Орус бийликтери азери жигитти атайлап басмырладыбы?

Орхан Зейналов кармалган учурда. 15-октябрь, 2013-жыл

Орусияда телеканалдар өткөн аптада Щербаков аттуу жаш адамды бычак сайып өлтүргөн деп шектелген азери жигиттин камакка алынганын байма-бай көргөзүштү.
Ага удаа Москвада бир өзбек жана бир азербайжандык жарандын өлүгү табылганы кабарланды.

Алгач өткөн аптада 25 жаштагы москвалык Егор Щербаковду анын сүйлөшкөн кызынын көз алдында кавказдык адам бычак сайып өлтүрдү деген кабар тараган эле.

Мигранттарга каршы тынымсыз рейддер жана элдик тополоңдор менен коштолгон окуя андан ары өнүгүп отуруп, ошол кылмышты жасаган деп шектелген азери улутундагы Орхан Зейналовду полиция колго түшүргөнүн шейшембиде Орусиядагы бардык телеканалдар көргөзүп жатып калышты. Атүгүл Зейналовду колдорун бурап, полиция жерге жыгып алып капталынан жана үстүнөн тепкилей кеткени видеого тартылып, интернетте тарап кеткенде, Азербайжан жана башка жерлерде орус полициясы бул ишти Голливуддун тасмасына айландырды деген айыптоолор күч алды.

Бириюлево, Москва. 13-октябрь, 2013-жыл

Интернетте заматта жайылып кеткен видеотасмада полициячылар аны калың такасы менен тээп жерге жыгып, Зейналов эти ооруп кыйкырганы угулат. Офицерлер Зейналовду күнөөсүн мойнуна алдырууга күч үрөп, анысы ишке ашпай калганда шектүүнү машинеге сүйрөп киргизишет. 30 жаштагы мигрант жигит машинеге эки колу артка кайрылып байланган бойдон жаткырылып, ошол жерден камера анын бети-башын бажырайта тартып, суракка алынып жатканын көргөзөт. Вертолет менен Коломна шаарынан Москвага жеткирилген Зейналов аздан соң Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцевдин алдына алып барылып, министр офицерлерин шектүүнү кармаганы үчүн куттуктап жаткан болот.

Азербайжандагы көз карандысыз маалымат каражаттары Зейналовдун кармалышын жана анын кадимкидей кордолуп, басмырланганын көргөзгөн орус полициясы менен телеканалдарын “театралдаштырылган акция” уюштурду деп күнөөлөштү. Бакулук “Азадлик” басылмасы орус өкмөтү Азербайжан бийликтерин бир аз эле сыйласа, мынчалык адамгерчиликсиз ишке барбайт эле деп билдирди.

Бакунун Москвадагы расмий өкүлдөрүнүн бири Элдар Самадов “тилекке каршы, мындай киши өлтүрүүлөр күн алыс болуп жатат, Зейналовдун кармалышын улам кайра теледен көрсөтүүнүн артында кандай саясат жатканын түшүнгөн жокпуз”, - деп белгилеп, Москвада жашап жаткан миңдеген азербайжандык ушул видеонун айынан чабуулга кабылышы мүмкүн экенин эскертти.

Егор Щербаковду өлтүрдү деген адамдын фотороботу. 14-октябрь, 2013-жыл

Самадов бул билдирүүнү жасаган күнү, шаршембиде, Москвадагы Измайлово районунда бычакталып өлтүрүлгөнүн азербайжан жаранынын өлүгү табылды. Андан мурунку күнү Орусиянын Тергөө комитети 51 жаштагы өзбек жаранынын жасаты табылганын кабарлаган эле. Анын да денесинин бир канча жерине бычак урулуп, жан берген экен.

Москванын Бирюлево районунда абал жекшембиде улутчул маанайдагы жаштар жер-жемиш базасына чабуул койгондо кескин курчуп кеткен болчу. Мигранттарга каарданган жаштардын тобу бул райондо орус жигиттин өлтүрүлүшүн чет өлкөлүктөрдөн көрүп, массалык тополоң уюштуруп, полиция менен кагылышкан.

Эки күнү катар полиция мигранттарга каршы рейд өткөрүп, 1200дөн ашуун кишини камакка алган. Шаршембиде да Москвада 44 эмгек мигранты рейд учурунда кармалганы кабарланды. Алардын арасында 14 кыргызстандык жаран болгонун "Азаттыкка" Кыргызстандын Москвадагы элчилиги маалымдаган.

Кыргыз жарандарынын тогузу документтери жайында болгондуктан, онунчусу соттун чечими менен бошотулган. Элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукееванын айтымында, калган төрт кыргызстандык Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузду деген негизде өлкөдөн чыгарылмай болду. Учурда алар миграциялык мыйзамды бузган чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

“Эл аралык мунапыс” уюму мигранттардын массалык камалышы “Орусиядагы дискриминациялык саясаттын айкын мисалы” деп бийликтердин бул кадамын айыптады.