Флорида штатынын Парклэнд шаарында өткөн аптада он жети кишинин өмүрү кыйылган кандуу окуянын артынан 18-февралда болгон демонстрацияга миңдеген адамдар: ата-энелер, жергиликтүү тургундар, студенттер, окуучулар да катышты.
Алар бийликтен АКШда курал-жарактын сатылышын көзөмөлдөө мыйзамын катаалдатууну талап кылып жатышты:
- Достордун, үй-бүлөлөрдүн, туугандардын, коңшулар менен жамааттын дубасын жана ой-тилектерин кабыл алабыз. Ал эми саясатчылардын ой-жоруму менен дубасына эмес, чара көрүүсүнө муктажбыз, - деди демонстранттардын бири Эмма Гонзалес.
Нааразылык акциялардын жүрүшүндө кол салуудан курдаштарын жоготкон мектеп окуучуларынын айрымдары көзгө жаш алып сүйлөп жатышты.
Демонстрацияда президент Дональд Трамптын жана башка саясатчылардын дарегине шайлоо өнөктүгүндө курал лоббисинен каржылык жардам алышат деген айыптоолор да айтылды.
АКШда жарандардын Конституцияда каралган укугу - куралга ээлик кылууну жактагандар – Улуттук курал ассоциациясы деген топко биригишкен.
Федералдык тергөө бюросу - ФБРдин иликтөөсү 14-февраль күнү Флоридада мектепке келип ок аткан он тогуз жаштагы Николас Круз мандемдүү жүрүм-турумуна карабай куралды мыйзамдуу сатып алганын көргөзгөн.
ФБР азыр камакта отурган Круз боюнча ал адамдарды массалык атууну пландап жатышы мүмкүн деген маалыматтар январь айында түшкөнүн, бирок агенттери тийиштүү чара көрбөгөнүн моюнга алды.
Вице-президент Майк Пенс бийликтин дарегине багышталган чакырыктар менен сындарга жооп берип жатып буларга токтолду:
- Мен сиздерге убада берем. Азыркы президент жана бүткүл администрация бул окуяны тергөө учурунда алынган башкы сабактарга, мектептерди коопсуз кылууга олуттуу көңүл бурат. Укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийликке психикалык илдети бар, коркунучтуу адамдар менен күрөшүү үчүн зарыл мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Куралды көзөмөлдөө АКШда күн тартибинде узактан бери турган маселе. Анын сатылуусун тескеген мыйзамды катаалдаштыруу демилгелери ар бир кандуу окуядан кийин көтөрүлөт.
Коннектикут штатынан шайланган демократ сенатор Крист Мерфи демилгенин турмушка ашпай жатканы үчүн Конгрессти күнөөлөдү:
- Мындай нерсе АКШдан башка жерде болбойт. Бул массалык өлтүрүүнүн эпидемиясы. Мектеп артынан мектепке ок атылып жатат. Бул кокустуктун, жолу болбогондуктун эмес, биздин чара көрбөгөнүбүздүн кесепети. Буга биз жоопкербиз.
Статистика боюнча Кошмо Штаттарда куралдын эркин сатылышына байланышы бар окуялардан жылына отуз миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылат.
Everytown for Gun Safety (Ар бир шаарча курал коопсуздугу үчүн) деген уюмдун эсебинде, быйыл АКШнын мектептеринде он сегизинчи ирет ок атылды.