Ооганстанда апийимдин түшүмү азайды

Ооганстандын Нангархар провинциясындагы апийим талаасы. 17-апрель, 2018-жыл.

Ооганстанда быйыл апийимдин түшүмү азайды. Улуттар Уюмунун Маңзат жана кылмыштуулук боюнча кеңсесинин эң соңку иликтөөсү мына ушуну көргөздү.

Түшүмдүн азайышы менен бирге Ооганстандын өзүндө апийимдин баасы да арзандаган. Бирок БУУнун эксперттери бул кырдаал оң жагына өзгөрдү дегенди билдирбей турганын да эскертишти.

Улуттар Уюмунун Маңзат жана кылмыштуулук боюнча кеңсеси 19-ноябрда жарыялаган жаңы иликтөөгө караганда, былтыр Ооганстанда апийим 328 миң гектар жерге эгилсе, быйыл 263 миң гектарга түшкөн.

Натыйжада апийимдин дүң жыйымы да азайып, былтыркы 9000 тоннадан быйыл 6300 тоннага ылдыйлады:

- Биз аныктагандай, апийим айдалган аянттын аймагы 20%, ал эми өндүрүлгөн апийимдин көлөмү 29% азайды. Апийим эгилген аянттын жана дүң түшүмдүн азайганы көбүнесе Ооганстандын түндүгү менен батыш бөлүгүндөгү кургакчылыкка, ошондой эле апийим баасынын арзандап кеткенине да байланыштуу болду, - деди 20-ноябрда Вена шаарынан “Азаттыкка” БУУнун Маңзат жана кылмыштуулук боюнча кеңсесинин эксперти Иримград Цайлер.

Улуттар Уюмундагы адистердин эсептери ошондой эле апийимдин түшүмдүүлүгү да быйыл былтыркыга салыштырмалуу 10% ашуунга төмөндөп, гектарына орточо 24,4 килограммдан айланганын, ага катар Ооганстандын өзүндө кургак апийимдин дыйкандардын колунан сатылган баасы да арзандап, килограммы орточо 94 долларды түзүп калганын көргөзүүдө.

Нангархарда апийим талаасын талкалоо аркети. 10-апрель, 2018-жыл.

Бирок апийимдин түшүмүнүн азайышы жана баасынын арзандашы, аймактагы жана дүйнөдөгү кырдаалды оң нукка бурат дегенди билгизбейт:

- Апийим эгүү жана өндүрүү азыр дагы рекорддук чекте. Мунун быйылкы көрсөткүчтөрү деле биз системалуу мониторинг жүргүзө баштагандан берки экинчи эң жогорку деңгээлде турат. Былтыркы түшүмдү кошкондо азыр базарга чыгарылып жаткан апийим менен героин жетиштүү көлөмдө. Баанын түшкөнүн мына ушул себеп менен түшүндүрүүгө болот. Базарда кандайдыр бир таңсыктык жаралганынын белгилери байкалган жок. Андыктан быйыл апийимдин түшүмүнүн азайышы кырдаалга оң таасирин тийгизет деп айтыш кыйын. Анткени, алдыда айтканымдай былтыркы, рекорддук көрсөткүч болгон жылдагы түшүм али да базарда сатылууда. Демек, Ооганстандын айланасындагы өлкөлөрдү карай жөнөтүлгөн героиндин көлөмү өсөрүн жокко чыгарууга болбойт. Апийим баасынын түшкөнү менен катар героиндин баасы да арзандашы мүмкүн. Мындай жагдай балким героин ташууну күчөтүп, героин колдонгондордун санын көбөйтөт деген коркунуч бар, - деп эскертти “Азаттык” менен маегинде БУУнун эксперти Иримград Цайлер.

Адис кошумчалагандай, былтыркы иликтөө Ооганстанда өндүрүлгөн апийимдин кеминде 50% өлкө ичиндеги лабораторияларда героинге айландырыларын аныктаган.

Ооганстандын Баглан провинциясында аткезчилерден алынган апийим. 16-ноябрь, 2018-жыл.

Быйыл сентябрда Улуттар Уюмунда, Башкы ассамблеянын быйылкы сессиясынын башталышында “Дүйнөнүн маңзат көйгөйү боюнча глобалдык аракет” деп аталган жыйын өтүп, аны Кошмо Штаттар менен бирге 31 мамлекет уюштурган.

Жыйын соңунда АКШ даярдаган билдирүүгө 129 өлкө кол коюп, алдыда мыйзамсыз маңзаттарга каршы суроо-талапты азайтуу үчүн аракеттенүүнүн улуттук пландарын иштеп чыгууга убада беришкен.

БУУдагы кеңешмеде маңзат көйгөйү дүйнөдө мурдагыдан да күчөп кеткени айтылып, баш катчы Антониу Гутерреш кырдаалды “кооптуу” деп мүнөздөгөн:

Антонио Гутерреш

- Акыркы жылдары маңзат колдонгону үчүн дарыланууга муктаж адамдардын саны 31 миллионго жетти. Ашыкча дозаны пайдалангандан же маңзатка байланышкан илдеттерден жылына 450 миңдей кишинин өмүрү кыйылат. Дүйнөдө маңзат колдонгон ар бир алты адамдын бирөө бир ирет пайдаланганда эле дарыланууга муктаж болот. Аялдар арасында бул көрсөткүч мындан да төмөн. Бул комплекстүү көйгөйдү чечүү үчүн эки чөйрөдө жигердүү аракеттер керек. Биринчиси - аткезчиликти жана адамдын азабынан киреше тапкандардын түйүнүн талкалоо, экинчиси - муктаждарды дарылоону камсыздоо.

Улуттар Уюмунун Маңзат жана кылмыштуулук боюнча кеңсесинин быйыл июндагы баяндамасына караганда, дүйнөдө азыр жыл сайын баңгизатты кеминде бир жолу колдонгондордун саны 275 миллиондун тегерегинде. Бул 15-64 жаш курактагы дүйнө калкынын болжол менен 5,6% түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.