Президент Садыр Жапаров коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш, ал эми транспорт жана коммуникациялар министри Эркин Осоев менен өзүнүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Алтынбек Сулаймановго сөгүш берди.
Июнь айында кызматынан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алды. Мунун алдында өкмөт башчы Акылбек Жапаров президенттик администрациянын башчысы катары коллегия өткөрүп, анда чиновниктердин ишин баалоо жол-жобосу сунушталганы белгилүү болгон. Өлкө президенттик башкарууга өткөндөн бери кадр саясаты тууралуу талаш-талкуулар токтой элек.
Президент Садыр Жапаров 19-августта коргоо министри Бактыбек Бекболотовго "жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн" деген жүйө менен катуу сөгүш берди. Анын басма сөз кызматы өкмөт өкүлүнө бул жаза кандай кемчилиги үчүн берилгенин тактаган жок.
Мунун алдында Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөгөн Сыргак Сабырбеков октон каза болгону белгилүү болгон. Ал өткөн айдан бери кызмат өтөп жүргөндө мерт болгон төртүнчү аскер болуп калды.
Бекболотов "Азаттыкка" учкай комментарий берип, соңку окуяларды "балдардын аскерге даяр эместиги" менен түшүндүргөн жана анын мындай билдирүүсү аскер башчыларынын жоопкерчлииги тууралуу талкууга жол ачкан.
Ушул эле күнү Садыр Жапаров транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевге сөгүш, ал эми өзүнүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Алтынбек Сулаймановго, аталган облустун милиция башчысы Канат Жумагазиевге, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгынын жетекчиси Руслан Термеевге эскертүү берди.
Расмий маалыматта аларга мындай дисциплинардык жаза чара "жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы, "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкты ишке ашыруудагы кемчиликтери үчүн берилгени" жазылган.
Садыр Жапаров апрелде “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, эмдиги жылдан тартып пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салынган. Жарлыктын алкагында аймактагы экологияны сактоого байланыштуу бир катар тапшырмалар берилгени, өкмөт келерки төрт жылга программа даярдап, аны бекитүүгө милдеттендирилгени маалымдалган.
Талдоочу Марс Сариевдин баамында, президент бардык жоопкерчилик өзүндө экенин түшүнүп жатат. Мындан улам ал кадрларды жаңылоо саясатын жүргүзүшү керек.
"Кандай ката кетсе дагы, райондун акими болобу, айыл өкмөтүнүн башчысынын ишинде ката болобу, баары келип эле Садыр Жапаровго сөз тийип жатат. Ал муну түшүнүп жатат. Ошон үчүн кадр жаатында сапаттык өзгөрүү, элиталардын алмашуусу болбосо анда стагнация болот. Себеби, эски кадрлар эскиче иштегенге көнгөн. Кландык-корпоративдик убактан берки кадрлар. Азыр креативдүү кадрлар керек. Андай кадрлар бар бизде, бирок мамлекеттик аппарат аларды бийликке жолотпой жатпайбы. Ал жак өзүнчө эле бир организм болуп калды. Эгер кадрларды жаңылоо саясаты болбосо бул кризиске алып келет".
"Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү, укук коргоочу Рита Карасартова кадр саясатындагы мыйзамдык жагдайларга токтолду. Ал ошондой эле Кыргызстанда чиновиниктер жоопкерчиликти алып, кызматын өзү тапшырып берген маданият калыптанбай жатканын белгиледи.
"Эн башкысы бул - мыйзамдуулук. Кадр саясатын жалпылап айта турган болсок, азыр президент өзүнүн жарлыгы менен мектеп директорлорун шайлоого чейин кийлигишип жатат. Эмгек кодексин, айрым директорлор жергиликтүү кеңештин депутаты экенин, кээ бирлерин ошол жердегилер жакшы мектеп директору экенин айтканына, мыйзам чегинде коргоп калалы дегенине болбой президенттин жарлыгы бар, баарын кетиребиз деген жагы бар. Анын колунда парламент турат, "беш жылдан ашык иштебесин" деген талапты киргизгиси келсе анда аны мыйзамга киргизип алсын да. Бардык укуктук-ченемдик актылардын негизинде жасашы керек эле. Коргоо министрин ала турган болсок, эки айдын ичинде төрт жоокердин каза болушу бул чоң көрсөткүч, ал кызматтан өзү кетиши керек эле. Алар өзүн өзү кокусунан атып алды деген күндө дагы, суицидге барды деген күндө ата-энелери андай ишке барбасын айтып, шектенип жатат. Министр "менин системамда ушундай окуялар болду, бирөөнүн алтындай баласы каза болду" деп кызматынан өзү эле кетип калышы керек эле. Ушундай маданият калыптанса жакшы болмок, болбосо алар "бет тырмоочулук" кылып эле отурушат. Кызматка алып жатканда сынак болуп, ошол тармакты канчалык жакшырта алары тууралуу планын, программасын жазып келиши керек эле. Программалардын ат салуушу жок. Анан калса түрдүү журналисттик иликтөөлөр чыгып, кайсы бир кызматка президенттин туугандары, достору, туугандарырын куда-сөөгү дайындалганы тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Бул деле жакшы көрүнүш эмес",-деди Карасартова.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 19-августта президенттик администрациянын башчысы катары коллегия өткөргөнү белгилүү болгон. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда мамлекеттик органдардын ишин баалоо ыкмасы сунушталганын билдирген.
"Анын негизги принциби бирдиктүү жоопкерчилик саналат. Мындан ары тигил же бул иш-чараны аткарууга тартылган мамлекеттик органдар бирдей жоопкерчилик алат. Коллегияда алгач Айыл чарба жана Энергетика министрлигинин иши каралды. Анда берилген тапшырмалардын, белгиленген пландардын аткарылышы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, президенттин администрациясынын укук бөлүмү аталган министрликтердеги ченемдик укуктук актыларды даярдоо иштерин баалады. Акылбек Жапаров жыл аягына чейин бардык министрлик, мекмелердин ишинин жыйынтыгы ушундай эле жол менен чыгарыларын, тийиштүү чечимдер кабыл алынарын белгиледи",деп жазылган маалыматта.
Деген менен талдоочу Нурсултан Акылбек кадр саясатында түшүнүксүз жагдайлар бар деген ойдо. Анын пикиринде, бул жаатта ачык-айкындууулук жетишсиз.
"Аткаминерлерди жазалоо бир аз түшүнүксүз болуп калды. Себептери ачык-акын айтылган жок. Экологияга байланыштуу жалпыланып айтылып калды. Муну "публикага ойноо" катары гана сыпаттайм. Себеби, президент "мен иштеп жатам, бардык нерсе көзөмөлүмдө, жаза колдонууга эрким жетет" дегендей болуп жатат. Бул жерде президенттин эрки эмес, ошол чечимдер эмнеге, кантип кабыл алынганында болуп жатат. Экинчиден, кечээ Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан алынды. Ал өзүнүн иш-аракеттери менен саламаттык сактоо тармагын менчиктештирип алгандай таасир калтырган. Аны кинодогудай кылып кармап кетишкени, башкы прокурор менен тирешинде президент анын тарабында болгондой таасир, бир кылмыш ишинин кыскарганы бир топ суроолорду жаратат. Эгер аны азыр кызматтан бошотуп жатса, эмнеге ушул иштердин башында эле иштен кетирген эмес деген суроо жаралды. Мындан улам кадр саясаты боюнча коомго эле эмес, өзүнө деле жооп бере албай жаткандай болуп жатат. Бул жерде көбүрөк эмоция болуп жатабы, же кандайдыр бир башка себеби барбы, түшүнүксүз".
Садыр Жапаров 20-августта чиновниктерге байланыштуу дагы бир билдирүү жасады. Ал Фейсбуктагы баракчасына министрликтерге, мамлекеттик-мекеме органдарга сентябрга чейин санарипке өтүү тапшырмасы берилген белгилеп, бул жараянга өтпөй жаткандардын тизмесин жарыялады.
Анда "таблицада көрүнүп тургандай кайсыл министрлик толук маалыматты 1-сентябрга чейин бербесе, 2-сентябрь күнү өз каалооңуздар менен арызыңарды жазып келе берсеңер болот. Санарипке өтүүнү каалабаган министрлик же мамлекеттик мекемелер коррупциялашкан мекемелер. "Мурдагыдай эле кагаз менен иштеп, уурдап жашай беребиз" дегендер деп билебиз",-деп жазды.
Өткөн айда өкмөттүн кеңейтилген жыйынында Садыр Жапаров "жалкоо кадрлардын арылуу" керектигин "азыр уктап жатчу мезгил эместигин" билдирген жана өкмөт өкүлдөрүн маал-маалы менен жер-жерлерди кыдырып жана соцтрамактар аркылуу коомчулукка маалымат берип турууну тапшырган эле.