Америкалык медианын кабарларына караганда, президент Дональд Трамп АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин санын аныктоо боюнча ыйгарым укукту 13-июнда коргоо министри Жим Мэттиске берди.
Бирок президент Трамптын администрациясы ушул аптада Сенат комитетиндеги жыйында Ооганстан боюнча стратегиясын али аныктай албай жатканы үчүн сынга алынды.
Коргоо министри Жим Мэттис Сенат мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип Кошмо Штаттар ооган согушунда ута албай жатканын моюнга алды жана жаңы стратегия июль айынын ортосуна чейин даяр болорун маалымдады:
- Биз дал азыркы учурда Ооганстанда жеңишке ээ болгон жокпуз жана муну мүмкүн болушунча тезирээк оңдойбуз. Менимче, биз Ооганстан өздөрү үч нерсени көтөрүшүн сурап жатабыз, бирок өлкөнү коргоону кыйла кеңири карап жатабыз. Биз стратегиянын чоо-жайын силерге июль айынын ортосунда келип айта алабыз.
АКШнын коргоо министри администрацияда Ооганстанга байланыштуу жаңы пландын али жоктугу боюнча сынды “адилет” деп баалап, мунун бир себебин ага НАТОну да катыштыруу аракеттери жүрүп жатканы менен түшүндүрдү.
2011-жылы АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин саны 100 миңден ашкан эле. Азыр Ооганстанда америкалык 8400 гана жоокер калган.
Учурда Пентагон аскерлер санын 3000ден 5000ге чейин көбөйтүүнү караштырып жатканы кабарланууда. Анын бир бөлүгүн НАТОнун башка өлкөлөрү жөнөтүшү мүмкүн.
НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг өткөн айдагы бейформал саммит учурунда Ооганстанда аскерлер санынын көбөйтүлүшү алар согуштук аракеттерге тартылат дегенди билдирбесин, чет элдик күчтөр мурдагыдай эле жергиликтүүлөргө кеңеш берүү, машыктыруу вазийпасын гана аркалай турганын белгилеген.
АКШнын коргоо министри Жим Мэттистин айтымында, алардын жаңы стратегиясында Ооганстандагы согуштун өзүнө гана көңүл бурулбастан, ага “аймактык мамиле” да жасалмакчы.
Кытайдын ортомчулугу
Бул аралыкта Кытай эки коңшу: Пакистан менен Ооганстандын ич ара сүйлөшүүлөрү тездеши үчүн ортомчулук кылары белгилүү болду.
Мына ушул максатта июнь айынын соңунда кытай тышкы иштер министри Ван И Кабул менен Исламабадга барганы жатат.
Бээжиндин бул пландарын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна Пакистандын премьери Наваз Шарифтин тышкы иштер боюнча кеңешчиси Сартаж Азиз ырастады:
- Кытай Ооганстан-Пакистан сүйлөшүүлөрүнө көмөктөшкөнү жатат. Премьер Шариф менен президент Гани Астанада ШКУ саммити учурунда жакшы жолугушуу өткөрүп, эки өлкө бири-бирин күнөөлөгөнүн токтотуп, алга жылып, ишеним орнотууга аракеттенүү зарыл деп табышты. Президент менен премьердин жолугушуусундагы чечим - түшүнбөстүктөр менен чыңалууга карабай сүйлөшүүлөрдү баштап, эки тараптын тынчсызданууларын жөнгө салуучу механизмдерди иштеп чыгуу жөнүндө болду.
Расмий Кабул Исламабадды чек арадан өтүп, Ооганстандын аймагында кол салууларды жасаган согушчан топторду колдойт деп айыптап келет.
Пакистан четке какканы менен ооган бийликтеринде соңку шек саноо Кабулда 31-майда 150 кишинин өмүрүн алган акыркы кол салуудан кийин да жаралды. Андагы ири жардыруу үчүн эч бир топ жоопкерчилик алган эмес.
Мурда Ооганстан, Пакистан, АКШ жана Кытай ортосунда төртилик координациялык топ иштеген эле. Анын максаты - ооган өкмөтү менен Талибан ортосундагы тикелей сүйлөшүүлөргө көмөктөшүү болгон. Бирок топтун иши АКШ бир жылдай мурда Пакистанда Талибандын ошол кездеги лидери молдо Актар Мансурду дрон аркылуу жок кылгандан кийин токтоп калган.
Ооган маселесине ушул күндөрү БУУнун башкатчысы да көңүл бурду. Кабулга бейшембиде күтүүсүз сапар менен барган Антониу Гутерриш качкындар лагеринен кабарчылар берген маегинде буларды белгиледи:
- Биздин бул визиттеги максатыбыз - ооган элине тилектештик көргөзүү жана биздин ишенимибизде бул кризистин аскерий чечими жок экенин айтуу.
БУУ баш катчысынын сапарына тушташ Дүйнөлүк банк Ооганстанга 520 миллион доллар насыя бөлөрү да белгилүү болду. Банктын билдиргенине караганда, бул каражаттын 200 миллион доллардан ашууну качкындарды колдоо боюнча долбоорлорго жумшалат.