"Мүңкүрөп турганда "Азаттык" жашоомду өзгөрткөн"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2016-жылы “Азаттык” “Майыптыгы бар жигиттин онлайн бизнеси” аттуу видео тасма тарткан. Анда эки буту баспай, төшөктө жаткан Ат-Башы районунун Большевик айылынын тургуну Рахатбек Үсөнкожоевдин талыкпаган эмгеги тууралуу кеңири баяндалган. Бул тасма анын "Даңк" медалы менен сыйланышына жана жашоосундагы чоң өзгөрүштөргө себеп болгон.