Шелан округундагы лыжа курортунун башкы менеджери Жош Жоргенсен жана ушул эле округдагы Фермерлер корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы, багбан Ренди Смит “Азаттыкка” маек беришти.
“Азаттык”: Ренди мырза, АКШнын Вашингтон штатынын Шелан округу менен Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун ортосундагы кызматташуу аракети качан башталган?
Ренди Смит: Бул кызматташуу беш жыл мурда башталган. Ошол учурда Кыргызстандан эки элчи жана эки губернатор биздин Шелан округубузга келген эле. Бул округ Вашингтон штатында жайгашкан. Менде Борбор Азия мамлекеттеринен келген адамдар менен 15 жыл мурда таанышуу мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок Кыргызстандан келген өкүлдөр өздөрү биз менен мамиле түзүүгө кызыкдар болгондугу өз ара кызматташууга жол ачты деп ойлойм. Мындан улам биз ортодогу ушул мамилени өнүктүрүү чечимине келдик.
“Азаттык”: Кызматташуунун алкагында сиздер Ысык-Көл облусун кыдырып, таанышып жаткан экенсиздер. Эмнеге Ысык-Көлгө артыкчылык берип жатасыздар?
Жорж Жоргенсен: Менин мурда Кыргызстан, анын ичинде Ысык-Көл облусу туурасында кабарым жок эле. Кыргызстанга келген соң, мен Ысык-Көл биз жашаган Шелан округуна абдан окшош экенине күбө болдум. Көл, тоолор, туризм, айыл чарбасы – ушунун баары так эле биздикиндей. Күзгүдөн карап тургандай сезилет.
“Азаттык”: Сиздер кайсы тармактар боюнча кызматташкыңыздар келет? Негизи эле кандай сунуштар менен келдиңиздер?
Жорж Жоргенсен: Эң биринчи кезекте биз эл менен баарлашып, алар үчүн эмне маанилүү экенин билгибиз келет. Биз алардын каалоолорун угуп билип, андан соң өзүбүздүн пикирибизди айтабыз.
Ренди Смит: Биз өткөн аптада жума, ишемби күнү облустун губернатору менен студенттерди алмашуу туурасында сүйлөштүк. Мындан тышкары билим берүү жаатында эксперттер менен тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү да бар. Анткени биздин бири-бирибизден үйрөнө турган нерсебиз көп экен.
“Азаттык”: Америкалык фермерлер, багбандарга Кыргызстандан үйрөнчү эмнелер бар экен, бул жерде сиздер үчүн эмне жаңылык болду?
Ренди Смит: Биринчиден, бизди сиздердин маданият абдан кызыктырат. Экинчиден, Кыргызстанда алманын көптүгү мени сүйүндүрдү. Алма өстүргөн багбан катары бул жерден мен өзүмдү карьерамды жаңы баштаган учурга кайтып баргандай сездим. Биздин округда дагы 100гө чукул алма өстүрүү менен алектенген адамдар бар.
Жорж Жоргенсен: Эгер туризм туурасында айта турган болсок, мен үчүн туризмдин эң негизи бөлүгү - бул жергиликтүү элдин меймандостугу. Бул жактагылар өзүнүн берешендиги менен айырмаланат экен. Менин бул жерде ошол меймандостук мамиленин алкагында үйрөнө турган нерселерим көп экен.
“Азаттык”: Кыргызстанда туризм дегенде эле Ысык-Көлгө, жайкы эс алууга артыкчылык берилет. Соңку жылдары тоо туризми дагы жандана баштады. Мисалы, ошол эле Каракол шаарындагы лыжа тебүүчү жайлар көптөгөн туристтерди өзүнө тарта баштады. Бул жерлердин популярдуулугун арттыруу үчүн сиз кандай кеңеш берет элеңиз?
Жорж Жоргенсен: Кыргызстандын кайсы тарабына көз чаптырба, бийик тоолорду көрүүгө болот. Бул лыжа туризми үчүн абдан кызыктыруучу шарт. Мен Караколдогу лыжа базасында болдум. Бирок азыр сезон алмашканы үчүн ал жер жабык экен. Келечекте бул лыжа курортунун кандай иштей тургандыгын жакшылап түшүнүү үчүн анын жетекчилиги, менеджерлери менен байланышканга аракет кылам. Башта айткандай, мен төрт жума мурда эле бул жер туурасында эч кандай кабарым жок эле. Азыр баарын өз көзүм менен көрүп, биринчи кадамдар жасалды. Бул кадам уланат деп үмүттөнөм.
“Азаттык”: Кыргызстанга келгениңиздерге үч-төрт күн болгон экен. Бул убакыт аралыгында Ысык-Көлдүн кайсы жерлерин кыдырдыңыздар?
Ренди Смит: Биздин ар бир күнүбүз таңкы саат беште башталып, кечки саат он бирде жыйынтыкталып жатты. Биз абдан көп жерлерде болуп, жалаң жөө жүрдүк. Маданий борборлордо болдук. Студенттер, музыканттар, кол өнөрчүлөр көңүлүбүздү көтөрүштү. Эки жолу кыргыздын боз үйүндө тамактандык. Мындан тышкары лыжа курортторунда болдук. Алма бактары бар жергиликтүү багбандар менен жолугуштук. Ошондой эле биз деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктиктеги Кумтөр алтын кенинде болуп кайттык. Бул сапарыбыздын ар бир кадамы биз үчүн укмуштуудай кызык болду.
“Азаттык”: Жергиликтүү тургундар сиздерди кандай кабыл алышты? Алар менен болгон баарлашууда сиздер үчүн эмне кызык болду?
Жорж Жоргенсен: Бизди эң жогорку деңгээлде кабыл алышты. Биз сиздер жөнүндө канчалык кызыгып билгибиз келсе, жергиликтүү тургундар дагы так ошондой эле бизге кызыгып жатышты. Мен жаңы таанышкан адамдар менен узак убакыт бою мамиле түзүп, достошкум келет. Жаңы таанышкан адамдар менен болгон мамилемди өмүрүмдүн аягына чейин сактоону ниет кылам.
Ренди Смит: Биринчи жолку Каракол шаарында администрациянын имаратында болгон жолугушууда биз жүзгө чукул фермер менен сүйлөштүк. Чынын айтканда, алардын кайсы бир маселелер боюнча болгон талкуулары, ой-пикирлери, талаш-тартыштары так эле биздин Шеландагы фермерлердикине окшош экен. Аларда техникалык билим алууга болгон каалоолору абдан жогору экенин байкадым. Бул нерсе мен үчүн абдан жагымдуу болду. Ошол эле учурда биз бул жерден мыкты идеяларга күбө болдук. Мисалы, айрым багбандар тамчылатып сугаруу технологиясын көрсөтүштү. Биз бул туурасында ойлоно элек болчубуз. Демек ал адам баарыбыздан алдыда кетип баратат дегенди түшүндүрөт.
Жорж Жоргенсен: Мистер Ренди белгилеп өткөндөй биз көп жаңылыктарды көрдүк. Эми биз алардын ишке ашуу жолдорун тереңден көрүп, түшүнгөн соң өз сунуштарды беребиз. Азыркы жагдайда келип алып кеңеш бергенге караганда бизде өзүбүздө көп суроолор пайда болууда. Менин башымда дагы көптөгөн чоң-чоң идеялар бар. Бирок аларды ишке ашырууну кичине кадамдан баштоо зарыл.