АКШдагы теракт грин-карттын жолун бууйбу?

АКШда президент Дональд Трамп иммигранттардын бул өлкөгө келип, туруктуу жашоосуна уруксат берген грин-карттын ээсин лотерея менен аныктаган программаны токтотууну көздөп турат.

Ал арада америкалык прокурорлор Нью-Йоркто сегиз адамды мерт кылган өзбекстандык Сайфулло Саиповго терроризм боюнча айып тагышты. Президент Трамп аны Гуантанамо түрмөсүнө жөнөтүүнү караштырып жатканын да билдирди.

Америкалык тергөөчүлөр азыр Нью-Йорк шаарында 2001-жылдын 11-сентябрындагы ири чабуулдардан бери теракт деп бааланган алгачкы кол салууну жана 29 жаштагы өзбекстандык Сайфулло Саиповду кылмышка эмне түрткөнүн тыкыр иликтөөгө аракеттенишүүдө.

Нью-Йорктогу кол салуу артынан эле иммигранттарды текшерүү боюнча буга чейин да катаалдашкан чараларды күчөтүүнү буюруганын жарыялаган президент Дональд Трамп Ак үйдөн сүйлөгөн кезинде анын администрациясы лотерея менен ойнотулуучу грин-карт виза программасынан баш тартууну көздөп жатканын төмөнкү жүйөлөр менен негиздеди:

Трамптын бюджет сунушу сынга кабылды

Трамптын бюджет сунушу сынга кабылды

АКШ президенти Дональд Трамптын тышкы жардамга, дипломатияга бөлүнгөн акчаны кыскартуу планы сын жана тынчсыздануу жаратты.

- Мен бүгүн лотерея программасын токтотуу жараянына кириштим. Конгресстен бул программадан арылуу боюнча ишти чукулунан баштоону да суранам. Көп түрдүү лотерея абдан жагымдуу угулат, бирок бул жакшы эмес. Биз буга каршыбыз. Бизге адамдар өлкөбүзгө сиңирген эмгегинин негизинде келген программа керек. Биз чынжырланган миграциядан арылууну каалайбыз. Бул адамды эмне деп атабагыла, артынан башка кишилерди да алып келген.

1990-жылы күчүнө кирген мыйзам боюнча америкалык грин-картты лотерея аркылуу жылына 50 миңге чейин адам утуп алат.

АКШ бийликтери аныктагандай, 31-октябрда Нью-Йоркто жүк ташуучу автоунаа менен койдурганда сегиз адамды өлтүрүп, ондон ашуун кишини жарадар кылган Сайфулло Саипов АКШга мына ушундай грин-карт менен 2010-жылы барган экен.

Өзбекстандын расмий эсеби боюнча 2007-2015-жылдар аралыгында грин-карт лотереясына катышкандардын саны 12 эсе өсүп, 119 миңден 1 миллион 387 миңге чейин жеткен.

Муну жергиликтүү байкоочулар Өзбекстанда адамдарды америкалык грин-карт лотереясына катышууга үндөгөн ортомчу фирмалардын көптүгү менен да түшүндүрүшөт.

32 миллион калкы бар Өзбекстандан грин-картты жылына орто эсеп менен беш миңдей адам утуп алат, булардын 3-3,5 миңи Самарканд шаарынын тургундары. Бирок АКШга алардын текшерүүлөрдөн өткөндөрү гана бара алат.

Дональд Трамп

Ал эми камактагы өзбекстандык 1-ноябрда сотко алынып барылып, Нью-Йорктун райондук прокуратурасы ага терроризм боюнча расмий айып такты:

- Cаиповдун кол салуусунан 24 саат өткөндөн кийин ага терроризм боюнча федералдык айып койдук. Ал эки пункт боюнча айыпталып жатат. Биринчиси - террористтик уюмга материалдык колдоо көргөзгөнү. Бул “Ислам мамлекети” тобу. Экинчиси - кыянатчылык жана бир нечеге өлүмгө себепкер болушу, - деди прокурор Жун Ким.

Президент Трамп болсо Саиповду “террорчу”, “айбан” деп атоо менен өлүм жазасына тартууга чакырган.

Ал ошондой эле Саиповду Кубанын Гуантанамо аралында, террорчу катары айыпталган чет элдиктер кармалып келген түрмөгө жөнөтүүнү караштырып жатканын да ачыктады.

Кылмышка шектүүнүн адвокаты Дэвид Паттон мындай дейт:

- Бул ишке абдан чоң көңүл бурулуп турганын, алдыда дагы буруларын эске алганда мен соттук жараяндын жүрүшүнө мүмкүнчүлүк берилет деп үмүттөнөм. Азыркы иште бул өтө маанилүү. Сот жараянда Саипов мырзага кандай мамиле кылганыбыз, анын эмес, биздин ким экенибизди көбүрөөк көргөзөт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өз тарабынан Сайфулло Саиповдун ишин тергөөдө АКШга көмөктөшүүнү убада кылды. Өзбек коопсуздук кызматындагы булактар “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна Ташкентте Саиповдун ата-энеси, карындашы суракка алынганын ырасташты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.