500 чакырымдан 5500 чакырымга чейинки, тагыраагы кыска жана орто аралыктагы бутаны ата алчу баллистикалык жана канаттуу ракеталарды жок кылуучу, андан тышкары келечекте өндүрбөөнү жана сынабоону милдеттендирген келишим 1987-жылы жетишилген.
Советтер союзунун башкатчысы Михаил Горбачев менен Кошмо Штаттардын президенти Рональд Рейган кол койгон ал келишим «тарыхый» деп бааланат.
Бирок быйыл 2-августта АКШ да, Орусия да ал келишимден чыгып кетишти.
Андан жарым ай өтпөй, 18-августта АКШ Коргоо министрлиги - Пентагон жаңы, канаттуу ракетасын сынаганын жарыялаган. Калифорниядагы Сан-Николас аралынан атылган ракета 500 чакырым учуп, бутага таамай тийген. Ракета боюнча отуз жыл мурда түзүлгөн келишим буга жол бермек эмес.
Улуттар Уюмундагы жыйында Орусиянын өкүлү Дмитрий Полянски Вашингтонду эки жүздүүлүккө айыптады. Келишимден чыгып-чыга электе эле Вашингтон ракетасын сынаганын, бул мурдатан камылга көрүп келгенин туюндурарын билдирди:
"АКШнын геосаясий амбицияларынан улам баарыбыз эч кандай көзөмөлдөй да, жөндөй да албай турган жарыша куралданууга бир кадам калганыбызды түшүнүп турасыңарбы? Мисалы, бизди мындай болочок абдан түйшөлтөт. Ал эми америкалык кесиптештерим үчүн андай эмес окшойт. Эмнеси болсо да президент Дональд Трампка ишенсек, Америка жарыша куралданууга даяр. Анткени материалдык, техникалык жактан кайсы гана потенциалдуу атаандашы болбосун озуп өтүүгө даяр экен", – деди Орусиянын Улуттар Уюмундагы элчисинин орун басары Дмитрий Полянски.
Ал эми АКШ тарап Орусия он жылдан ашуун убактан бери эле аталган келишимди бузуп, 500 чакырымдан да ыраак уча алчу ракеталарын сынап келатат деп айыптап келген. Бул ирет да Кошмо Штаттардын Улуттар Уюмундагы элчисинин милдетин аткаруучу Жонатан Коэн бир нече орусиялык канаттуу ракета Европаны бутага алып орнотулганын белгиледи.
Трамптын администрациясы Архангелск облусундагы аскер полигонунда болгон жарылуу тууралуу кенен маалымат, түшүндүрмө берүүнү Москвадан талап кылып келет. 8-августтагы ал жарылуу беш инженердин өмүрүн алган. Ушундан соң аймактагы радиация ченемден ашып, айлана-чөйрөгө терс таасир эткенин эл аралык эксперттер айтып чыгышкан. Орусиянын президенти Владимир Путин авария куралдануу системасын сыноо учурунда болгонун айтуу менен чектелип, “коопсуздук маселесинен улам” бардык маалыматты ачыкка чыгара албасын билдирген.
“Ал эмне болгон система жана кандай максатка кызмат кылат?” деп такыды АКШ өкүлү 22-августтагы жыйында.
Мындан тышкары АКШ Кытайга да кине коюп келет. Жонатан Коэн кыска жана орто аралыкка атылчу ракеталарды жок кылуу келишими АКШнын колун байлап турган жылдары Бээжин ракеталык потенциалын өнүктүрүп келгенин билдирди. Анын айтымында, Кытайда кыска жана орто аралыктагы бутаны жок кыла алчу 2000ге чамалуу ракета бар.
"Орусия менен Кытайдагы бул окуялар алардын агрессивдүү жүрүм-туруму менен айкалышып, коопсуздук жагдайын начарлаткан негизги факторлордон болууда. Кошмо Штаттары бул чындыкка көз жуумп кое албайт. Биз кол куушуруп отурбайбыз. Өзүбүздүн, өнөктөштөрүбүздүн жана тилектештерибиздин коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл чараларды көрөбүз. Ал алдыбыздагы проблемаларга каршы аракеттенүү системаларын иштеп чыгуу жана сыноо", - деди Жонатан Коэн.
НАТОго мүчө Европа өлкөлөрү да Кошмо Штаттарын колдоого алып, Орусияны айыптап жатат. Франциянын Улуттар Уюмундагы элчисинин орун басары Анн Геген “жаңы жарыша куралданууну баштоо коркунучтуу кадам” деп сыпаттады.
"Жарыша куралдануу" деген түшүнүк Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Батыш өлкөлөрү жана СССР ортосунда башталган "Кансыз согуш" доорунда жаралган. Тараптардын бири-биринен аша жөнөкөй да, өзөктүк да куралдарды жасап, сыноосу үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келет деген чочулоону пайда кылган.
"Кансыз согуш" 1989-жылы бир канча келишимдердин негизинде аягына чыкты деп жарыяланган. Ал келишимдердин бири жогоруда сөз болгон кыска жана орто аралыкка атылчу ракеталарды жок кылуу келишими эле.