Украинада жикчилдер өзүнчө шайлоо өткөрөт

Жикчилдер жарыялаган Донецк элдик республикасынын жактоочулары. 9-май, 2014-жыл.

Украина бийликтери Орусиянын өлкө чыгышындагы жикчилдер уюштуруп жаткан шайлоону колдогонун “деструктивдүү жана чагымчыл иш" катары баалады.

Донецк менен Лугансктагы жикчилдердин ырастоосунда, 2-ноябрга мерчемделген шайлоодо алар буга чейин жарыялаган “элдик республикалардын” лидерлери жана парламенттери шайланыш керек.

Президент Петро Порошенко 28-октябрдагы билдирүүсүндө жикчилдер пландап жаткан саясий өнөктүктү “псевдо шайлоо” деп атап, ал быйыл Минскте сентябрда жетишилген эл аралык макулдашуулардын жобосуна жана духуна карманча каршы келерин белгиледи.

Жикчилдер Донецк менен Лугансктын өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарда өткөрө турган шайлоону Москва тааный турганын орус тышкы иштер министри Сергей Лавров да 28-октябрда ачыктаган.

Бул аралыкта АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 2-ноябрдагы шайлоо Орусия өзү жана жикчилдер Минск макулдашуусун колдоодо алган милдеттенмелерди ачык бузгандык болоруна токтолду:

- Мен Чыгыш Украинада жергиликтүү деп аталган, Орусия тааный турганын айткан дагы бир шайлоого тынчсызданып турам. Бул Орусия жана жикчилдер Минск макулдашууларын колдогон кезде алган милдеттенмелерге караманча каршы келет. Кошмо Штаттар эл аралык коомчулуктун калган бөлүгү сыяктуу эле бул жикчил шайлоолор украин парламенти кабыл алып, президент Порошенко кол койгон атайын макам жөнүндөгү мыйзамдын алкагында өтпөсө тааныбайт.

Ок атышууну токтотуу боюнча сентябрдан бери утур-утур бузулуп жаткан Минск макулдашууларынан кийин расмий Киев Донецк менен Лугансктын жикчилдер көзөмөлдөгөн бөлүктөрүнө “атайын макам”, үч жылдык мөөнөт менен өзүн-өзү башкарууну сунуш кылган. Украин президенти ошондой эле ал аймактарда жергиликтүү шайлоону 7-декабрга белгилеген болчу.

Донецктеги концертке орус ырчысы Иосиф Кобзон келди. 27-октябрь, 2014-жыл.

Бирок жикчилдердин лидерлери Киев мерчемдеген шайлоо күнүн кабыл албай, өздөрүнчө саясий өнөктүк башташкан.

Алдыдагы шайлоодо жикчилдер жарыялаган Донецк элдик республикасынын башчылыгына бекүүгө умтулуп жаткан Александр Захарченко жакында Новоазовск шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушууда буларды айтты:

- Республикабыз жаңы деңгээлге чыгууда. Биз өзүбүздүн Каржы министрлигибизди жана Салык кызматыбызды түздүк. Эми каражат чогултуп, аны керектөөбүзгө жана муктаждыкка жараша колдонобуз. Азыр Орусия менен чек арабызда үч-төрт өткөөл бекет бар. Ал жерлерде күзөт жайгаштырылып, аларды унаа жана курал менен камсыздайбыз. Чек ара кызматына бир жарым миңдей киши тартылат.

Жикчилдер алдыда “элдик республикалардын” парламенттерин жана лидерлерин шайлайбыз деп жатканын эске алганда андан Украинага кандай саясий кесепет болушу мүмкүн? Бул суроону киевдик саясий талдоочу Виктор Небеженкого жолдодук:

- Эч кандай кесепет болбойт. Мисал менен айтайын. Мындан бир нече ай мурда жикчил күчтөр шайлоодон да маанилүү иш-чараны, Украинадан бөлүнүү жөнүндө референдум өткөрүшкөн. Бирок андан Украинага, жикчилдердин өзүнө да таасир болгон жок. Жикчилдерди аскерий операциялардан сактабады. Андыктан Орусия бул жалган шайлоону тааныган күндө деле,бул Орусия ал республикаларды тааныйт дегенди билдирбейт. Башкача айтканда, Орусия шайлоодон улам бул республикаларды таануу жана өзүнө кошуп алуу боюнча чечим чыгарбайт. Менимче, Орусияга азыр Новороссиянын же дагы бир Приднестровьенин жаралышы эмес, гибриддик согуш жана конфликттин булагы болгону ыңгайлуу.

Киевдик саясий талдоочу Виктор Небеженко жикчилдер 2-ноябрга мерчемдеген шайлоодон улам украин өкмөтү Донецк менен Луганскта 7-декабрга белгилеген жергиликтүү шайлоонун мааниси кетип турганын, ал аймактарга “атайын макам” берүү мыйзамы иштебей калганын кошумчалады:

- Тилекке каршы бул иштебей жатат. Бирок бул жерде биз өзүбүз да кемчилик кетирип койдук. Анткени бул мыйзам Донбасс жаңжалын басууда өзүнүн башкы ролун көргөзгүсү келген Путиндин кысымы астында кабыл алынып, президент тарабынан кол коюлган. Бул мыйзам кандайдыр бир мунаса эле, бирок Путин бул мунасага баруудан да баш тартты.

Жикчилдер мерчемдеген шайлоо Украинадагы парламенттик шайлоодон кийинки учурга туш келип жатат.

26-октябрдагы добуш берүүгө Донецк менен Лугансктын жикчилдер көзөмөлдөгөн аймагынын жашоочулары катыша алган эмес.