Касымалиев буга чейин өкмөт башчынын биринчи орун басары болуп турган. Ал өмүр бою мамлекеттик жетекчилик кызматтарда иштеген. Айрым байкоочулар жаңы өкмөт башчы салык, финансы жаатында дасыккан адис экенин, саясий дымагы жоктугун белгилешет.
Жогорку Кеңеште Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги каралып жатканда, депутаттар ага негизинен экономика, салык, социалдык, билим берүү тармактарына тиешелүү суроолорду беришти.
"Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев ал дээрлик бардык суроолорго так жооп бербей жатканын белгиледи. Мындан удам өзүн буга чейин реформатор, менежер катары көрсөтө албаганын айтты. Келечекте сынга сабырдуу болууну сунуштады.
"Мен башынан бери суроо-жоопко дыкат көңүл бөлүп отурам. Адылбек Алешович, сиздин жообуңуз "ойлонобуз, көрөбүз, кеңешебиз" деген эле сөздөр экен. "Чечебиз, аны андай кылабыз" деген бир дагы жооп уккан жокмун. Мен резюмеңизди дагы карап чыктым. Бир сөз менен айтканда, "бул жакшы киши деген" резюме, портрет экен. Жакшы киши деген деле жакшы, бирок андай кесип жок да. Реформатор, менежер, мобул кызматта иштегенде момундай кылып койду дегендей бир чоң жаңылык уккан жокмун. Сиз парламенттик-президенттик башкарууда дагы каржы министри болуп иштегенсиз. Парламенттин жаалын дагы, тапшырмаларын көргөнсүз. Анча-мынча сынга көтөрүмдүү болушуңуз керек деп эсептейм", - деди Акаев.
Дагы караңыз Акылбек Жапаровдун үч жылы. Салык саясаты, кен иштетүү, энергетикаДепутаттар Адылбек Касымалиевдин буга чейинки ишине, көтөргөн демилгелерине кызыгышты. Ал каржы министри болуп турганда бюджет тармагында айрым маселелерди иретке келтиргенин айтты.
"Мен каржы министри болуп турганда төрт-беш жыл кабыл алынбай токтоп калган Бюджеттик кодексти кабыл алганбыз. Төрт-беш мыйзамды бириктирип туруп, бюджетте каражаттар кандай бөлүштүрүлүшү, кандай кабыл аланышы керек деп, ошону кабыл алганбыз. Экинчиден, ошол кезде Каржы министрлигине ар бир министрлик ай сайын келип, мага мынча каражат бөлүп бер деп суранышчу. Анын арты кээ бир жерде эмне менен бүткөнүн билебиз. Биз анын баарын изилдеп көрүп, "кассалык план" деген түшүнүктү киргизип, кирешени үлүшү менен ар бир министрликтерге бөлүп берип койгонбуз. Ошондон тартып министрликтегилер бизге келбей калган, башкармалыктардын жетекчилери "кел, сага бөлүп берем, сага бөлүп бербейм" деген көрүнүштү жоготконбуз. Ошол маалда биринчи кыскартууга мен кабылгам. Ошол маалда үлгү көрсөтөм деп, Финансы министрлиги кыскартылып, оптималдаштыруу болгон. Бирок аны башка министрликтер колдобой, Финансы министрлиги гана оптималдаштырылып калган болчу".
Депутаттар Адылбек Касымалиевдин кыска жана узак мөөнөттөгү программалары тууралуу сурашты. Ал ар келген өкмөт башчы өзүнүн план-прогрмммасын сунуштаган доор өтүп кеткенин айтты.
"Бизде азыр 2021-2016-жылдарга белгиленген программа бар, урматтуу президентибиздин берген багыттары бар. Ошонун алкагында иштейбиз. Эмдиги жылы мартта сиздерге жаңы, 2030-жылга чейинки программаны алып келебиз. Ошол жерде экономика тармагында болобу, социалдык тармакта болобу, кандай конреттүү көрсөткүчтөргө жетишибиз керек деп, баарын жазып сиздерге келебиз. Азыр мурдагы Конституциядай эмес, ал кезде ар бир премьер-министр келгенде, мурдагы программалар унутулуп, жаңылары кабыл алынчу. Азыр биз сиздер менен чогуу бир багытта кетишибиз керек. Ал программа бар", - деди Касымалиев.
Натыйжада депутаттар көпчүлүк добуш менен анын талапкерлигин жактырды.
Дагы караңыз "Күнүнө 2 млрд сомдон таап турушубуз керек". Бюджет кандайча эселеп өсүп жатат?Президент Садыр Жапаров аны ошол эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасы кылып дайындады. Ант берүү аземинин алдында парламентке келип, жаңы өкмөт башчыны экономика жана каржы тармагын ийне-жибине чейин билген адис катары сыпаттады:
"Мен анын өмүр жолуна көз салсам, тээ илгери Ленинград финансы-экономикалык институтун аяктагандан кийин каржы, салык, жыйымдар боюнча жөнөкөй кызматкерден баштап, жетекчилик кызматтарга чейин бир топ баскычтарды басып өтүптүр. Айрыкча экономика жана каржы министри кызматын аркалап, өлкөбүздүн бул тармактарын ийне-жибине чейин тийиштүү тажрыйба топтогонун сиздер деле жакшы билесиздер".
Адылбек Касымалиев 2011-2015-жылдары экономика министринин орун басары турган. Ал 2015-2018-жылдары финансы министри болуп иштеген.
Октябрь окуяларынан киийн келген бийликтин тушунда, 2021-жылы кыска мөөнөткө президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болгон. Көп өтпөй Венгер-кыргыз фондунун башкармалыгынын мүчөсү болуп дайындалган, бирок кайра эле Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына келген.
Бул кызматтарда турганда анын аты кандайдыр бир чуулгандуу иштерге байланыштуу аталган эмес. Ишинде дагы олуттуу кемчилик болгону тууралуу ачык маалымат жок. 2018-жылы Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда ошол маалдагы каржы министи Адылбек Касымалиев сөгүш алган жетекчилердин бири болгон.
Касымалиев менен жакындан иштешкендер аны жумшак, адамдын көңүлүн оорутпаган сыпайы, жупуну жетекчи катары мүнөздөшөт.
Мурдагы өкмөт башчы, Соода палатасынын төрагасы Темир Сариев аны дасыккан адис, мамлекеттик ишмер катары мүнөздөдү. Адылбек Касымалиев буга чейин ыкчам кабыл алынган чечимдерди иретке салуу жагынан мыкты иштейт деген оюн айтты.
"Адылбек Алешович абдан токтоо, чечимдерди шашпай кабыл алат, ашыкча сүйлөбөйт. Мен ага мындай деп сүрөттөмө берет элем: эгер анын чөнтөгүндө 100 сом болсо, анда ал 99 сомго гана сүйлөйт, дайыма запас калтырып жүрөт. Анткени көп жыл мамлекеттик кызматта жүрүп аябай такшалган. Салык саясатын, макроэкономикалык багыттарды жакшы түшүнөт. Финансы министри болуп иштеп турганда бюджетти, анын аткарылышын, булактарын көзөмөл кылууну - баарын башынан өткөргөн. Көптөгөн өзгөрүүлөрдөн кийин токтоо адам келип кабыл алынган ыкчам чечимдердин баарын бир ирээтке сала турган адам керек болду окшойт. Адылбек Алешовичтин буга мүнөзү туура келет, тажрыйбасы жетет. Экинчиден, ал аябай таза жүргөн жигит. Эч качан кандайдыр бир күмөн санаткан иштерге аралашкан эмес. Үчүнчүдөн, ар бир жамаатка келгенде аларга тапшырма коюп иштетип кеткен. Анткени баарын иштетип кете алат. Мени менен бир топ жыл чогуу иштеди, орун басарым болду. Мен өкмөттү башкарып турганда министр болду. Убактылуу өкмөттүн тушунда мен көзөмөлдөгөн тармакты башкарып турду. Эң кыйын ошол учурда Салык кызматынын башында туруп салыктарды чогултуп, мамлекеттин финансылык милдеттенмелерин аткарган. Адатта жетекчилер эки нерсеге басым жасайт: айрымдары келип, көп жаңылык киргизем дейт, кээде шашып да кетишет. Башкалары болсо, тескерисинче, болгон мүмкүнчүлүктү колдонуп, ишке ашырат. Адылбек ушул экинчи топтогу жетекчилердин катарына кирет", - деди Сариев.
Деген менен маясатчы, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков болсо Касымалиев тапшырманы гана аткара билген кадр деп эсептейт:
"Мен Адылбек Касымалиевди жакшы билем. Аскар Акаевдин тушунан бери айрым кызматтарда чогуу иштедик. Анын өзгөчө таланты, көрүнүктүү сапаттары деле жок. Техникалык кызматкер. Дайыма жогору жактагылар, жетекчиси кандай тапшырма берсе, ошону гана аткарган ортодон жогору кызматчы болуп иштеп келди. Өз алдынча эч убакта иштеген эмес. Көп убактарда орун басар болуп иштеп келген. Жеке өзү чечим кабыл алуу маданияты, тажрыйбасы жок, дайыма жогору жакты карап жүргөн жетекчи болуп эсептелет. Мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү чеимдерди кабыл алууга мүнөзү, тажрыйбасы жок деп эсептейм. Өз алдынча чечим кабыл албаган адамдын, албетте, амбициясы, дымагы жок. Министрлер кабинетинин башчысы катары иштеши оор болот. Анткени бул кызматтагы адам баары бир жоопкерчиликти өзүнө алышы керек болот. Кээде президент өзүнө албаган чечимдер да болот, мындай чечимдер ал киши үчүн оор эле болот".
Дагы караңыз Өкмөт элден үч жылда 100 млрд сом карыз алууну көздөп турат
Парламентте Касымалиев таза иштөөнү убада берди жана өзүнүн биринчи орун басары кызматына Данияр Амангелидевди, экономика жана коммерция министрлигине Бакыт Сыдыковду өзү тандаганын, алар үчүн өзү жооптуу болорун билдирди.
Адылбек Касымалиев 64 жашта, ал Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда туулган. Касымалиев Орусиядагы Ленинград финансы-экономикалык институтун аяктап, экономист адистигин алган. 1990-жылга чейин кенже илимий кызматкер, Жол-курулуш батальонунун финансылык кызматынын жетекчиси болуп турган. Өлкө эгемендик алгандан тартып эле салык тармагына келген жана бир канча жыл жетекчилик кызматтарда турган, салык кызматынын төрагасы дагы болгон. Ал өлкөнүн эгемен тарыхында 28-өкмөт башчы болуп калды.
2021-жылы күчүнө кирген Баш мыйзам боюнча Кыргызстанда президенттик башкаруу кирип, аткаруу бийлигинин башында президент өзү турат. Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы болсо өкмөттүн ишин көзөмөлдөө менен катар Президенттик администрациянын ишмердигин да уюштурат. Ушундай кырдаалда Министрлер кабинетинин башына келген адам ашык саясий амбициясы жок, аппараттык тажрыйбасы мол адам болушу керек деген пикирлер айтылып келет. Коомчулукта Адылбек Касымалиев негизинен ушул өңдүү критерийлердин негизинде тандалды деген пикирлер бар.