Акын элин таштап кетти

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Бир нече китептин автору, көп жылдан бери медиа тармагында эмгектенип келген журналист 29-апрелде 44 жашында дүйнөдөн кайтты.

Коштошуу зыйнаты Ажыматовдун үйүндө, «Дордой» жаңы конушунда өттү.

 

Акын менен коштошуу зыйнатына президенттин кеңешчиси Султан Раев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов баштаган бийлик өкүлдөрү, маркумдун калемдештери, коомчулук өкүлдөрү, кесиптештери жана жакындары катышты.

Эл акыны Шайлообек Дүйшеев кыргызга таланттар топ-тобу менен келип, топ-тобу менен кетерин айтты. "Мен азыр дал ушул Элмирбек менен Зайырбектей дүйнөдөн эрте өтүп кеткен Орусиянын улуу акындары Александр Пушкинди, Сергей Есенининди, Владимир Маяковскийди бу жалган дүйнө менен эрте кош айтышкан Юрий Лермонтовду эстедим".

Зайырбек Ажыматов 2019-жылы «Жүрөктөгү бороон» жаңы ырлар жыйнагын чыгарган. Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болгон.

 Эл жазуучусу Султан Раев акындын өлүмү калың журтуна чоң белги экенин белгиледи. "Зайырбек да, Элмирбек да бизге адамдар бири-бирибизди баалайлы деген керээз калтырып келди. Зайырбектин ырлары эмне деген ырлар. Өзүнүн арманын жазып кеткен экен. Эми анын экинчи өмүрү 6 миллион элдин жүрөгүндө жашай баштайт. Зайырбек бекеринен нөл деп жазган эмес. Нөл деген бул жок деген сөз эмес, нөл деген бул чексиздик деген сөз".

Зайырбек Ажыматовдун досу, акын Мирлан Самыйкожо коштошуу сөзүндө "Турмуш деген эмес, Кыргыз деген" акын кеткенин белгилеп, анын элине арнап жазган арнаган ырын окуду.

Акындын артында жубайы, эки уул, эки кызы калды.

Кыргыз-казакка таанымал төкмө акын, комузчу, обончу, манасчы, Кыргызстандын Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Бул окуядан кийин Зайырбек Ажыматов катуу кайгыга түшүп, өзүн коёрго жер таппай жүргөн. Анан эле кан басымы капыстан түшүп кетип, 29-апрелде каза болуп калды. 

Маркумдун сөөгү бүгүн 1-майда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.

«Азаттык» радиосунун эмгек жамааты Зайырбек Ажыматовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

«Азаттыктын» кабарчысы, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов менен коштошуу зыйнаты бүгүн өзүнүн үйүндө өттү. Маркумдун сөөгү бүгүн 1-майда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет.