Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова тууганын жумушка орноштуруу жөнүндө саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен сүйлөшкөнүн жокко чыгарды. Ошол эле маалда министр мындай мазмундагы баарлашуу болгонун ырастады.
Мунун алдында 24.кж сайтынын журналисти парламентте экөөнүн жумушка орноштуруу жөнүндө сүйлөшүүсүн жаздырып алып, анда "Нарматова тууганын жумушка алууну сураганын" билдирген. Бул коомчулукта талкуу жараткан.
Буга чейин дагы айрым министрлер аларга кайсы бир депутаттар тууган-жакынын жумушка коюуну суранып, талап кылган учурлар болгонун айтып чыгышкан эле.
24.кж маалымат агенттигинин журналисти саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен депутат Надира Нарматованын сүйлөшүүсүнө 9-октябрда парламенттин күтүү залында күбө болгон. Агенттик жарыялаган видеодон Нарматованын министрден тууганын жалпы хирургия бөлүмүнө орноштуруп берүү тууралуу суранып жатканын угууга болот.
Бирок Нарматова министрден кызмат жөнүндө суранганын четке кагып жатат. Ал Фейсбуктагы баракчасына сөздөрүн бурмалап салган деп журналистти күнөөлөп жазды.
"Маалыматтык согуш жүрүп жатат. Аны баамдап турам. Адам катары учурашып, турмуштук ар түрдүү сөздөрдү тамашалап сүйлөшүп олтурганбыз. Адам менен адам учурашып сүйлөшөт да. Сүйлөшүп олтурсак, министрге бирөө телефон чалды. Телефон менен сүйлөшүп жаткан. Биз маани бербедик. Биз башка эле сөздү сүйлөшүп жатканбыз. Бир кыз отурган. Түшүнүп-түшүнбөй, божомолдоп, жалаа жаап жазып чыгыптыр. Кудай урбадыбы биротоло! Журналисттердин көзүнчө адам катары учурашып, тамашалашып, сүйлөшө да албай калган заман болуп калдыбы?! Ар бир сөздү бурмалап, жалаа жаап жазышып... Ал жерде жумуш сурап суранган сөз сүйлөнгөн жок. Менин туугандарымдын баарынын өз орду бар. Диплому да бар. Бешене тер эмгектенип жашоо улашат", - деп жазды Нарматова.
Бирок министр Бейшеналиев 10-октябрда 24.кж агенттигине комментарий берип жатып, Нарматова менен анын тууганын ишке орноштуруу жөнүндө сүйлөшкөнүн ырастады. Ал муну "кадр таңкыстыгы" менен негиздеп, депутаттын тууганына байланыштуу маселени ошол оорукананын жетекчиси чечерин айтты.
"Билбейм, мен ал жакка жөнөтүп эле койдум да. Кардиологияда, кардиотерапияда штат жетишпейт, кызматкерлердин баары кетип калган, менчик ооруканаларга кетишкен, мамлекеттик ооруканаларда иштегилери келбейт. Ал жаш экен, директорго карап көр деп жөнөттүм, ал жарайбы же жокпу, карап көрөт. Ал жакта штаттык таңкыстык болуп атат", - деген Бейшеналиев.
Дагы караңыз Өкмөттөгү өзгөрүү Бейшеналиев менен Зулушев жаңжалын эске салдыДеген менен бул окуя кадр саясаты, ага кийлигишкендер тууралуу талаш-талкууну жандантты. Өкмөттөгү жагдайды жакшы билгендер кайсы бир депутаттын министрге жеке маселелери менен кайрылган учурлары кадыресе көрүнүш экенин белгилешет.
Билим берүү министринин мурдагы кеңешчиси Гуля Алмамбетованын ырасташынча, өкмөт өкүлдөрү көп учурда мындай талап-суранычты аткарууга аргасыз болот:
"Депутаттар министрлерге жакшы эле басым жасашат. Анткени ар бир мамлекеттик органдын парламенттен алып өтүүчү бир топ эле маселелери турат. Мисалы, эл аралык келишимдер ратификациядан өтөт. Аларды укпаган министрлердин келишимдерин колдобой коюшат. Менин оюмча, муну "парламенттик рэкет" деп эле койсо болот. Мына мага эле канча чалуу болду, "менин баламды, менин түкүнчөмдү, электоратымды" деп эле чала беришет. Азыр эми Бейшеналиевди күнөөкөр кылып жатышат. Мисалы, ал бир топ маселелер боюнча парламентке келет. Эгер укпай койсо, аны урушат, абийирин кетиришет, мазакташат. Азыр бизде министр деген байкуштар да. Ар бир министр депутаттарга көз каранды. Министрди дагы жакшы түшүнүш керек. Аларга Ак үйдөн да чалуу болот. Министрлердин 80% убактысы жалдырап эле Жогорку Кеңеште жүрүү менен өтөт. Эгер Бейшеналиев Нарматованы укпай койсо, анда ал министрдин айласын кетириши мүмкүн. Бул аргасыз абал болуп жатат да. Мисалы, министрликтерде бир эле аралык келишимди даярдоого бир-эки жыл кетет, анан ратификациялоо жараянына келгенде депутаттар чалкасынан кетишет. "Менин тууганымды жумушка албай койгонсун, мени жаман көзүң менен карап койгонсуң, ашка чакырбай койгонсуң" дегендей болбогон шылтоолор менен байкуш министрлерди жалдыратышат".
Жогорку Кеңештин төрагасы жана басма сөз кызматы министр менен депутаттын окуясы тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев кадр маселесине мындай кийлигишүү токтошу керектигин айтты:
"Нарматова өзү кайра жооп жазып, "мен антип сүйлөгөн эмесмин, жаңылыш жасалмалап жатышат" деп чыкпадыбы. Мен бул жөнүндө эч нерсе айта албайм. Бул эми адам фактору экен да. Баягы 30 жылдагы көнүп калган көнүмүш. Ошондон чыга албай жатабыз. Азыр жаңы тартипке, жаңы багытка баратканыбызды түшүнө албай жатышат да. Баягыдай эле көрүп атышат. Президент "тааныштык болбойт, телефондон команда берүү болбойт, баарыбыз мыйзам менен иштейбиз, мыйзамдуу жолго түшөбүз, жаңы Кыргызстанды курууга багыт алдык" деп кайта-кайта айтып жатпайбы. Эми баягы көнүмүш адат калат, токтойт. Анткени багыт ошол жакка баратат. Ага окшогон иштердин баары, буюрса, токтойт".
Жогорку Кеңештин мурдагы депутат Бейшенбек Абдразаков кадрларды кызматка коюуда тааныш-билиштикке жол бербеген атайын система болушу керек деп эсептейт:
"Бул, албетте, туура эмес, мындай болбошу керек. Бирок биздин депутаттар буга 30 жылдан бери көнүп калган да. Булар шайлоого чоң акчаларды чачат, убадаларды берет, ошолордун баарынын ордун толтурганга, чогултканга аракет кылышат, кадр маселесине кийлигишет. Эми мындан ары андай болбошу керек, анткени азыр бизде парламенттик башкаруу эмес. Президенттик башкарууда болгондон кийин кадр маселесин ал өзү чечиши керек. Кадр маселеси дегенде өлкө боюнча кадрлардын казынасы болушу керек. Ошол жерде бардык багыттагы адистердин тизмеси турушу керек. Алар тесттен өтүп, экзамен тапшырып, ар бири баллына жараша кезекте турушу керек. Ким көп балл алса, ошолор биринчи кызматка коюлушу керек. Министрлер кабинетинин төрагасы дагы, президент дагы, депутаттар дагы кадр маселелерине кийлигишпеши керек. Бизде ушул кадр маселеси 30 жылдан бери туура жолго коюлбай келе жатат. Жалаң эле тааныш-тууган, куда-сөөк, өкүл бала, өкүл ата деп эле дегендер чечип келген. Азыр кадр маселесине депутаттарды такыр аралаштырбаш керек".
Былтыр июнда парламентти ошол кездеги энергетика министри Доскул Бекмурзаев менен вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев кайым айтышкан. Анда өкмөт өкүлү депутатты инисин жумушка коюу тууралуу суранганын эскерип, пикир келишпестиктин төркүнүн ошону менен негиздеген. Сыдыгалиев тууганын жумушка алуу тууралуу бир жыл мурда айтканын, бирок ошондон бери суранбаганын билдирип, дооматтарды четке каккан.
Надира Нарматова Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты. Учурда анын аты “Чет элдик өкүл” мыйзамынын долбооруна байланыштуу аталып, талкууланып келет.
Мыйзам долбоорун депутат Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, бүгүнкү күндө 20сы калды.
Долбоордун концепциясын Жогорку Кеңештин эки комитети колдоду жана 17-октябрда парламенттик талкуу уюштуруу чечими кабыл алынды.