"Өзүң күнөөлүүсүң". Ыдык көргөн кыз шектүүнүн басымына даттанды

Зомбулукка каршы акция. Бишкек. 2023-жыл.

Бишкекте 27 жаштагы кыз сексуалдык ыдык көргөнүн айтып, милицияга кайрылганы менен кылмышка шектүү эркиндикте калып жатканын жакындары айтып чыкты.

Үч ай мурда Бишкектин көчөлөрүнүн биринде мамлекеттик кызматта иштеген адам кызга ыдык көрсөттү деген тасма тараган.

Көп өтпөй милиция кылмышка шектүү кармалып, тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатканын кабарлаган. Шектүүнүн жактоочусу зордуктоо жана сексуалдык зомбулук аракеттери болбогонун айтууда.

Соңку окуя зордук-зомбулукка байланыштуу сот, укук коргоо органдарынын ишине сын айтылып жаткан маалга туш келди.

"Тергөө солгун жүрдү"

Июнь айында Бишкектин Токтогул-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жол четинде токтоп турган автоунаадан кыз менен жигиттин тарткылашып жаткан тасмасы социалдык тармактарга тараган.

Тасмада сыртка умтулган кыз автоунаанын эшигинен кулап түшкөнү, артынан эркек киши да чыгып, асылганын көрүүгө болот. Көп өтпөй, Бишкек шаардык милициясына тааныш адамы автоунаада өзүн зордуктоого аракет кылганын айтып, 27 жаштагы кыз кайрылганы белгилүү болгон. Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы шектүү 22-июнда кармалып, эки суткага камалганын билдирген.

Социалдык тармактын колдонуучулары шектүү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкери экенин таанып, жазышкандан кийин аталган министрлик бул кызматкери апрель айында эле кызматтан кеткенин айтып чыккан. Кийинчерээк шектүү мурда милицияда - Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында ыкчам кызматкер болуп иштегени аныкталган.

Дагы караңыз Селекциядагы зомбулук: сот, милиция кызматкерлери жоопко тартылабы?


Бир нече айдан кийин, ушул аптанын башында жабырлануучу кыздын жакындары шектүү тез эле үй камагына чыгарылып, кызга психологиялык басым жасап, арызын кайра алууга мажбурлап жатканын айтып чыгышты.

Адвокат Бексултан Осмоновдун сөзүнө караганда, милиция алгач жабырлануучунун арызын кабыл алуудан жана кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

"Башында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы арызды алуудан жана кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Милиционерлердин мындай каалоосу жок болчу. Бирок бизде зордуктоого аракет кылган учур тартылып калган тасма бар эле. Ошол эле тасма соцтармактарга да тарап кеткен. Ошондон кийин гана кылмыш ишин козгошту. Шектүү кармалып, тергөө башталган соң, шаардык сот аны үй камагына чыгарып жиберди. Ошол күндөн бери ал эркиндикте жүрүп алып, жабырлануучуга коркутуп-үркүтүү менен психологиялык басым көрсөтүп келет. Тергөөчү анын адвокатынын өтүнүчү менен жабырлануучуга соттук-психологиялык экспертиза жүргүзүүнү чечим кылган. Жыйынтыгында эксперттер жабырлануучуну "чымынды төө көрсөтүп, жалган айтууга шыктуу адам" деп натыйжа чыгарып беришкен. Бул эксперттердин бир тараптуу кызыкчылыгын көрсөтүп турат".

Адвокаттын айтымында, соттук-психологиялык экспертизага жабырлануучу жактоочусуз, жалгыз киргизилген.

"Менин атым токтомдо жоктугуна байланыштуу, экспертизага мени киргизишкен жок, жабырлануучу жалгыз кирди. Бирок экспертизадан нааразы болуп чыгып, эксперттер өзүнө психологиялык басым жасаганын айтты. Иштин аныгын билүү үчүн эксперттерден суранып, кайрадан чогуу кирдик. Менин көзүмчө эле эксперттердин бири жабырлануучуну айыптап, "Азыр кыздардын баары ушундай, сен макул болбосоң анда эмнеге анын унаасына отурдуң? Неге арткы орундукка отурдуң?" деген сыяктуу суроолорду бере баштады. Биз каршылык келтирсек, "мен экспертмин, кандай суроо берсем өзүм билем" деп жооп берди. Ошондон кийин биз экспертизадан өтүүдөн расмий баш тарттык. Биз мунун баарын толук диктофонго жаздырып, тергөөчүгө бергенбиз".

"Үй камагына чыгып алып, кызыма басым жасап жатат"

Бул иш боюнча кыздын арызынын негизинде 22-июнда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан "Зордуктоо" жана "Сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" деген беренелер менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргөн. Милициянын маалыматына караганда, учурда тергөө аяктап, сотко өткөнү турат. Шектүү иш козголору менен кармалып, камакка алынган. Көп өтпөй Свердлов райондук соту аны тергөө абагына камоо чечимин чыгарып, 13-июлда Бишкек шаар соту шектүүнү үй камагына бошоткон.

Дагы караңыз "Сиңдим көчөдө баспай калды". Зордуктоого айыптуу үй камагына чыкты


Кыздын апасы шектүү сот чечими менен үй камагына чыккандан кийин жабырлануучуга түрдүү чабуулдар башталганнын айтууда.

"Бизге ар кандай адамдар телефон чалып, үйгө чейин келип, "сүйлөшөлү" деп атышты. Баланын таекеси, таежеси деп келген адамдар бизден "арызыңарды алгыла, баары бир колуңардан эч нерсе келбейт, пробация менен деле чыгып кетет" дегендей кылып, коркутуп-үркүтүүгө өтүштү. Кызымды ар кайсы жактан кысымга алып, моралдык жактан басынтып, "сен өзүң күнөөлүүсүң, ошону билип туруп жасагансың" деп мазакташкан күндөрү болду. Шектүүнүн адвокаты дагы беттешүү болгон учурда кызыма психологиялык басым жасаптыр. Анткени беттешүүдө кызым төрт эркектин ичинде жалгыз отурган. "Болгонун болгондой айт, баарын айтып бер" дешип, кыз бала болсо уялат да. Шектүү болсо үй камагына чыгып алып, "детектор- лжиден өтөсүңбү, Америкадан алып келсеңер да төлөп коё алам, каалагандай өтүп кетем" деп жүрдү. Ал боштондукка чыккандан кийин дагы бир Марс аттуу киши "уят болуп каласың, тосмо арыз жазып бер, болбосо акыбалың жаман болот" деп кафеде тамактанып жатсак коркутуп кетти. Кызым зордуктоого аракет болгон күнү сабалган, дене-башын көгөртүп, эшикке чаап уруптур. Видеодо деле көрүнүп турат. Кызым башы бат-бат ооруп, көрүүсү да начарлап жатканына даттанууда".

Тергөөнүн материалдарында кыздын буттары көгөрүп, сыйрылганы, андан тышкары мурду сынып, бети-башы көгөргөнү соттук-медициналык экспертиза тарабынан далилдегени жазылган.

"Тасмадан башка далил жок. Унаанын ичиндеги окуя белгисиз"

Ал эми шектүүнүн адвокаты Замир Жоошев зордуктоого шек саналган адамдын үй камагына чыгарылышы мыйзамдуу болгон деп билдирди:

Замир Жоошев

"Жабырлануучунун көрсөтмөсүндөгү дооматтардын баары негизсиз жана чындыкка дал келбейт. Шектүү жоопкерчиликтен качкан эмес, Свердлов РИИБне өзү барып, тергөөгө көмөктөшүп, окуя болгон жерди өзү көрсөтүп, дүкөндүн видеокамерасынан соцтармактарга жайылып кеткен тасманын алынышына өзү көмөктөшкөн. Буга карабай эле тергөөчү аны тергөө абагына камоону токтом кылган. Бирок шаардык сот аны үй камагына чыгарды. Бул иште тергөө дагы, сот дагы эске алчу жагдайлар көп. Мисалы, кыз менен жигит бир жылдан ашык убактан бери жылуу мамиледе жүргөнү, окуя болгон күнү жигит кызды апасы экөөнү чогуу тойдон үйүнө жеткиргени, кыздын унаанын салонунда алдыңкы орунда отурган жеринен артка өтүп, жигит менен жакындыкта болгону, сөйкөсүн өзү чечип, унаанын чөнтөгүнө салганы - ушуга окшогон жагдайларды сот да эске алуусу тийиш".

Замир Жоошев ырастагандай, соттук-психологиялык экспертизадан жабырлануучу менен катар шектүү да өткөн.

"Жабырлануучунун суракта берген көрсөтмөлөрү бири-бирине карама-каршы келип жатканын эске алып, "балким, бул кыз калп сүйлөйт" деген жүйө менен биз аны соттук-психологиялык экспертизадан өткөрүүнү тергөөчүдөн сурандык. Бирок ал баш тартып койду. Анан биз тергөө судьясына кайрылдык, ал өтүнүчүбүздү канааттандырды. Ошол учурда тергөөчү жигитти да соттук-психологиялык экспертизадан өткөрүүнү бекитип, экөө тең психологиялык экспертизадан өткөн. Анда кызга карата "өзүн коргоо максатында, өзүнүкүн чын көрсөтүү максатында калп айтууга шыктуу (склонна ко лжи) адам", жигитке карата "субъективдүү көрсөтмө бериши мүмкүн, бирок калп айтууга шыгы жок адам" деген жыйынтык чыгарып беришкен. Жабырлануучу менен жактоочусу бул экспертизанын жыйынтыгына макул болбой, комиссиялык түрдө психологиялык экспертиза өткөрүүнү талап кылышкан. Тергөөчү макулдук берген. Бирок кыз "ишенбейм" деген жүйө менен, экспертизадан өтпөй коюптур. Биз беттештирүү учурунда кызга "полиграфтан" (калп аныктагыч аппараттан) жигиттин эсебинен өтүүнү сунуштадык. Кыз аны ашыкча машакат деп, баш тартып койду", - деди адвокат.

Дагы караңыз Секелектин зордукталышы: укук коргоочулар сот өкүмүн сындашты

Бул окуя зордук-зомбулукка байланыштуу сот, укук коргоо органдарынын ишине сын айтылып жаткан маалга туш келди. Сентябрь айында Бишкектин четиндеги Селекция айылында мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталган келин 2-октябрда видео кайрылуу жасап, мурунку күйөөсүнүн зомбулугунан милиция, прокуратурага кайрылып, эч кандай колдоо көрбөгөнүн билдирип чыккан.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков келиндин ишине байланыштуу кеңешме өткөргөндө бычактоого шек саналып кармалган жаранга буга чейин эки жолу зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгону, ал пробация менен бошотулганы белгилүү болгон.

Быйыл августта Жалал-Абад шаардык соту мурдагы милиционерди 36 жаштагы келинди зордуктоого айыптап, үч жылга пробациялык көзөмөлгө алуу өкүмү менен эркиндикке чыгарган.

Былтыр эки милиция кызматкери 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталып, сот тарабынан 6-7 жылдан эркиндигинен ажыратылышкан.

Бишкек шаардык милициясынын ошол кездеги башчысы Азамат Ногойбаев 31-мартта Фейсбукта түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, шаарда өспүрүм кыздар зордукталган учурлар көп катталып жатканын, алардын арасында жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар да бар экенин билдирген.

Бул жарандык коомдун нааразычылыгын жаратып, айрым укук коргоочулар анын отставкасын талап кылган. Кийинчерээк Ногойбаев милиция кызматкерлеринин маңзат менен кармалышына байланыштуу кызматтан кеткен.

Дагы караңыз Бишкектеги акция: Ногойбаев кечирим сурады


2021-жылы Бишкекте 13 жаштагы кыздын зордукталышы милиция кызматкерлери тарабынан жашырылганы, кылмыш иши токтотулуп, тергөө жүрбөгөнү маалым болгон. Башкы прокуратура ишти жапкан Ленин райондук милициясынын эки тергөөчүсүн, соттук-медициналык экспертизанын бир кызматкерин жана зордуктоого шектүү адамды камаган.

Укук коргоочулар кыз-келиндерге зомбулук жасаган милиция кызматкерлеринин көбөйүп жатканы, зомбулук иштери укук коргоо органдары тарабынан көз жаздымда калып жатканы үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылып, бир нече ирет митингге чыгышкан.

Журналист Канышай Мамыркулова үй-бүлөлүк, аялдарга карата зомбулук маселесинде коомдо дагы, укук коргоо, сот тармагындагы кызматкерлердин да түшүнүктөр өзгөрбөй жатканын айтууда.

Канышай Мамыркулова

"Кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук маселеси мамлекеттик деңгээлге көтөрүлмөйүнчө абал чатак эле окшойт. Анткени коомдо дагы деле болсо "кунаажын көзүн сүзбөсө..." деген философия басымдуулук кылат. Буга мен кечээ "Сезим" кризистик борборунда мурдагы милиция кызматкери зордуктоого аракет кылган кыздын окуясы тууралуу маалымат укканымда дагы бир жолу ынандым. Анда кыздын жакындарынын айтуусунда тергөө дагы, психологиялык эксперттер дагы так ушундай эле "кыз өзү айыптуу" деген пикирде экен. Соцтармактардагы зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндер тууралуу постторго жазылган комментарийлерде да, тилекке каршы, дал ушундай маанидеги, жабыркаган аялдардын өздөрүн айыптап-мазактаган сөздөр арбын. Мунун баары коомубуз кайда баратканын ачыктап турат", - деди журналист.

Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнү кабарланган.

Укук коргоочулар зордуктоого кабылгандардын көбү милицияга кайрылбоону туура көрөрүн, андыктан расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай турганын айтып келет.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу 8,5 миңден ашык факт катталган.