Йеменде бир нече медик ара жолдо калды

Йеменде согуштук аракеттер күч алды

Орусиялык учактар орус жарандары менен катар Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстандан келген медайым, дарыгер жана башка медицина кызматкерлерин чыгырып кетишти. Бирок согуш аракеттери күч алып, учактардын учуусу кыйындап кеткендиктен дагы бир тобу бала-чакалары менен камоодо калышты.

Йеменде хусит согушкерлери көп жерлерди басып алгандан бери тоз-тополоң күч алды. Иран колдогон шиит согушкерлери менен Сауд Арабия жана башка өлкөлөр абадан колдоо көрсөтүп жаткан өкмөттүк аскерлердин ортосунда айыгышкан салгылаштар жүрүүдө.

Акбар аттуу өзбек жараны "Азаттыкка" буларды айтты:

- Бул жакта ар бир ооруканада үч-төрттөн өзбек медик бар. Айрымдарыбыз аэропортко барып, төрт күн туруп, бирок кете алган жокпуз. 6-апрелдеги учак акыркысы деп айтышты, бирок бул чынбы же жокпу билбейбиз.

Йеменде орто эсеп менен 3 миң чакты өзбекстандык бар деп саналат.

Йемендеги дарыгердин өз атын айткысы келбеген Ташкендеги кызы анын энеси Йемендин баш калаасы Санадан чыга албай жаткандыгын бышыктады:

- Апам аэропортко чабуул жасалып жаткандыктан учактар коно албай, өзү кете албай жатканын айтты. Ал мени камтама болбо деди. Ал эми Өзбекстандын телеканалдарда бул тууралуу сөз да жок.

Йемендеги борбор азиялык адистердин көбү орусиялык компаниялар аркылуу кетишкен. Айрым өзбек дарыгерлери Йеменге Орусия аркылуу өкмөттүн уруксаты жок баргандыктан кайра артка кайткылары келбейт. Себеби мындай саякат Өзбекстанда 12 жылга чейинки мөөнөт менен жазалануучу кылмыш деп саналат.

Башка медиктер айлыктын айынан кеткилери келбейт. Йеменде дарыгерлерге орто эсеп менен айына 600 доллардан төлөшөт, ошондой эле бекер жатак менен камсыздалгандары да бар. Башкалары тополоң-тозго кайыл.

Алардын бири Нурбек Исраилов Кыргызстандан. Ал кырчылдашкан салгылаштар жүрүп жаткан түштүктөгү Аден портунан 700 чакырым аралыктагы Саям шаарында иштейт:

- Бул жакта ички согуш жүрүп жатат. Ага дарыгерлер аралашпайт. Мен билгенден Йеменде 20 дарыгер бар, алардын көбү ушул согуш жүрүп жаткан түштүк аймактарда.

Бирок башкалары кетип дегенде эки көзү төрт болгондор да бар. Йеменде 10 жылдан бери иштеген тажикстандык доктор Хадия Додожонова буларды айтты:

- Катардагы тажик элчилиги бизге коңшулаш Оманга баргыла деди. Бирок Сауд Арабия бизди өткөрбөй жатат. Биз Оман менен чек арадагы Махрах дубанына автобус менен жеттик. Биз жакта гуманитардык кырдаал өтө жаман. Күйүүчү май, таза суу жетишпей жатат.

Додожонова менен катар дагы 30 чакты тажик дарыгери балдары менен Махрахка качышкан. Катардагы тажик элчилигинин билдиришинче, Йеменде азыркы согуш аракеттери башталганга чейин тажикстандык 200 чакты медкызматкер иштеген. Алардын 100 чактысы Орусияга эвакуацияланып, айрымдары мекенине кайтышты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жакында Йемендеги тажик жарандарын коопсуз жактарга алып кетип, алардын үйүнө кайтышына орус бийликтеринен жана орусиялык компаниялардан жардам сурап жаткандыгын билдирди.