АКШ ЮНЕСКОдон чыгууну чечти

АКШ ЮНЕСКОдон 1980-жылдары да уюм саясий максатта колдонулуп жатат деген жүйө менен чыгып кетип, 2003-жылы кайра кошулган.

Тиешелүү катты Мамлекеттик департамент эл аралык уюмга 12-октябрда жөнөткөнү маалым болду. Вашингтон мындай кадамга ЮНЕСКОнун Израилге каршы позициясынан улам барганын түшүндүргөн. Чечим 2018-жылдын соңунда күчүнө кирет.

12-октябрда Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти ЮНЕСКОго кат жөнөтүп, бул уюмдан чыгуу чечимин расмий билдирди. Катта АКШ 2018-жылдын 31-декабрына чейин уюмга мүчө бойдон кала берери, андан кийин байкоочу макамын алганга дилгир экени жазылган.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерттин айтымында бул чечимге баруу оңойго турган жок.

- Бул чечим жеңил кабыл алынган жок. Ал ЮНЕСКОго фундаменталдык реформалар зарылдыгын жана антиизраилдик багыты боюнча АКШнын тынчсызданууларын чагылдырып турат, - деп белгиледи Нойерт.

ЮНЕСКОнун башчысы АКШ бийлигинин чечими боюнча кабатыр экенин билдирди. Ирина Бокова ЮНЕСКО АКШ менен биргеликте буга чейин ишке ашырган долбоорлорду эске салып, Америкадагы бир катар объектилер Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилгенин кошумчалады.

- Мен албетте өкүнүч билдирем. Эсимде, 2011-жылы Кошмо Штаттар уюмга каржы бөлүүнү токтотуп, добуш берүү укугунан ажыраганда эле мен ЮНЕСКО Америкага, Америка ЮНЕСКОго керектигин айткам.

ЮНЕСКОнун башчысы Ирина Бокова.

2011-жылы ЮНЕСКОнун курамына толук кандуу мүчө катары Палестин автономиясы кабыл алынган. Буга каршылык билдирип АКШ бийлиги ЮНЕСКОго каражат бөлүүдөн баш тарткан.

Былтыр күзүндө ЮНЕСКО Египеттин жана Палестинанын сунуштаган резолюциясын колдогон. Ал документте Иерусалимде жайгашкан Храм тоосу палестиндерге караштуу экени белгиленген.

ЮНЕСКОдогу АКШнын өкүлү бул резолюцияга каршы чыкканы менен, Орусия баш болгон бир катар мамлекеттер колдогон. Израилдин ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын президенти Нафтали Беннет уюмдун бул чечимин «акылга сыйбас» деп атап, ЮНЕСКО менен кызматташууну токтотконун жарыялаган.

ЮНЕСКОнун баш кеңсеси Парижде жайгашкан.

Быйыл 7-июлда ЮНЕСКО Дүйнөлүк мурастардын тизмесине Израилдеги Хеврона эски шаарын жана Патриархтардын үңкүрүн палестиндердин атынан киргизген. Бул чечим Израилдин да, АКШнын да кыжырын келтирген. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул тарыхты бурмалоо деп атаган.

- ЮНЕСКО Хеврондогу Патриархтардын күмбөзүн палестиндердин Дүйнөлүк мурасы катары жарыялады. Бул жалган маалыматтан да жаман, бул тарыхты бурмалоо.

2017-жылдын октябрь айында америкалык Foreigh Policy басылмасы АКШ уюмдун антиизраилдык чечимдерине каршылыгын билдирип, ЮНЕСКОдон чыгуу боюнча расмий билдирүүсүн жасоого даяр экенин жазган.

Улуттар Уюмунун билим, илим жана маданият суроолоруна жооп берген агенттиги - ЮНЕСКО 1945-жылы негизделген. АКШ ЮНЕСКОдон 1980-жылдары да уюм саясий максатта колдонулуп жатат деген жүйө менен чыгып кетип, 2003-жылы кайра кошулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.