Кийинки жылдын 1-январынан Пан Ги Мундун ордун басчу кишини тандоого Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү гана эмес, калган мамлекеттер да активдүү катышмакчы. Бул ирет баш катчылыкка чыгыш европалык талапкер жана аял шайланышы мүмкүн деп болжолдонууда.
Алгачкы жолу тарыхта дүйнөдөгү эң чоң жана абройлуу уюмду жетектей турган адамдын талапкерлиги ачык талкууланып жатат. Өткөн жылдын декабрында Башкы ассамблеянын жана Коопсуздук кеңешинин төрагалары бардык 193 мүчө мамлекетке кайрылуу жолдоп, Баш катчылыкка өз талапкерлерин сунуш кылууга үндөшкөн.
Учурдагы баш катчы, Түштүк Кореянын мурдагы тышкы иштер министри Пан Ги Мундун кызматтагы экинчи беш жылдык мөөнөтү 31-декабрда соңуна чыгууда жана эреже боюнча ал үчүнчү ирет ат салыша албайт.
Улуттар уюмунун уставында жетекчи Коопсуздук кеңеши тарабынан көргөзүлүп, Башкы ассамблеяда колго салынып, жактырылары айтылган.
Буга чейин баш катчынын талапкерлиги Коопсуздук кеңешине кирген туруктуу беш мүчө – АКШ, Британия, Кытай, Орусия жана Франциянын жашыруун кеңешүүлөрүнөн кийин шайланып келчү. Албетте ал өлкөлөр деле чоң таасирге ээ болушмакчы. Бирок бул жолу калган мамлекеттер да жаңы жетекчини иргеп алууда мурдагыдан активдүү роль ойношот деп күтүлүп жатат.
12-апрелде угуулардын алгачкы күнүндө азыркыга чейин берилген сегиз талапкердин үчөө Башкы ассамблеянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти. Атап айтканда бейпилдик күчтөрүнүн аскерлери сексуалдык ыдык көргөзгөн жагымсыз окуялар, кубаттуу өлкөлөрдүн кысымына туруштук берүү маселелер боюнча позицияларына кызыгышты.
Талапкерлердин бири Качкындар боюнча мурдагы жогорку комиссар Антонио Гутеррес уюмдун мындай ачык-айкындуулугун кубаттап, шайланып калса, терс көрүнүштөрдү алдын алууга артыкчылык берерин белгиледи:
- Биз ресурстарыбыздын 70 процентин тынч эмес аймактардагы бейпилдикти камсыздоого сарптайбыз. Климаттагы өзгөрүүлөр кандай таасир этип жатканына күбө болуп келатабыз. Дүйнөнүн көп бөлүктөрүндө өнүгүү жок, теңсиздик өкүм сүрүп, кайсы бир катмарлардын, азчылыктар коомдук турмуштун сыртында калууда.
Уюмдун 70 жылдык тарыхындагы сегиз баш катчы тең жалаң эркектер болчу. Бир да жолу уюмду Чыгыш Европанын өкүлү жетектеген эмес. Байкоочулар дал ушул фактор жаңы баш катчыны шайлоодо чечүүчү ролду ойношу мүмкүн деп айтып келатышат.
Гутеррес менен бирге 12-апрелде Монтенегронун тышкы иштер министри Игорь Лукшич жана ЮНЕСКОнун башкы директору, болгариялык Ирина Бокова өз программаларын сунуш кылышты.
Талапкерлердин тизмесинде ошондой эле Македониянын жана Хорватиянын мурдагы тышкы иштер министрлери Срджан Керим жана Весна Пучич, Словениянын экс-президенти Данило Турк жана Молдованын мурдагы тышкы иштер министри Наталия Герман бар.
Акыркы кезде Улуттар уюму глобалдуу саясий арбитрдин, эл аралык мамилелердин стабилдүүлүгү үчүн жооп берген негизги институттун ролун аткара албай жатат деген сынга кабылууда. Байкоочулар уюмдун ишмердиги анын жетекчисине, аброюна көз каранды дешет. Бул жагынан алганда жаңы баш катчыны шайлоо өтө маанилүү болмокчу.