Казакстандын Мангыстау облусунда жашаган Бердимурат Төрекенов социалдык тармактарда өлгөн жылкыларынын сүрөтүн коюп, аймактагы бир нече калктуу конуштарда ысыктын жана кургакчылыктын кесепетинен бодо малга суу жетпей кырыла баштаганын билдирди.
"Мал ысыкка чыдабай жерге жата калып атат. Жылкынын териси агарып кеткен. Өлөйүн деп тура албай жатат", - деди Төрекенов.
Анын бул билдирүүсү дароо социалдык тармактарда талкууга түшүп, кургакчылык жана катуу ысык менен алпурушкан чабандарга бийлик колдоо көрсөтүшү керек деген сунуштар айтылган.
Казакстандык Tengrinews.kz сайты 2-июнда өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин мал чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү бөлүмүнүн жетекчиси Эркебулан Ахметовго таянып, дыйкан чарбаларына жем-чөп жеткирүү боюнча атайын өнөктүк башталганын жазды.
Аткаминер акыркы үч жылда жай өтө ысык болуп жатканын белгилеген.
"Кышында кар аз жаады, жаан-чачындын нормасы орточо деңгээлден төмөн болду. Күн ысык болуп, жаан жаабаганы үчүн чөп күйүп кетти. Айрыкча акыркы үч жылда кургакчылык болууда", - деди Ахметов.
Коңшу Өзбекстанда да күн катуу ысып, рекорддук чектен аша баштады. "Узгидромет" 1-июнда кабарлагандай, соңку күндөрү Бухара облусунда абанын температурасы 43 градуска чейин көтөрүлдү. Бул аймакта акыркы жолу 1967-жылы 40 градустан ашкан ысык болгон.
Күндүн ысышы Өзбекстандын башка аймактарында да байкалууда. Күндүн табына байкоо салган адистердин божомолунда, мындай аба ырайы апта соңуна чейин сакталат.
Шаршембиде болсо Өзбекстандын Жизак жана Навои облустарында болгон катуу шамал айрым үйлөрдүн чатырын учуруп кеткени кабарланды. Мындай кум аралашкан шамал баш калаа Ташкентте да катталган. Адистер мындай чаңдуу бороон Борбор Азиянын бардык аймактарында, өзгөчө жайдын чилдесинде кадимки көрүнүш экенин белгилешет.
Түркмөнстанда метеорологдор жакынкы күндөрү өлкөдө абанын температурасы 55 градуска жетиши мүмкүн экенин эскертишти.
"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын журналисттери, ушул күндөрү өлкөнүн Мары облусунда күн катуу ысып, каза болгондор көбөйгөнүн айтышат .
"Биздин айылдарда ушул күндөрү каза болгондор көп, күн сайын 2-3 адам каза болот. Адамдар ысыкка туруштук бере албай өлүп жатышат", - деди атын атагысы келбеген жергиликтүү тургун.
Жергиликтүү серепчилер аптап ансыз деле экономикалык кризис менен алпурушкан түркмөнстандыктарга дагы бир сокку алып келиши мүмкүн экенин айтышууда.
Түркмөнстандагы катуу ысык табыгий катаклизмге гана эмес, элдин жакырчылыгына жана экономиканын таңкыстыкка кептелери айтылууда.
Дүйнөлүк эксперттер климаттын өзгөрүшүнөн Кыргызстан да четте калбаганын белгилеп келет. Акыркы күндөрү борбор калаада күн катуу ысып жатканы байкалат.
Мындан бир канча ай мурда Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары, ардактуу консул Женифер Такер Бишкекте өткөн климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жыйында Кыргызстан дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнөн, атмосферанын ысышынан жапа чеккен өлкөлөрдүн сап башында турарын билдирген. Анын айтымында, акыркы 20 жылдан бери өлкөдөгү абанын орточо температурасы барган сайын көтөрүлүүдө.
«Эң эле пессимисттик божомолдор боюнча ушул кылымдын аягына чейин Кыргызстандагы орточо абанын температурасы 0,8 градустан 1 градуска чейин көтөрүлөт, - деген ал. - Мындай өзгөрүү Кыргызстандын флорасы менен фаунасына өтө чоң таасир этет. Өлкөнүн табигый керемет кооздугу менен бай биотүрдүүлүгүн эле талкалап тим болбой, климаттын ысып кетиши калкынын 65% мал чарбачылыгы менен жан баккан өлкөдө жашоо-турмуш, киреше булагына да өтө терс таасир этерин тез эле көрүүгө болот».
Дагы караңыз Табиятты унуткарган саясий туруксуздукАкыркы жылдары окумуштуулар Жер планетасындагы температура ысый баштаганы тууралуу коңгуроо кагып келет. Климаттын өзгөрүшү дүйнөдө бир топ табигый апааттарга жол ачууда.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, 2000-жылдан бери дүйнөдө сел, жер көчкү, цунами эки эсе көбөйгөн. 2000-жылдан 2019-жылга чейин жер жүзүндө 7348 жаратылыш кырсыгы катталып, 1980-1999-жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп болгон. Бул кырсыктардын дээрлик жарымы же үч миңге жакыны Азия континентинде болду. Климаттын өзгөрүшүнөн улам болгон зилзала жана цунамилер 6600 деп эсептелди.
Абанын ашыкча ысышынан 165 миң адам каза болуп, 4,2 миллиард адам жаратылыштагы кырсыктардан жабыркаган. Мындай табигый апааттар дүйнө экономикасына акыркы 20 жылда 3 триллион доллар зыян алып келгени БУУнун акыркы отчётунда жазылган.