Йемендин борборунда уруш күчөдү

Йемендин түштүгүндөгү Таиз шаарында аскерлер антиөкмөтчүл демонстранттарды таратуу үчүн албарга көздөн жаш агызчу газ атты. 19-сентябрь 2011

Йемендин түштүгүндөгү Таиз шаарында аскерлер антиөкмөтчүл демонстранттарды таратуу үчүн албарга көздөн жаш агызчу газ атты. 19-сентябрь 2011

Санаада айыгышкан кармаш жүрүп, качкын аскерлер колдогон козголоңчулар Республикачыл гвардиянын базасын басып алганы кабарланды.
33 жыл өлкөнү башкарган президент Али Абдулла Салех өзү июнда ак сарайга жасалган чабуулда жараат алгандан бери Сауд Арабиясында дарыланууда. Армия жекшемби күнү кечинде антиөкмөттүк демонстрацияны аткылагандан берки эрегиште өлгөндөрдүн саны, соңку кабарларга караганда, 60тан ашып кетти.
Тилекке каршы, өкмөттүк күчтөр талаа госпиталдарын камсыздоого жол бербей жатат.
Доктор Тарык Номан


Элиталык Республикачыл гвардия, маалыматтарга караганда, Санаадагы базасын оппозиция катарына өтө качкан аскерлер менен козголоңчуларга ок чыгарбастан калтырып кетти. Гвардиячылар калтырган пулемет-миномет, граната аткыч, от бүрккүч сыяктуу оор куралдар адаватчылардын колуна өттү.


Демонстрант коопсуздук күчтөрү менен кагылыштан кийин канга бойолгон колун көрсөтүүдө. Санаа, 18-сентябрь 2011
Оппозицияга кошулган жоокерлер президент Салехти жана анын аскер башчыларын адамзатка каршы кылмыш жасаганы үчүн жоопко тартууга жана армияны оппозицияга биригүүгө үндөшүүдө. 18-сентябрда куптан ченде армия Санаанын борбордук аянтына толкуп чыккан калың элге ок атканда 50дөй адам өлгөн. Жүздөгөн демонстранттар жарадар болгон. Шейшемби күнгө карай эрегиште курман болгондордун саны 60тан ашты. Алардын 20га жакыны чатырларда жашынган снайперлердин огунан өлгөнүн дарыгерлер тастыкташкан.

Кабарчылардын билдиришинче, бүгүн 20-сентябрда Санаада катуу аткылашуулар жүрүүдө. Эртең менен шаардын ортосундагы Өзгөрүш аянты ракетадан аткыланганда эки киши курман болду.

Ооруканаларда жарадарларга орун тартыш. Андыктан борбордук аянттын четиндеги мечит да ооруканага айландырылган. Доктор Тарык Номан баш калаада жарадарларды жаткырганга жай жетишпей жатканын айтат:

- Негизги проблема - ооруканалардын жетишпей жатканы болууда. Беш госпиталда тең эл толтура. Операция жасалчу бөлмөлөрдө да бут койгонго орун жок. Экинчи проблема - талаа госпиталдарын даары-дармектир жана башка медициналык заттар менен камсыздоонун азайганы болууда. Тилекке каршы, өкмөттүк күчтөр талаа госпиталдарын камсыздоого жол бербей жатат.

Али Абдулла Салехтин 33 жылдык башкаруусуна каршы козголуш ордолуу Санаадан башка шаарларга да жайылууда. Дүйшөмбү күнү өлкө түштүгүндөгү Таиз шаарында оппозиция менен коопсуздук күчтөрү ортосундагы кармашта бир демонстранттын каны түгүлдү.
Дарыгер жана козголоңчулар Саудиянын ал-Акбария телеканалынын снайпердин огунан жарадар болгон телеоператору Хасан ал-Вадафты көтөрүп баратышат. Санаа, 19-сентябрь 2011

Йемендин баш калаасындагы дүйшөмбү күнкү кагылыш маалында телеоператор Хасан ал-Вадаф да жарадар болгон. Ал Саудиянын "ал-Акбария" телеканалы үчүн иштейт. Журналистти снайпердин бутага алуусу кабарчылардын нааразылыгын жаратты. Хатаб ар-Руханинин айтышынча, снайперлердин кабарчыларды аткылоосу өкмөттүн кандуу булоон тууралуу маалыматты чектөөгө аракет кылып жатканын күбөлөйт:

- Дүйшөмбү күнү журналист жана телеоператор бутага алынып, кылмыш жасалды. Бийлик жасаган кылымышын жаап-жашырганга аракет кылууда. Алар (Салехтин режими) сотто далил болчу материалдарды жарыялайт деп, чындыкты жашыруу үчүн журналисттерди жана фотографтарды өлтүрүүдө.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Йеменде кандуу кармаш уланууда



Президент Али Абдулла Салех азыр Сауд Арабиясында. Ал июнда президенттик сарайга жасалган чабуул кезинде алган жараатынан дарылануу үчүн Саудияга чыгып кеткен. Салех жана Саудия падышасы Абдулла шейшемби күнү жолугушуп, Йемендеги кырдаалды талкуулашты. Бул Салех Саудияга келгенден берки падыша Абдулла менен биринчи жолку кездешүүсү.

Ушу тапта БУУнун арачысы жана Перс булуңундагы Кызматташуу Кеңешинин өкүлдөрү Санаада жүрүшөт. Максат - Йеменди февралдан бери тербетип жаткан кризисти токтотуу.