга жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө жумшалат.
Ак-Сай айылынын тургуну.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышуудан Кыргызстанда 59 адам мерт кеткени расмий кабарланды. 183 адам түрдүү жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды.
Ак-Сай кыргыз-тажик чек арасында, Тажикстандын Ворух анклавына жакын жерде жайгашкан.