Трамп илимий чындыкты тандыбы?

Президент Дональд Трамп АКШ Париж протоколунан чыгарын жарыялады. Аталган келишимге абаны булгаган жагынан алдыда турган ондогон мамлекеттер 2015-жылдын 22-апрелинде Парижде кол коюшкан.

Бириккен Улуттар Уюмуна кирген 197 мамлекеттин арасынан Париж протоколуна Сирия менен Никарагуа гана кол койгон эмес. Европалык лидерлер Трампты келишимден чыкпоого акыркы күндөргө чейин көндүрүүгө аракеттенип келишти.

“Америкалыктар климатты коргоо макулдашуусунан жөн эле чыгып кете албайт. Трамп мырза көптөгөн деталдарды жакшы билбейт. Бул процесс көпкө созулмакчы", - деген 31-майда Европа комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкер.

Төрага "Чоң жетинин" саммитинде жетекчилер АКШ президентине муну түшүндүрүүгө аракеттенишкенин айтты.

Соңку жылдары күндүн ысышынан улам Антарктидадагы муздардын тездик менен эрип жатканы айтылып келет.

Юнкердин энергетикалык биримдик боюнча орун басары Марош Шефович Кошмо Штаттардын келишимден ыктымал чыгышы өкүнүчтүү экенин, бирок адам баласынын багытын өзгөртө албайт деп 31-майда билдирген:

- Протоколду аткаруу үчүн экономикалык жүйөлөр бар. Элдин колдоосу да күчтүү. АКШ администрациясынын андан чыгуу жөнүндөгү ыктымал чечимине карабай, акыр-аягында АКШда экономикалык факторлор үстөмдүк кылат деп ойлойм. Бирок Европа лидерлик ролун өзүнө алууга даяр.

1-июнда Орусия менен Кытай да бул маселе боюнча үн катышты.

Берлинде сапарда жүргөн Кытай премьер-министри Ли Кецян Бээжин Париж келишими “глобалдык консенсус экенин жакшы түшүнөрүн, өнүгүп келаткан ири өлкө катары эл аралык милдеттенмелерин аткарууга тийиш экенин” билдирди.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү “АКШ чыкса да, башка өлкөлөрдүн позициялары өзгөрсө да, Кытай макулдашуунун иштеши үчүн Европа Биримдиги менен кызматташарын” белгиледи.

Көмүр кычкыл газынын эмиссиясы боюнча Кытай дүйнөдө биринчи орунда турса, АКШ экинчи сапты ээлейт.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы негизги катышуучуларсыз, анын ичинде АКШсыз, келишим анча эффективдүү болбойт деп комментарийледи.

“Президент Путин конвенцияга Парижде кол койгон. Орусия ага чоң маани берет”, - деди Дмитрий Песков.

Шайлоо кампаниясы учурунда Трамп протоколду катуу сындап, Жердин глобалдык ысышын миф деп атаган жайы бар.

31-майда президент көмүр, мунай, энергетика өнөр жайынын өкүлдөрү, республикачыл партиянын айрым мүчөлөрү келишимден чыгууга үндөп келатышканын билдирди.

Париж протоколу климаттагы глобалдуу өзгөрүүлөргө каршы күрөш боюнча аткарууга милдеттүү алгачкы документ. Ар бир мамлекет зыяндуу газдардын абага бөлүнүп чыгышын азайтуу үчүн зарыл кадамдарды жасоого макул болгон.

Көмүр кычкыл газынын эмиссиясы боюнча Кытай биринчи орунда турат.

Көмүр кычкыл газын мунай, жаратылыш газы жана көмүр менен иштеген электростанциялар жана машиналар бөлүп чыгарат. Окумуштуулар бул газ, метан жана башка заттар атмосфераны булгап, жер шарынын ысышына алып келүүдө дешет.

- Фактыларды алып карасаңар, дүйнө жүзүндөгү жалпы эмиссиянын 15 проценти АКШга туура келет. Демек, абага бөлүнүп чыккан зыяндуу газдардын 85 проценти үчүн калган өлкөлөр жооптуу. Башка мамлекеттердин бардыгы азыркыдай эле Париж протоколун жактап, климаттагы өзгөрүүлөр чөйрөсүндө чогуу иш алып барышса, анда майнап чыгат, - дейт Гринпистин активисти Фаиза Улахсен.

Демократтардын Өкүлдөр палатасындагы лидери Нэнси Пелоси Париж протоколунан чыгуу чоң ката болорун, кеп климат жөнүндө гана эмес Американын глобалдуу лидердик ролу тууралуу жүрүп жатканын билдирди.

Пелоси Трамп илимий чындыкты танганын, айлана-чөйрөнү булгагандардын кызыкчылыктарын коргогонун, муну менен улуттук жана глобалдуу коопсуздукка коркунуч жаратканын сындаган.

Бирок президент келишим экономика триллиондогон доллар жана миңдеген жумуш орундарынан турарын айтып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.