Көпчүлүк серепчилер Йемен чөлкөмдөгү элдешкис атаандаштар - Иран менен Саудиянын кызыкчылары кагышкан кан майдан болууда дешет. Арабия жарым аралындагы уруштагы жоолошкон тараптар кимдер?
Йемендин Араб жазы ыңкылабынын деми менен 2012-жылы бийликтен оодарылган президенти Али Абдулла Салех-шиит, анын ордун ээлеген Абу Раббу Мансур Хади - суннит.
Салех өлкөнү 1990-жылы Түндүк жана Түштүк Йемен кошулгандан тартып башкарган.
Саудия менен узун чек арасы бар Йемендин 24 миллионго чукул элинин 60-65 % суннитер, 30-35% шииттер.
Шииттердин хусит кыймылы президент Хадини быйыл январда Санадагы сарайынан кууп, 27-мартта өлкөнүн экинчи борбору Аденди калтырып, Саудияга тыз койдурган. Алар ошондо Аденди Йемендин аба күчтөрүнүн учактары менен бомбалашкан.
Суннит согушчандардын “ал-Каида” группасы ортолук жана түндүк Йемендин көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөйт. “Ал-Каиданын” эң кубатуу бучкагы саналган бул топ Йемен өкмөтүн, теги түштүктүк хуситтерди жана АКШны келишкис жоосу көрөт.
Чөлкөмдөгү стратегиялык атаандаштар Иран хуситтерди аскерий жана акчалай колдосо, Саудия Хади жетектеген Йемен өкмөтүн колдойт.
26-мартка оогон түнү шиит хуситтерге каршы суннит Саудия баштаган аба чабуулуна Египет, Марокко, Иордания, Судан, Бириккен Араб Эмирлиги, Кувейт, Катар, Бахрейндин да учактары катышууда азыр. Иран Йеменге басып кирүүнү сындады.
Саудия түзгөн суннит тилектештиги, ошондой эле, Пакистан менен Түркияны да камтыйт.
“Чечүүчү бороон” деп аталган Йемендеги операцияга Саудиядан 100 чакты согуштук учак, 150 миң жоокер тартылган. Египет, Иордания, Пакистан да кургактагы чабуулга кошулганга даяр экенин кулак какты кылышты. Атүгүл Иран менен эзелтен мамилеси түз Судан да Йеменге аскер жөнөтүүгө камбыл турганын билдирди.
Йемендеги шиит козголоңчуларына согуш ачууну Багдад сындады, бирок Ирак азыркы абалында этият сүйлөөгө мажбур. Себеби, суннит экстремисттеринин “Ислам мамлекети” тобунун желдеттери менен былтыртан бери жүрүп жаткан согушта Ирандын жардамына таянууда. Ошол эле мезгилде АКШнын аба күчтөрү жихадчыларды абадан бомбалап, Багдадга көмөктөшүүдө.
Саудия жетектеген Перс булуңундагы өлкөлөрдүн коалициялык күчтөрүнүн хусит кыймылына согуш ачканы тууралуу кабарга дүйнөнүн кара май базары ошол замат реакция жасады.
Түндүк деңизинде өндүрүлгөн Brent кара майынын баасы 26- мартта 6 процентке кымбаттады жана 1 баррели 60 долларга чукулдап барды. Брент эл аралык базарда сатылган мунайдын негизги түрү. Эртеси 27-мартта кара майдын наркы 1 доллардан көбүрөөк кемиди жана орточо 1 баррели 57, 8 долларга сатылып калды. Баанын өйдө-ылдый секирүүсүнө Арабия жарым аралындагы согуштук операциялар чөлкөмдөгү куралдуу калабаны дагы кеңейтиши мүмкүн, дүйнөлүк керектөөчүлөрдү кара май менен камсыздоо үзгүлтүккө учарайт деген тейдеги чочулоолор түрткү берди.
Ал эми баалуу кагаздар базарында болсо ири компаниялардын акцияларынын сатымдуулугун көрсөткөн АКШнын Dow Jones индекси 0,6%, Лондондун "Файненшль Таймс" индекси 1, 2% төмөндөдү.
Саудия Жакынкы Чыгыштагы эң көп кара май өндүрүүчү. Падышалык 2014-жылы дүйнөлүк базарда мунай арзандай баштаганда бааны төмөндөтпөө үчүн өндүрүштү кыскартуудан баш тарткан. Саудия 2013-жылы бюджеттин кирешесинин 90% мунай экспорттоодон алган.