Гаага соту Воислав Шешелди актады

Воислав Шешел

БУУнун эл аралык трибуналы 31-мартта Серб радикал партиясынын мурдагы лидери Воислав Шешелди бардык айыптар боюнча актады.

Шешел өткөн кылымдын 90-жылдары 130 миң адамдын өмүрүн кыйган Балкан согушу кезинде оор кылмыш жасаган деп, тогуз берене менен айыпталган эле. Сот анын бири да далилденбегенин маалымдады. Хорватия өкмөтү сот чечимин “уят” деп сыпаттады. Ушундай эле айыптар коюлган босниялык сербдердин экс-лидери Радован Каражич өткөн аптада 40 жылга камалган.

Гаага сотунда өзүн актаган отурумга Воислав Шешел катышкан жок. Бирок чечим чыккандан соң маалымат жыйынын уюштуруп, бул окуяны укуктуу жападан жалгыз кадам деп сыпаттады. Андан интервью алганы ондогон журналисттер келишти.

- Мен балким жазадан кутулган чыгармын. Бирок менин жазага тартылышымды күткөндөр бар. Алар - серб элинин душмандары. Андайлар Сербияда да, башка мамлекеттерде да бар. Менин эркиндикке чыгышым аларды тынчыздандырат,- деген Шешел буга чейинки соттор серб элине каршы чечимдерге көбүрөөк басым жасаганын кошумчалады.

Гаага сотунун бейшемби күнкү отурумунда судья Жан-Клод Антонетти Воислав Шешелге тагылган тогуз айып боюнча далил табылбаганын айтып, Шешелди мындан ары эркиндиктеги адам деп жарыялады:

- Бул актоо менен Шешелге коюлган тогуз пункт боюнча айыптоолор алынып салынат. Аны камоо боюнча 2015-жылдын 17-июнундагы ордер бир топ талаш жаратты. Воислав Шешел мындан ары эркиндиктеги адам болуп саналат.

61 жаштагы Шешелге адамзатка каршы кылмыш боюнча үч, аскерий кылмыш жасоо боюнча алты айып тагылган эле. Ал 1990-жылдары Балкан согушу кезинде аскерий кылмыш жасаган деп айыпталган. 2003-жылы Гаага сотуна өз ыктыяры менен келген. Айыптоочу тарап аны 28 жылга эркинен ажыратууну сурап, бирок сот иши созулуп кеткен. 2014-жылы ден соолугуна байланыштуу "адамгерчилик негизде" түрмөдөн бошотулган. Былтыр аны кайра камоого ордер берилген эле.

1990-жылы Югославиянын жети мамлекетке бөлүнүүсүнөн кийин чыккан согуш 130 миңдей адамдын өмүрүн алган. Шешел ал кезде “Улуу Сербия” кыймылын уюштуруп, улуту серб эмес он миңдеген кишилерди “өлкөдөн чыгарган, өлүмгө дуушар кылган” деп сындалып келген.

Хорватия премьер-министри Тихомир Орескович Шешел боюнча чыгарылган сот өкүмүн “шермендечилик” деп атап, бул актоо боюнча терең иликтөө жүрүшү зарылдыгын журналисттерге билдирди:

- Шешел зөөкүрлүк жасаган, бирок күнөөсүн жашырган, - деди Орескович.

Хорватия парламентинин өкүлү Андрей Пленкович да мындай чечимге камтамачылыгын билдирип, апелляциялык арыз жазыларына үмүт артып турганын кошумчалады.

Согушта жабыркагандар “Шешел оор кылмыштарды жасаганына күбө болушканын” айтып, сот чечими аларга күтүүсүз болгонун билдиришүүдө.

Ал эми Шешелдин тарапкерлери сот чечимин кол чабуу менен тосуп алышты.

Сербиянын союздашы саналган Орусия Гаага сотунун чечимин кубаттады. Орус өкмөт башчысынын орун басары Дмитрий Рогозин “Досумду жеңиши менен куттуктайм. Ар кандай маскаралоого тушуккан анын түрмөдөгү жашоосу бүттү” деп билдирди.

Воислав Шешел акталардан бир жума мурун ошол эле Гаага соту Югославия боюнча босниялык сербдердин экс-лидери, 70 жаштагы Радован Каражичти 40 жылга камоого өкүм кылган. Ал Сребреницадагы геноцид жана Балкан согушу маалында адамзатка каршы кылмыштарды жасаган деген айыптар менен күнөөлүү деп табылган.

Сребреницадагы мусулман эркектердин өлтүрүлүшү Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы эң ырайымсыз кыргын деп таанылган.