Йемен согуш менен ачарчылыктын чеңгелинде

Дарыгер ачарчылыктан жапа чеккен баланы карап жаткан учуру. Сана шаары, 7-октябрь, 2018-жыл.

Жарандык согуштун кучагындагы Йеменде маанилүү порт жайгашкан Ходейда шаары үчүн уруштар уланууда. Бирок cогушту токтотуу тууралуу чакырыктар, каршылашкан тараптарды сүйлөшүүгө көндүрүү аракеттери да жандана баштады.

Йеменден түшкөн соңку маалыматтар менен видеотасмаларга караганда, эл үчүн өтө маанилүү порт жайгашкан Ходейда шаарында акыркы бир жума бою өкмөттүк күчтөр менен хусит козголоңчуларынын ортосунда көчөмө-көчө уруштар жүрүп келди.

10-ноябрдагы атышуу тартылган бул видеотасманы “Reuters” агенттиги 12-ноябрда таратты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ходейдадагы атышуулар

Йемендин өкмөтчүл күчтөрү жана Сауд Арабиясы баштаган коалиция Ходейда шаарын жана портун хусит козголоңчуларынан тартып алууну максат кылган ири аскердик операциясын быйыл 13-июнда баштаган эле. БУУнун эсебинде, андан бери Ходейдадан бери дегенде 445 миңдей киши качып чыкты.

Батыш маалымат агенттиктеринин жергиликтүү тургундарга шилтеме жасап кабарлаганына караганда, Хойдейдадагы көчө уруштары 12-ноябрда басаңдагандай болду, бирок кайра аба соккулары жанданды:

- Операция уланып жатат. "Ходейдада ок атышуу токтоду" деген маалыматтар чындыкка шайкеш келбейт. Менимче коалиция, коалицияга мүчө мамлекеттердин баары, ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңеши Йеменде саясий чечим табыш үчүн колдон келген аракеттердин баарын көрүүдө, - деди Сауд Арабиясы баштаган коалициянын расмий өкүлү Турки ал-Малики 12-ноябрда Эр-Рияддан.

Ал арада БУУ Йемен боюнча акыркы ирет быйыл сентябрда ишке ашпай калган тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого аракет кылууда.

Антонио Гутерреш.

- Менимче дал ушул тушта Кошмо Штаттар, Орусия, Европа, аймактагы мамлекеттер арасында "бул согушту токтотуу керек" деген консенсус бар. Мен бир учурда Йемендеги кырдаалды "акылсыз согуш" деп атагам. Бул – эч ким жеңишке жете албай турган согуш. Бул гуманитардык кыйроо жараткан согуш жана аны менен келишүүгө болбойт. Мен жаңжалдын түздөн-түз катышуучулары да согуш токтошу керек экенин түшүнөт, бул мүмкүн болушунча тез ишке ашат деп үмүттөнөм. Себеби, эгер Ходейда порту талкалана турган болсо толугу менен катастрофалык кырдаал түзүлөт,- деди БУУнун баш катчысы Антонио Гуттереш.

Ал белгилеген жана Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порту аркылуу Йеменге өлкө калкы муктаж азык-түлүк менен гуманитардык жардамдын 80% кирет.

Ходейда порту. 5-август, 2018-жыл.

Дүйшөмбү күнү Сауд Арабиясына Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант барды. Ал сауд бийлиги менен талкуулаган негизги маселелердин бири Йемендеги согушту токтотуу болду.

Каршылашкан тараптарды БУУнун ортомчулугу менен сүйлөшүү столуна отурууга октябрдын соңунда АКШ да чакырган.

Өзү Саудиянын бийлиги журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмү үчүн сынга кабылгандан бери Эр-Рияд баштаган коалиция Йемендеги аскердик операциялары үчүн Батыш өлкөлөрүнөн мурдагыдай колдоо ала албай баратканынын айрым белгилери байкалууда.

Маселен, АКШ азыр Саудия баштаган коалициянын Йемендеги аба соккуларга тартылган учактарына абадан май куюп берүүнү токтоткон. Бирок сауд тараптын өткөн апта соңундагы (9-ноябрь) расмий билдирүүсүнө караганда, буга Эр-Рияддын өз өтүнүчү түрткү болгон.

Йемендеги азыркы аскердик чатак 2014-жылдын соңунда тутанган. Жергиликтүү шиит жамааты жана "Иран колдойт" деп эсептелген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы 2015-жылдан бери ээлеп турушат.

Йемендин өкмөттүк күчтөрү.

Сунни араб мамлекеттеринин Сауд Арабиясы баштаган коалициясы Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур Хадинин өкмөтүнүн бийлигин калыбына келтирүү боюнча аскердик өнөктүктү 2015-жылдын март айында баштаган. Бирок алар көздөгөн максатына жетише элек.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Йемендеги абалды дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризис деп эсептөөдө. Парижде “Ачарчылык кылмышын токтот!” акциясын баштаган франциялык өкмөттүк эмес уюмдун президенти Томас Рибмон (Thomas Ribemont) буларды айтты:

- Йемен - медиа бүгүн унутуп калып жаткан жаңжал аймагы. Мен айрым гана сандарды айтайын: дээрлик 17 миллион киши ачарчылыктан жабыркап жатат, булардын сегиз миллиону тамак-аш жагынан өтө оор абалда. Тоё тамак ичпей, ач калгандардын төрт жарым миллиону -балдар. Йемендеги кырдаал үчүн дүйнөлүк державалар да жоопкер, анткени алар Сауд Арабиясы баштаган коалицияга колдоо көргөзүшпөдүбү.

Томас Рибмон (оңдо) Парижде "Ачарчылык кылмышын токтот" акциясында. 12-ноябрь, 2018-жыл.

Буга чейин Йемендеги аба соккулары менен уруштардан 10 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганы айтылып келчү.

Бирок аскердик жаңжалдарга көз салган көз каранды эмес ACLED (Armed Conflict Location & Event Data Project) уюму 10-ноябрда Йеменде 2016-жылдан бери эле жайкын тургундар менен согушкерлерди кошо эсептегенде 57 538 кишинин өмүрү кыйылды, ал эми согуштун 2015-жылдагы алгачкы тогуз айынын курмандыктарын кошкондо бул сан 70-80 миңге жетиши мүмкүн деген эсебин жарыялады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.