Царнаевдин сот иши башталууда

Бостондогу бир соода борборундагы монитордо Жохар Царнаев тууралуу көрсөтүүдө. 23-апрель, 2013-жыл

Бүгүн АКШда Бостон бомбалоосу боюнча сот иши башталууда. Жохар Царнаев 2013-жылдагы бомба жардыруусундагы үч кишинин өлүмү үчүн күнөөнү өзүнө алуудан баш тарткан.

2013-жылы 15-апрелинде Бостон марафонунда оозу бекем бекитилген эки мискей жарылганда үч киши өлүп, 260 чактысы жараат алган эле.

Жардыруу үчүн шектелген Жохар Царнаев адамдын өмүрүн кыюунун мындай кыянат жолун интернеттен, "ал-Каиданын" Йемендеги жолдоочулары чыгарган журналдан үйрөнгөнүн айткан.

Эл аралык масштабдагы тынчтык максаттагы спорт иш-чарасындагы бул кан төгүүдөн кийин АКШнын президенти Барак Обама Бостон, бир акындын сөзү боюнча, кудайдын мээри түшкөн шаар экендигин белгилеп, майрам кан булоонго айланганын, бирок америкалыктар Бостондун кайрадан куттуу шаарга айланышына аракет кылаарын айткан эле.

Бүгүн башталып жаткан сот мына ошол аракеттердин уландысы, күнөөлүүнү таап, аны жазалап, акыйкаттыкты орнотуу далалатындагы орчундуу окуя болуп саналат.

Бостондогу жардыруудан кийин, 15-апрель, 2013-жыл

Бүгүн алды менен судьялар тандалаары кабарланууда. 3-январда сот Царнаевдин адвокатынын сот ишин кийинкиге калтыруу же аны Бостондон башка жакта өткөрүү сунушун чекте каккан эле.

АКШнын жарандыгын алган Жохар Царнаев марафондогу бомбалоодо үч кишинин өлүмү жана 260тан ашык адамдын жарадар болушу үчүн күнөөнү өзүнө алуудан баш тарткан.

Түбү Түндүк Кавказдан болгон Царнаев күнөөлүү деп табылса, өлүм жазасына кесилиши мүмкүн. Прокурорлор азыр 21 жашка караган Царнаев жана Кыргызстандын жараны болгон агасы Тамерлан марафон аяктоочу тилкеге жакын жерде жардыргыч мискей салынган баштыктарды таштап кеткен деп айтып келет. Тамерлан Царнаев полиция менен атышууда окко учкан.

Бүгүн АКШнын аймактык соту Жорж О'Тул 12 кишиден турган сот арачыларын тандашы керек. Анын колунда 1200 чакты талапкердин тизмеси бар. Алардын ичинен сот дагы алты арачыны алтернативалык тизмеге киризет.

​Царнаевдин адвокаты бул маселе дагы деле көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылып жаткандыктан, Бостон шаарында бейтарап сот арачысын табуу мүмкүн болбойт деп айтууда.

Бирок судья сот ишин Бостондон башка жакка көчүрүп, же кийинкиге калтыруу үчүн адвокат жетиштүү негиз келтирген жок деп тапты.

Сот арачылары сотто уккандарына гана таянып чечим чыгарышмакчы. Сот Жорж О'Тул ошондой эле өлүм жазасына анча кастарын тикпеген сот арачыларын да тандашы керек болот. Өлүм жазасына Масачусетс штатынын мыйзамдарында тыю салынган. Бирок Царнаевге федералдык айыптар коюлууда.

Бир тууган Царнаевдер марафон учурунда

Царнаевдин бир кездери Кыргызстанда жашаган үй-бүлөсү АКШга жардыруудан 10 жыл мурда көчүп барып, Массачусетс штатынын Бостонго жакын Кэмбриж шаарында жашап калышкан.

Прокурорлордун айтымында, бомбалоодон кийин Бостондун чет жакасындагы үйдүн короосундагы көмкөрүлгөн кайыктын ичинде жашырынып жатканда Царнаев кайыктын капталына жардыруунун саясий максатта жасалганын далилдеген жазуу жазып калтырган.

Соттун маалыматына караганда, ал жазуулардын биринде «АКШнын өкмөтү биздин бейкүнөө жарандарды өлтүрүп жатат» десе, дагы биринде «бир мусулманга кол тийгизсең, баарыбызга оор келет» деп айтылган имиш.

Царневди коргоочулар командасында 20 жылдай почта аркылуу бомба жиберип, үч кишини өлтүргөн, дагы далайын жарадар кылган Тед Качинский, Атланта олимпиадасын бомбалаган Эрик Рудольф, 2011-жылы Аризонада элди туш келди атып, алты кишини өлтүргөн, америкалык мыйзамгерди жарадар кылган адамды коргогон адвокат Жуди Кларк бар.

Жогоруда аталгандардын үчөө тең өлүм жазасынын ордуна өмүрүнүн аягына чейин кесилген.

Ал эми айыптоочулар арасында Масачусетсте "ал-Каидага" көмөк көрсөткөндүгү үчүн соттолгон Тарек Механанын ишинде айыптоочу болгон АКШнын баш прокурорунун жардамчысы Алоук Чакра-варти бар.

Царнаевдин соту үчтөн беш айга чейин созулушу күтүлүүдө.