Өткөн жылдын сүрөттө калган элеси
Ыйык Үчилтиктин храмы. Провославдардын Рождество майрамында тартылган сүрөт. Тбилиси.
Новолуганское кыштагына барган украиналык аскерлер. Донбасс.
Росгвардиянын кызматкерлери Петербургда митингге чыккандарды кармап жатат. Бул акцияга чейин Орусиянын Боршайкому Алексей Навальныйды президенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тарткан. 28-январь, 2018-жыл.
Кабулдун жашоочулары Садарат аянтындагы жанкечтинин жардыруусунан каза болгондорду жерге берүүдө. Кол салуудан 95 адам өлүп, 135и жарадар болгон.
Айдын кызарышы. Петербург.
Авиа соккудан кийин уранды астында калган баланы алып чыккан эркек. Дума, Сирия. 7-февраль, 2018-жыл.
Мектеп окуучусу Паваресия Сопи Эгемендик күнүндө Косовонун желегинин жанында турат. Сллови кыштагы.
Украин жана крым татар активисттери Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында жоголгон 26 адамдын сүрөтүн кармап турат. Киев, 26-февраль, 2018-жыл.
Македониянын борбору Скопьеде нааразылык акциясына чыккандар өлкөнү Түндүк Македония деп тааныган келишимден баш тартууну талап кылууда. Келишим Грекия менен түзүлгөн.
Словакияда киши колдуу болгон иликтөөчү журналист Ян Куцияк менен анын сүйгөн кызын эскерген мемориал. 28-февраль, 2018-жыл.
Пакистандын Карачи шаарынын жашоочусу Бүткүл Дүйнөлүк суу күнүндө бетин жууп жатат.
Медициналык кызматкер бомбалоодон кийин энеси кайтыш болгон ымыркайдын денесин кармап турат. Ходейда шаары, Йемен.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин демилитаризация болгон аймактагы чек ара пунктунда турушат.
Армян оппозициясынын лидери Никол Пашинян жарандык баш ийбестик акциясын жарыялаган күнү нааразы болгондор жолду буушкан учур. Ереван.
Жеңиш күнүнүн урматына атылган салют. Волгоград.
Гавайидеги вулкандын атылышы.
Бухарестте нааразылыкка чыккандар. Өлкө президенти Клаус Йоханнис коррупцияга каршы иштеген прокурор Лауру Кьовешини отставкага кетиргенден кийин өкмөткө каршы демонстрациялар башталган. Румыния.
Сингапурда өткөн саммитте Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШ президенти Дональд Трампка колун созуп, учурашканы жатат.
Волгограддагы "Мамаев курган" мемориалдык комплексинин кароолчусу.
Кутупалонг качкындар лагериндеги кыз энесине бөбөгүн карматып жатат. "М" аттуу аялдын айтымында, Мьянманын алты жоокери аны зордуктап, эки жаштагы уулун муунтуп өлтүрүшкөн. Кийинчерээк аял кош бойлуу экенин билген. Бангладеш.
Түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын плакатынын алдында сүрөткө түшүп жаткан туристтер. Бул күнү Эрдоган президенттик шайлоодо жеңип чыккан.
Экинчи Дүйнөлүк согуштун курмандыктарына тургузулган мемориалдын ачылыш аземи. Минск, Беларус.
Балерина футбол көрүп жатат. Орусиянын курама командасы Хорватиянын командасы менен чейрек финалда ойноп жаткан учур.
Өкмөткө каршы митинг. Басра, Ирак.
Токой өрттөнгөндөн кийин. Калифорния, АКШ.
Тегерандык аял көчөдө турат. 2018-жылы жай айында Вашингтон Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгып, шарттарды аткарбаганы үчүн бул өлкөгө санкцияларды киргизген.
Жер титирегенден кийин чала бузулган көпүрөнүн үстүндө турган жүк ташуучу унаа. Генуя, Италия.
Пешаварлык трансгендерлер Насо аттуу курбусун жоктоп ыйлап жатышат. Пакистан.
Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун ачылышы. Кыргызстан.
Бала колго жасалган противогазды кийип турат. Идлиб.
Авхаз шаарында аскердик парад өтүп жаткан учурда жардыруу болгон. Парад 1980-1988-жылдары болгон иран-ирак согушун эскерүү иретинде өтүп жаткан. Иран.
Түндүк Африкалык мигранттардын Испанияга келиши.
Медициналык кызматкер эбола менен ооруган бейтапты кабыл алып жатат. Конго Демократиялык Республикасы.
Сауд Арабиянын Стамбулдагы элчилигинде өлтүрүлгөн журналист-диссидент Жамал Хашогжинин портретин көтөргөн адамдар. Түркия.
Париждеги "сары кемселчендердин" нааразылык акциясы.
Азов деңизинин жанындагы көзөмөл-өткөрүү пункту.
Мергенчилер менен мүнүшкөрлөрдүн сынагынын катышуучусу. Алматы, Казакстан.