Анкара күрт лидерин кабыл алды

Режеп Тайып Эрдоган менен Масуд Барзани. Анкара, 9-декабрь, 2015-жыл

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Ирактагы Күрт автономиясынын башчысы Масуд Барзани менен жолугушту.

Анда Түндүк Иракта түрк аскерлеринин жайгашуусуна байланыштуу татаалдашкан жагдайды расмий Багдад менен дипломатиялык жол аркылуу жөнгө салуу маселеси талкууланды.

Анкарадагы бул расмий жолугушууда Түркия жана Ирактыкы менен катар биринчи жолу Күрт автономиясынын желеги илинип турду. Тараптар террорчулукка каршы биргеликте күрөшүү жана аскерий кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында пикир алмашты. Бул расмий жолугушуу Ирак өкмөтү Түркияны өлкөдөн аскерин чыгарып кетүү талабын койгон учурга туура келди.

Кызыкчылыктар кагылышкан учур

Күрт автономиясынын башчысы Масуд Барзанини Түркиянын жетекчилиги бул жолу жогорку деңгээлде кабыл алды. Аны алгач Анкарада Түркиянын өкмөт башчы Ахмед Давутоглы тосуп алып, эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттары талкууланды. Андан соң Масуд Барзани менен президент Режеп Тайып Эрдоган жолугушту. Жолугушууда Ирактагы “Ислам мамлекети” тобу менен биргеликте күрөшүү маселеси көтөрүлдү. Ирактын Түндүгүндө “Ислам мамлекети” тобу менен салгылашып жаткан Күртстандын пешмерга армиясы менен андагы түрк аскерлеринин мындан аркы кызматташтыгы талкууланды. Тараптардын жолугушуусундагы козголгон маселенин өзөгү туурасында толук маалымат ачык жарыяланган жок.

Ошол эле учурда бул жолугушууда Ирактын түндүгүндө жайгашкан Түркиянын үч жүздөн ашуун аскеринин укуктук абалы боюнча маселе талкууга алынганы белгилүү болду. Анткени жакында Ирактын өкмөт башчысы Хайдар ал-Абади Түркияны өлкөнүн түндүгүнө былтыр киргизген аскерлерин тез арада алып чыгып кетүүнү талап кылган болчу. Ирак өкмөтү эгерде аталган талап жакын арада аткарылбаса, анда ал Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешине даттана турганын эскерткен. Буга удаалаш эле Орусиянын Тышкы иштер министрлиги түрк аскерлеринин Иракта уруксатсыз жайгашуусун айыптап чыккан эле. Анын билдирүүсүндө Түркиянын аскерлери Ирактын түндүгүндө турушу аймактагы чыңалууга өбөлгө түзөрү айтылган. Анткен менен ошондо эле Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Анкара Түндүк Ирактан аскерин чыгарбайт деп жооп кайтарган. Бул тууралуу Мевлют Чавушоглу Ирактын тышкы иштер министри Ибрагим ал-Жафари менен телефондук сүйлөшүүсүндө айткан.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 2014-жылы Ирак жетекчилигинин өтүнүчү менен түрк аскерлеринин машыктыруу лагери ачылганын айтып, анда расмий Багдад негедир унчукпаганын белгиледи. Түрк аскерлери Ирактын түндүгүндөгү күрт автономиясынын пешмерга армиясын машыктырат. Андагы түрк аскер машыктыруучуларына коркунуч бар деген негизде Түркия быйыл ноябрь айында ал жакка кошумча аскер киргизген болчу. Анткени машыгуу лагери “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөгөн Мосул шаарына жакын жерде жайгашкан.

Чыңалууну жөнгө салуу кадамы

Күрт автономиясынын башчысы Масуд Барзани Түркиядагы жолугушуунун өзөгү туурасында мына буларды билдирди:

- Мен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен келдим. Иш сапардын учурунда террорчулук менен күрөшүүдөгү Түркиянын ролу тууралуу маселе козголду. Айрыкча биздин аскерлерди мындан аркы машыктыруунун келечеги тууралуу сөз болду. Биз Анкара менен Багдаддын ортосундагы азыр пайда болгон чыңалууну жөнгө салуу үчүн болгон аракетибизди көрөбүз. Бул жерде эч кандай көйгөй болбошу керек. Бул жерде бардыгыбыздын максатыбыз бирөө гана. Ал аймактагы террорчулуктун очогу болгон “Ислам мамлекети” тобу менен күрөшүү.

Анкара менен тыгыз байланыштагы Күрт автономиясынын башчысы Масуд Барзани Анкарадагы эки күндүк иш сапарынын соңунда Түркиянын улуттук чалгындоо уюмуна баш баккан. Анда Масуд Барзани Түркиянын башкы чалгынчысы Хакан Фидан менен жолугушкан. Жолугушууда кандай талылуу маселелер тууралуу сөз болгону ачык жарыяланган эмес. Түркиянын өкмөт башчысы Давудоглы жакында Иракка барып, ортодогу чыңалууну жөнгө салуу маселеси карала турганын билдирди.