Трамптын чечими Кремлди өкүндүрдү

АКШ президенти Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин.

Кремл АКШ президенти Дональд Трамптын президент Владимир Путин менен кездешүүдөн баш тартканына өкүнөрүн билдирди.

"Жолугушуудан баш тартуу маанилүү эл аралык жана эки тараптуу маселелени талкуулоо белгисиз мөөнөткө жылдырылат дегенди билдирет", - деди орус мамлекет башчысынын маалымат катчысы Дмитрий Песков 30-ноябрда.

Ошол эле күнү Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да билдирүү жасады:

Мария Захарова.

- Трамп менен Путиндин кездешүүсүнүн болбой калышынын чыныгы себеби Киев Керч кысыгында баштаган чагым болдубу? Бизге ушундай расмий маалымат жетти жана биз аны кабыл алдык. Бирок бул чындыкка дал келеби? Менимче, реалдуу себепти, жоопту АКШнын ички саясий абалынан издеш керек. Чечимдерди кабыл алууда Кошмо Штаттарда ички процесстер үстөмдүк кылат, - деди тышкы мекеменин басма сөз өкүлү Мария Захарова.

Мындан бир күн мурда Трамп "Чоң жетинин" саммити маалында боло турган сүйлөшүүлөрдөн баш тартууну чечкен. Ал буга Керч кысыгындагы жаңжал себеп болгонун айткан.

- Орусия Украинага кемелерин жана деңиз аскерлерин кайтарып бербей жатканы эске алынды. Ушундан улам Владимир Путин менен Аргентинада пландалган кездешүүдөн баш тартуу бардык тараптар үчүн жакшы болот деп ойлойм, кырдаал жөнгө салынгандан кийин маанилүү саммит болоруна ишенем, - деп жазды Трамп "Твиттерге" "Чоң жыйырманын" жыйынына аттанып жатып.

Өткөн аптанын соңунда орус куралдуу күчтөрү Кара деңизде жүргөн украиналык кемелерди ракеталардан аткылап, 24 деңиз аскерин кармап кеткен. Окуя Орусия 2014-жылы мыйзамсыз аннексиялап алган Крым жарым аралынын жанында болгон.

Москва украин кемелери жарым арал менен Орусияны бөлгөн кысыктан "уруксаты жок" өткөнүн билдирген.

Керч кысыгында кармалган украиналык кемелер.

Киев болсо деңизде сүзүү мыйзамдарын карманганын айтууда.

Ошондон кийин Украинанын айрым жерлеринде аскердик абал киргизилген жана президент Петро Порошенко өлкөсүн коргоо үчүн НАТОну Азов деңизине кемелерин жөнөтүүгө чакырган.

Кремлдин маалымат катчысы Песков "НАТОнун аскер кемелерин Азовго жайгаштыруу өтүнүчү чыңалууну күчөтөт, Порошенко шайлоо алдындагы ички саясий максаттарды көздөйт" деп комментарий берди.

Крымдын Орусия орноткон бийлиги жума күнү ТАСС агенттигине билдиргендей, деңизде кармалган украиналык аскерлер Москвага которулду.

Аптанын башында Орусия көзөмөлдөгөн Симферополдун соту кармалган 15 аскерди сотко чейин эки ай камакта калтырууга чечим чыгарган. Бул өкүм эл аралык коомчулуктун украиналыктарды бошотуу чакырыгына карабай кабыл алынды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.