COVID-19: Трамп менен дарыгер илимпоздордун кайым айтышы жана дүйнөдөгү эмдөө жүрүмү

Доктор Энтони Фаучи "Moderna" вакцинасы менен эмделгенден кийин. Бетесда, Мэриленд, АКШ. 2020-жылдын 22-декабры.

АКШ бийликтери Трамптын COVID-19 илдетинен набыт болгондордун саны боюнча айтканын төгүндөштү. Дүйнөдө коронавируска каршы эмдөө жүрүмү акырындап күч алууда.

Америка Кошмо Штаттарынын саламаттык сактоо жаатындагы жогорку жетекчилери президент Доналд Трамптын өлкөдө коронавирустан өлгөн кишилердин саны "апыртылып берилген" деген талаш-тартыштуу билдирүүсүн четке кагышты.

3-январда “Твиттердеги” барагында Трамп мырза Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору башка өлкөлөргө салыштырмалуу күлкү келерлик ыкманы колдонуп, абдан бир тараптуу жана так эмес баяндап жатат деп жазган.

Президент Трамптын жоромолуна караганда, америкалык дарыгерлер бейтап эмнеден өлгөндүгү тууралуу аныктай албай калганда, өлүм себеби катары коронавирусту көрсөтүп коюп жатышат.

Трамп коронавирусту адатынча келекелеп “Кытай вирусу” деп атады жана: “Шектенип турасыңбы, аны Covid деп салгын”. Фейк кабар!”, – деп жазды.

Бирок ал өз сөзүн тастыктай тургандай ишенимдүү далилдерди көрсөткөн эмес.

Беткапчан кыргызстандык тургун АКШнын президенти Д.Трамптын сүрөтү бар көрнөктүн жанынан өтүүдө. Бишкек. 2020-жылдын 7-ноябры.

Башкы хирург Жером Адамс “CNN” компаниясына маек куруп, Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору жарыялаган сандык көрсөткүчкө шектенүүнүн эч кажети жоктугун айтты.

Ал эми жугуштуу ооруларды изилдөө жаатындагы АКШдагы ири адистердин бири, медицина доктору Энтони Фаучи “ABC” каналына курган маегинде жарыяланган көрсөткүч – “чыныгы сандар, чыныгы кишилер жана чыныгы өлүм-житим” экенин баса белгиледи.

Президент Трамп илимпоз Фаучи тууралуу да “Твиттерде” өз пикирин жазды.

Анда ал өзүн сындап жаткан медиа каражаттарын англисче “эскичил” деп келекелеген ат менен атап (the LameStream Media), алар доктор Фаучини мыкты кесипкөй деп макташат, “бирок ал мен үчүн, Трамптын администрациясы үчүн иштейт, мага болсо өз жумушум үчүн эч бир жакшы баа берилбеди го. Мына сага! Бул, сыягы, жалган (фейк) кабарлардын дагы бири болуп жүрбөсүн?” – деп иренжиген маанайын билдирди.

Доктор Фаучи – АКШдагы Аллергиялык жана жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча улуттук институттун директору, иммунология жана инфектология боюнча ири адис.

Ал 2020-жылы 25-августта “Рейтерс” агенттиги үчүн курган маегинде коронавируска каршы вакциналарды сыноодон толук өткөрмөйүнчө кеңири колдонбоо керек деп эскерткен. Муну ал президент Трамптын 3-ноябрдагы президенттик шайлоого утурлай вакцина менен эмдей баштоо тууралуу долбооруна карата айткан болчу.

Дагы караңыз Индия неге Oxford / AstraZeneca вакцинасын жактырды?



Эмдөө иш-аракети жана илдеттин жайылышы

Дүйнөдө улам кайра жайылуу очокторун пайда кылып жаткан коронавируска каршы күрөш эмдөө аракеттери менен коштолууда. Ар кыл мамлекеттерде бир учурда бир нече атаандаш вакциналар эмдөө үчүн колдонулуп жатат.

Дүйнөдө коронавируска каршы сунушталган айрым вакциналардын салыштырма жадыбалы. Би-Би-Си. 23.11.2020.

АКШда коронавируска каршы эмдөө алдын ала болжолдонгондон алда канча жай жүрүүдө. Президент Трамп бул жайбаракаттык үчүн жергиликтүү штаттарды сынга алса, ал эми шайланган президент Жо Байден Трамптын өзүн сынга алды.

Дагы караңыз Кытайда коронавирустан жапырт эмдөө башталды

Кытайдын борбору Бээжинде калайык коронавируска каршы эмдетүү үчүн узун кезекке турууда.

Кытай бийликтери февралдын башында белгилене турган Жаңы жыл майрамына чейин миллиондогон кишилерди өз вакциналары менен эмдөөгө үлгүрүү үчүн далаалат жасоодо.

КЭРдин Медициналык өнүмдөр башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Чэн Шифэй 2020-жылдын 31-декабрында маалымат каражаттарына “Sinopharm” компаниясы өндүргөн вакцинаны чукул кырдаалда колдонууга уруксат берилгендигин айткан. 30-декабрда бул компания өзүнүн вакцинасынын натыйжалуулугу 79,34 пайызды түзгөнүн шардана кылган болчу.

Дээрлик 4,5 миллиондой киши “Sinopharm” компаниясынын вакцинасы менен өткөн жылдын соңуна чейин эмделгендигин Кытай бийликтери маалымдашты.

Дагы караңыз COVID-19: Токио кайрадан өзгөчө абалга кайтат

Жапониянын өкмөт башчысы Йошихиде Суга коронавирустун кайра тездеп жайыла баштаганына байланыштуу Токионун өзүндө жана чет жакасында чукул кырдаал жарыялоо маселесин өкмөт караштырышы ыктымал экендигин 4-январда айтты.

Дагы караңыз Улуу Британияда Oxford/AstraZeneсa вакцинасы жапатырмак эмдөөдө колдонула баштады

Орусиянын экинчи ири шаары – Санкт-Петербург коронавирустун тездеп жайылышы жагынан Москвадан алдыга озуп чыкты. Мында 4-январдын кечине карата бир күндө эле 3,657 жаңы учур катталды, ал эми Москвада 3,591 жаңы учур катталды. 13 миллиондой калкы бар Москвада Санкт-Петербургдан дээрлик эки эсе көп тургун жашайт.
Орусияда калайык жергиликтүү "Sputnik-V" вакцинасы менен эмделүүдө.