Жакынкы Чыгыштагы кырдаал. Комментарийсиз видео

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Израилдин бийлиги ХАМАС радикал кыймылы 7-октябрда кол салган шаарларга көзөмөлүн орнотконун билдирди. БУУнун Коопсуздук кеңеши 9-октябрга караган түнү чукул жыйынга чогулуп, ХАМАСтын Израилге кол салышын бир добуштан айыптады. Жалпы билдирүү кабыл алынган жок.

7-октябрда ХАМАС радикал кыймылы Израилге абадан чабуул коюп, бир нече калктуу конушка кирип барган. Анда 700дөн ашуун израилдик каза тапкан, 2 миңден көбү жараат алган. Израил Газага сокку ура баштаган. Палестина 400дөн ашык киши каза таап, 2300ү жараат алганын маалымдады. Израилде 50 жылдан бери биринчи жолу согуштук абал жарыяланды. Газа тилкесиндеги жана Израилдин аны менен чектеш аймагында тартылган тасманы комментарийсиз көрсөтөбүз.