Тейлөө жакшырбаса, туризм өнүкпөйт

Чолпон-Ата

Көл жээгинде жыл сайын өтүүчү эл аралык туристтик жармаңке жаңы сезондун бейрасмий ачылышы болуп эсептелет.

30-апрелде Бостериге жергиликтүү жана чет элдик туроператорлор, бийлик өкүлдөрү чогулуп, жайкы сезонго даярдыктар талкууланды.

17-жолу өтүп жаткан иш-чарада өкмөт бул жылы эс алуучулар саны дагы 10 пайызга көбөйөрүн болжоп жатканы белгилүү болду. Маданият министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиев муну мындай жүйө менен негиздеди:

- Орусиядагы жана башка мамлекеттердеги экономикалык каатчылыктан улам Түркияга, Таиландга болгон агымдар азайды. Соңку жылдары Орусиядан, Казакстандан биздин мамлекетке келген туристтердин саны көбөйүүдө. Жыл сайын 100 миң туристке өсүш болсо, быйыл бул сан 150 миңден ашат деп болжолдоп жатабыз.

Боз үй. 2011-жыл

Туристтер келгени менен эс алуу жайларындагы тейлөө шарттары баарынын эле купулуна толбойт. Пансионат, мейманканалардын дээрлик баары жеке менчик болгондуктан, кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртуу жаатында мамлекет өзү ойлогондой талапты коё албайт.

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева өкмөт жеке ишкерлерге насыя берип болсо да быйыл тейлөө шарттарын көтөрүүгө аракет кыларын айтты:

- Бардыгы жеке менчик болгондон кийин биз аларга кеп-кеңешибизди гана бере алабыз. Бирок бир рейтинг системасы болушу керек. Көрсөткөн кызматы, тейлөө шарттары начар болсо биз аларга методикалык жардамдарды беришибиз керек. Мүмкүн насыя алуу керектир. Биринчи кезекте биз ушуну колго алалы, Туризм департаменти муну ойлонуп чыгып, өз сунуштарын берсе.

Туризмди өнүктүрүүдө мамлекеттин моюнундагы милдеттер бул эле эмес. Жергиликтүү инфракструктураны жакшыртуу, эл аралык стандарттагы эс алуу жайларын курууга инвесторлорду тартуу да негизги маселе.

Туроператорлор ассоциациясынын төрагасы Акжолтой Насирдинов мына ушуларга мамлекеттен жетиштүү көңүл бурулбай жатканын айтып, сынга алды:

- Негизгиси инфраструктура. Ириде жолдор оңолуш керек. Инвестициялык климат түзүү, инвестиция тартууга көмөктөшүү зарыл. Биз азыр келем деген кишини тарта албай атабыз. Азыр биз Көлдүн ресурсунун 20-30 пайызын гана пайдаланып жатабыз. Эгер капиталдык салымдар, инвестициялар тартылса салык, жумуш орундардын көлөмүн эки эсе көбөйтүүгө шарт бар.

Ысык-Көл

Жармаңкенин катышуучулары туристтердин коопсуздугу көп адамдарды тынчсыздандырган маселе экенин кошумчалашты. Анын үстүнө быйыл күздө парламенттик шайлоо өткөнү турат. Ага даярдык азыртадан эле башталган. Андыктан жайы менен ар кайсы партиялар келип, элдин тынчын алат деп кыжаалат болгондор бар. Бирок тартип коргоо органдары коомдук-саясий абал тынч болот деп ишендиришүүдө.

- Азыр мурдагыдай заман эмес, кайсы партия келип, эмне кылып атканын артынан түшүп аңдымай жок, эркиндик. Мында эч кандай жаман нерсе жок, өткөндө ат майдандагы курултайга да саясатчылар келип катышты, жаман ишке баралы деген саясий бир нерсе болгон жок. Ал эми жол жабуу, мыйзамсыз чогулуш митингге чыгуу болсо анда бул башка кеп. Анда биз буга каршы коомчулук менен бирге иштешибиз керек, - деди Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Мелис Абдрахманов.

Былтыр Ысык-Көлгө эс алуу үчүн 4 миллиондон ашык турист келсе, анын 175 миңи чет элдик жарандар болгон. Ал эми казынага түшкөн каражат өткөн жылы 500 миллион доллардан ашып, быйыл бул көлөм дагы 10 пайызга өсөрү күтүлүүдө. Бирок адистер туризм тармагынын өнүгүүсү акыркы беш жылдан бери ушул көрсөткүч менен келатканын, толук ресурсту пайдаланууга мамлекеттин аракети чабал болуп жатканын белгилешүүдө.