Эр уруш: Хабиб Конорду жеңди

Хабиб Нурмагомедов жана Конор Макгрегор.

Таймаштын аралаш түрлөрү боюнча мушкер Хабиб Нурмагомедов атаандашы Конор Макгрегорду жеңди. Ал төртүнчү раундда Конорду муунтуу ыкмасы менен чемпиондукту утуп алды.

Таймашты белгилүү рефери Хёрб Дин тескеди.

Дагестандык (Орусия) Хабиб Нурмагомедов бул утушу менен UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону наамын сактап калды.

Соңунда тарапташтар аралашкан жаңжал чыгып кете жаздап, калыстар, уюштуруучулар ортого түшүп жаатташкан тараптарды ажыратып калды.

Конор дароо эле коштоочулары менен залдан чыгып кетти. Азырынча Хабиб чемпиондук курду ала элек. Бирок жеңүүчү деп жарыяланды.

Экөөнүн мушташы UFC 229 турниринин алкагында 6-октябрда кечинде Лас-Вегаста болду. Бишкек убактысы менен 7-октябрга туш келди. АКШ менен Кыргызстанда убакыттагы айырма - 12 саат.

Эки мушкер 5-октябрда тийиштүү салмак ченемди тапшырган соң, UFC өз сайтында Хабиб – Конор мушташы эми эч тоскоолдуксуз өтөрүн маалымдаган.

Ирландиялык мушкер Конор 70,08 кг, дагестандык Хабиб 70,3 кг салмакта. Экөө тең 30 жашта.

Буга чейин Хабиб Нурмагомедов 26 беттеш өткөрүп, баарын уткан. Конор Макгрегор 21 жолу күч сынашып, үч ирет жеңилген.

Бул беттеш дүйнө элинин көңүл чордонунда болуп, эрежесиз мушташ күйөрмандарынын көпкө күткөн таймашы катары тарыхта калды. Кыргызстандык күйөрмандар арасында да кызуу талкуу болуп, соңку күндөрү социалдык желелерде да эки спортчунун күйөрмандарынын арасында талаш-тартыш жүрүп жатты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин бүйүрүн кызыткан эрөөл

Бийик тоо коюнунда чоңойгондуктан Хабибдин каймана аты “бүркүт”. Анын мушташтагы ыкмасы да бүркүттүкүнө окшош. Кармаган атаандашына чап жабышып, кое бербестен көтөрүп чабат.

Конор Макгрегор болсо Дублиндин көчөлөрүндө чоңойгон. Көйрөң мүнөзү менен белгилүү. Бала чагында куу турмуштун айынан түндө өтчү эрежесиз мушташтарга чыга калып, бир-эки атаандашын томолото чаап жүрүп такшалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.